https://sputnik.kg/20261109/bashky-konsulduk-stambul-marqum-sook-jonotuldu-1104782222.html
Стамбулдагы чыр: кыргыз жараны бычакталып көз жумду, шектүү кармалды
Стамбулдагы чыр: кыргыз жараны бычакталып көз жумду, шектүү кармалды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Түркиянын Стамбул шаарында чыр-чатактын кесепетинен Кыргызстандын жараны каза тапты. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбул шаарындагы... 09.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-09T09:38+0600
2026-11-09T09:38+0600
2026-11-09T09:38+0600
кыргызстан
түркия
жаран
элчилик
консулдук
каза болду
https://sputnik.kg/img/07e5/02/02/1051312134_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_c8d44066a8563e78cf3dedc7df63a3d5.jpg
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Түркиянын Стамбул шаарында чыр-чатактын кесепетинен Кыргызстандын жараны каза тапты. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу билдирди.Маалыматка ылайык, окуя 2026-жылдын 5-ноябрында Стамбулдун Аксарай районунда болгон. Анда Кыргызстандын эки жаранынын ортосунда чыр чыгып, натыйжада 35 жаштагы А.Н. аттуу жаран бычактан алган жаракатынан улам каза болгон. Кылмышка шектүү катары 32 жаштагы В.С. кармалган. Учурда Түркиянын укук коргоо органдары тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө.Окуя боюнча маалымат түшкөндөн кийин Башкы консулдуктун кызматкерлери жагдайды жеринде тактоо үчүн тиешелүү полиция бөлүмүнө барышкан. Дипломатиялык өкүлчүлүк Түркиянын укук коргоо органдары жана жарандардын жакындары менен тыгыз байланышта болуп, Стамбулга келген маркумдун тууганына керектүү консулдук-укуктук жардам көрсөттү.Башкы консулдуктун көмөгү менен маркумдун сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлдү. Аталган маселе мекеменин жеке көзөмөлүндө турат.
https://sputnik.kg/20261028/ispaniya-temir-jol-kyrsygy-3-madrid--1104567516.html
түркия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/02/02/1051312134_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_fcb2473cedff66ae3a59f530c69291ca.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, түркия, жаран, элчилик, консулдук, каза болду
кыргызстан, түркия, жаран, элчилик, консулдук, каза болду
Стамбулдагы чыр: кыргыз жараны бычакталып көз жумду, шектүү кармалды
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Түркиянын Стамбул шаарында чыр-чатактын кесепетинен Кыргызстандын жараны каза тапты. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 2026-жылдын 5-ноябрында Стамбулдун Аксарай районунда болгон. Анда Кыргызстандын эки жаранынын ортосунда чыр чыгып, натыйжада 35 жаштагы А.Н. аттуу жаран бычактан алган жаракатынан улам каза болгон. Кылмышка шектүү катары 32 жаштагы В.С. кармалган. Учурда Түркиянын укук коргоо органдары тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Окуя боюнча маалымат түшкөндөн кийин Башкы консулдуктун кызматкерлери жагдайды жеринде тактоо үчүн тиешелүү полиция бөлүмүнө барышкан. Дипломатиялык өкүлчүлүк Түркиянын укук коргоо органдары жана жарандардын жакындары менен тыгыз байланышта болуп, Стамбулга келген маркумдун тууганына керектүү консулдук-укуктук жардам көрсөттү.
Башкы консулдуктун көмөгү менен маркумдун сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлдү. Аталган маселе мекеменин жеке көзөмөлүндө турат.