https://sputnik.kg/20261103/kr-rf-suularynan-balyk-karmoogo-kvota-surady-1104695332.html
Кыргызстан Россиянын сууларынан балык кармоого квота сурады. Эки долбоор каралды
Кыргызстан Россиянын сууларынан балык кармоого квота сурады. Эки долбоор каралды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Кыргызстан Россиянын аймагындагы суулардан балык уулоого квота берүү маселесинде колдоо күтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин... 03.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-03T20:11+0600
2026-11-03T20:11+0600
2026-11-03T20:11+0600
кыргызстан
россия
балык чарбачылыгы
эрлист акунбеков
николай патрушев
https://sputnik.kg/img/07e6/0b/1a/1070357697_0:162:3063:1885_1920x0_80_0_0_778b3acb88ed66002bedff3d62a918d6.jpg
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Кыргызстан Россиянын аймагындагы суулардан балык уулоого квота берүү маселесинде колдоо күтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы, айыл чарба министри Эрлист Акунбеков РФ өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Дмитрий Патрушев менен жолугушууда билдирди. Министр кыргыз тарап үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон балык чарба тармагында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, аталган багытта Россиянын тажрыйбасы менен мүмкүнчүлүктөрүн жогору баалай турганына токтолгон. Бул багытта биргелешкен эки долбоорду ишке ашыруу каралды: Жолугушууда эки өлкө ортосундагы соода, инвестиция, кайра иштетүү жана айыл чарба тармактарындагы кызматташуунун кеңири чөйрөсү талкууланды. Мындан тышкары, Россиядан Кыргызстандын мал чарба тармагын өкүнтүрүүгө жана анын асыл тукум базасын бекемдөөгө жардам бере турган 20 миң башка чейин бодо мал жеткирүү мүмкүнчүлүгү каралды. Ошондой эки өлкө өкмөттөрүнүн ортосунда Балык чарбасы жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунунун ишке ашырылышы сүйлөшүлүп, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагындагы эки тараптуу соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүүдөгү маанилүүлүгү белгиленди.
https://sputnik.kg/20261008/balyk-toktogul-akunbekov-1104159907.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0b/1a/1070357697_167:0:2896:2047_1920x0_80_0_0_fe3519fd19a39aaae0c94258443b896b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, балык чарбачылыгы, эрлист акунбеков, николай патрушев
кыргызстан, россия, балык чарбачылыгы, эрлист акунбеков, николай патрушев
Кыргызстан Россиянын сууларынан балык кармоого квота сурады. Эки долбоор каралды
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Кыргызстан Россиянын аймагындагы суулардан балык уулоого квота берүү маселесинде колдоо күтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы, айыл чарба министри Эрлист Акунбеков РФ өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Дмитрий Патрушев менен жолугушууда билдирди.
Министр кыргыз тарап үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон балык чарба тармагында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, аталган багытта Россиянын тажрыйбасы менен мүмкүнчүлүктөрүн жогору баалай турганына токтолгон.
Бул багытта биргелешкен эки долбоорду ишке ашыруу каралды:
жылына 78 миң тоннага чейин балык кармоо максатында суудагы биологиялык ресурстарды кармоо жана кайра иштетүү боюнча кыргыз-орус ишканасын түзүү;
2035-жылга карата балык өндүрүшүн 60 миң тоннага чейин көбөйтүп, 1500гө чейин жумуш ордун түзүү үчүн Кыргызстанда аквакультураны өнүктүрүү.
Жолугушууда эки өлкө ортосундагы соода, инвестиция, кайра иштетүү жана айыл чарба тармактарындагы кызматташуунун кеңири чөйрөсү талкууланды.
Мындан тышкары, Россиядан Кыргызстандын мал чарба тармагын өкүнтүрүүгө жана анын асыл тукум базасын бекемдөөгө жардам бере турган 20 миң башка чейин бодо мал жеткирүү мүмкүнчүлүгү каралды.
Ошондой эки өлкө өкмөттөрүнүн ортосунда Балык чарбасы жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунунун ишке ашырылышы сүйлөшүлүп, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагындагы эки тараптуу соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүүдөгү маанилүүлүгү белгиленди.