Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Өлкө аймагында жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашты.

Бишкектеги катуу шамалдын кесепети - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги катуу шамалдын кесепети. Көчөдөн алынган сүрөттөр
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Чүй менен Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 16…24, күндүз 24…29 градус ысык болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 26…31 градуска жетиши ыктымал.

Ал эми Нарын менен Ысык-Көлдө 18…23 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0