00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Что делать, если вас обманули в магазине или при покупке онлайн
08:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Климаттын өзгөрүшү, өрт жана малдын зыяны шартында токой чарбасын калыбына келтирүү
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Центр ШОС в Кыргызстане: зачем региону общая борьба с преступностью
10:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кен иштетүү жана экология: талаптарды сактоо жана жоопкерчилик
11:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
13:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Министр: WhatsApp аркылуу күйдүргү боюнча тараган кабар чагымчылдык болушу мүмкүн

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЭтти текшерүү. Архив
Этти текшерүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармак аркылуу тараган маалыматта күйдүргүдөн киши өлгөндүгү айтылып, базарлардан эт сатып албагыла деген чакырыктар болгон. Бирок, анда Кыргызстанда деген сөз айтылган эмес.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Саламаттыкты сактоо министри Талант Батырлиев күйдүргүдөн ооруканада кишилер өлүп жатат деген аудиомаалыматтар ага да келип түшкөндүгүн жана аны текшере келгенде жалган болуп чыккандыгын Sputnik Кыргызстан агенттигине айтты.

Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күйдүргүдөн Казакстандын эки жараны каза болгону айтылууда
Буга чейин WhatsApp аркылуу келген маалыматтарда жугуштуу илдеттер боюнча ооруканага кишилердин түшүп, күйдүргүдөн каза болгондугу, базарлардан эт сатып албагыла деген эскертүү айтылган. А бирок, ал жерде Кыргызстан деген сөз кездешкен эмес.

Министр Батыралиев мындай маалыматтан кийин Бишкектеги жугуштуу оорулар боюнча республикалык ооруканадан тарта бардык ооруканаларды текшерилгендигин, аларда эч кандай күйдүргү жарасы менен жаткан жарандар табылбагандыгын айтты.

"Күйдүргүдөн киши өлдү деген маалыматтар тастыкталган жок. Кыязы, бул коңшу мамлекеттеги абалдан улам чыгып жаткан окшойт. Таратылган маалыматтар чагымчылдык болушу мүмкүн. Учурда тартип коргоо органдары менен биргеликте бул кабар боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатат",— деп Батыралиев билдирди.

Буга чейин Бишкектеги жугуштуу оорулар боюнча республикалык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев күйдүргү боюнча маалыматты төгүнгө чыгарган.

Жылдын башында, январда чочко тумоосу боюнча жогорудагыдай маанайдагы маалымат тарап кеткен. Анда да Саламаттыкты сактоо министри анын жалган экендигин айтып, төгүндөгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0