БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Өлкө аймагында жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Чүй менен Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 16…24, күндүз 24…29 градус ысык болот.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 26…31 градуска жетиши ыктымал.
Ал эми Нарын менен Ысык-Көлдө 18…23 градус жылуу болот.