Сүймөнкул Чокморов элдин чолпон жылдызы, таланттуу уулу эле. Сүрөт ирмемдер
Сүймөнкул Чокморов элдин чолпон жылдызы, таланттуу уулу эле. Сүрөт ирмемдер
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү, уникалдуу талант Сүймөнкул Чокморовдун туулган күнү. Sputnik Кыргызстан кыргыз кино өнөрүнүн залкарынын... 09.11.2026, Sputnik Кыргызстан
Бул адам кудум кино үчүн, экран үчүн жаралгандай эле. Сымбаттуу, таланттуу, харизмасы оргуп турган актер кыргыз кино өнөрүн бийиктикке алып чыккандардын бири болду. Сүймөнкул Чокморов Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чоң-Таш айылында жарык дүйнөгө келген. Бала кезинен сүрөтчүлүккө кызыгып, 14 жашында Фрунзедеги сүрөтчүлөрдүн окуу жайына тапшырып, андан соң 1958-жылы Ленинграддагы Репин атындагы Сүрөтчүлөр институтунун живопись факультетин бүтүргөн. Кийин тагдырдын жазмышы менен кинорежиссер Болот Шамшиевдин "Караш-Караш окуясы" кинофильмине тартылып атагы алыска кетип, элдин жана киночулардын сүймөнчүлүгүнө айланган. Эмгек жолунда актер 20дан ашык образ жараткан. Залкар 52 жашында дүйнө салган.
Бүгүн СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү, уникалдуу талант Сүймөнкул Чокморовдун туулган күнү. Sputnik Кыргызстан кыргыз кино өнөрүнүн залкарынын сүрөттөрүн жарыялайт.
Бул адам кудум кино үчүн, экран үчүн жаралгандай эле. Сымбаттуу, таланттуу, харизмасы оргуп турган актер кыргыз кино өнөрүн бийиктикке алып чыккандардын бири болду.
Сүймөнкул Чокморов Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чоң-Таш айылында жарык дүйнөгө келген. Бала кезинен сүрөтчүлүккө кызыгып, 14 жашында Фрунзедеги сүрөтчүлөрдүн окуу жайына тапшырып, андан соң 1958-жылы Ленинграддагы Репин атындагы Сүрөтчүлөр институтунун живопись факультетин бүтүргөн.
Кийин тагдырдын жазмышы менен кинорежиссер Болот Шамшиевдин "Караш-Караш окуясы" кинофильмине тартылып атагы алыска кетип, элдин жана киночулардын сүймөнчүлүгүнө айланган. Эмгек жолунда актер 20дан ашык образ жараткан. Залкар 52 жашында дүйнө салган.
Үй-бүлөсүн ат арабага салып кетип бараткан Сүймөнкул Чокморов менен атты чылбырынан кармап алган Таттыбүбү Турсунбаеванын сүрөтү 1971-жылы Баткен облусунда тартылган. "Отко таазим" кинокартинасы.
Таланттуу актёр Эргул, Бактыгул аттуу эки уулдун атасы болгон. Чокморов өмүрлүк жары, искусствовед Салима Шабазаны Ленинградда окуп жүргөндө тапкан. Кийинчерээк Бактыгул аттуу уулдуу болушкан.