Быйыл Кыргызстанда жыл башынан бери күйдүргүгө чалдыккан үч киши катталды

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүВрач заполняет историю болезни. Архивное фото
Врач заполняет историю болезни. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл башынан бери аталган илдетке туш болгондордун саны үч кишини түздү, ал эми былтыр 8 адам ооруган.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Быйылкы жылдын алты айынын аралыгында күйдүргү илдетине үч киши чалдыкканын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда Казакстандын Караганда облусунун Шет районунда күйдүргү дартына чалдыккан малдын эти сатылып жатканы жана аны жеген кишилер ооруканага жатып каза болгону тууралуу аудио жазуулар тараган болчу

Кыргызстан-Казакстан чек арасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда тутанган күйдүргүдөн улам кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл күчөдү
Саламаттык сактоо министрлиги менен Жугуштуу оорулар ооруканасы учурда күйдүргү дартына шектелип жаткан бейтаптар катталбаганын, мындай билдирүүлө чагым болушу мүмкүн экенин айткан.

Үч учурдун экөө Оштун Алай районунда катталса, бирөө Сузак районунда экени аныкталган. Ал эми былтыркы жылы күйдүргү менен сегиз киши ооруган.

Үч кишинин экөө ооруну чийки эттен, ал эми бирөө мал союлуп жатканда жуктурган. 

Акыркы беш жыл ичинде күйдүргү дартын жуктуруп алган 49 учур катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0