БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия көбөйөт. Тийиштүү токтомго премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаровдун айтымында, орто эсеп менен пенсия 516 сомго көбөйүп, 5 517 сомду түзөт. Ошондой эле 5 миң сомго чейин пенсия алгандардыкы 13 пайызга көтөрүлүп, беш миңден жогору алгандардыкы 7 пайызга жогоруламакчы.
Пенсиянын негизги бөлүгү 1-октябрдан тарта 1 780 сом деп белгиленип, ага 280 сом кошулат.
Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 1,05 коэффициент менен индексацияланып, ал 240 сомдон кем эмес көтөрүлөт. Индексациянын коэффициенти инфляция жана былтыркы айлык акынын өсүшүн эске алуу менен эсептелген.
Биринчи топтогу майыптардын жалпы пенсиясынын көлөмү пенсионерлердин былтыркы жашоо минимумунан кем болбойт.