https://sputnik.kg/20261103/-jamk-moldovanovka-onduurush-tseh-kojoshev-1104685305.html
Молдовановкадагы колонияларда цехтер ачылып, жүздөгөн адам ишке тартылат
Молдовановкадагы колонияларда цехтер ачылып, жүздөгөн адам ишке тартылат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Молдовановка айылындагы № 27 жана № 1 түзөтүү колонияларында тигүү, ширетүү жана эмерек цехтери, ошондой эле стационардык бетон... 03.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-03T15:31+0600
2026-11-03T15:31+0600
2026-11-03T15:38+0600
кыргызстан
молдовановка
абак
цех
тигүү цехи
жумуш
https://sputnik.kg/img/07e7/03/13/1073710621_0:162:3077:1893_1920x0_80_0_0_209dc65c68b875d1150932f87fb08628.jpg
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Молдовановка айылындагы № 27 жана № 1 түзөтүү колонияларында тигүү, ширетүү жана эмерек цехтери, ошондой эле стационардык бетон түйүнү ачылды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан (ЖАМК) билдиришти.Өндүрүш аянтчалары жеке ишкерлердин колдоосу менен ЖАМКга караштуу “Келечек” мамлекеттик ишканасы түзгөн келишимдердин негизинде уюштурулду.Жаңы тигүү цехинде 180ге жакын, ширетүү цехинде 40тай, эмерек өндүрүшүндө 20га жакын, ал эми бетон түйүнүндө 15 соттолгон жаранды жумуш менен камсыздоо мерчемделүүдө. Эмерек цехинде заманбап корпустук эмеректерди чыгаруу жолго коюлду. № 27 мекемеде наабайкана, үч ширетүү жана тигүү цехи, эмерек жайы жана бетон заводу иштеп жатат. Жалпысынан бул өндүрүштөрдө 500дөн ашык соттолгон адам эмгектенмекчи.Мындан сырткары, № 1 колонияда сыртта колдонулуучу электр жабдууларын — электр прожекторлорун чыгарган цех ачылды. Азыркы тапта 25 соттолгон жаран пилоттук режимде өндүрүш процессин өздөштүрүп, окуп жатат. Цех толук кубаттуулугуна чыккандан кийин 50гө чейин соттолгон адамды жумуш орду менен камсыздоо каралган.Даяр продукцияларды мамлекеттик органдар сатып алат. Ошондой эле алар ЖАМКнын өздүк муктаждыктарына колдонулуп, эркин сатыкка да чыгарылат.Соттолгон жарандар эмгеги үчүн айлык акы алышат. Алар бул каражатты үй-бүлөсүнө жөнөтүүгө, доо арыздар боюнча карыздарын төлөөгө жана келтирилген зыяндын ордун толтурууга багыттай алышат.ЖАМК төрагасы Чыңгыз Кожошев өндүрүштү өнүктүрүү соттолгон жарандардын эмгекке болгон кызыгуусун арттырып, кесиптик көндүмдөрдү өздөштүрүүсүнө жана алардын коомго ийгиликтүү аралашуусуна шарт түзөрүн белгиледи. Ал жумуш орундарын түзүүгө көмөктөшкөн ишкерлерге ыраазычылык билдирди.
https://sputnik.kg/20260516/turmodogulor-enelerin-kordu-1101353513.html
молдовановка
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/03/13/1073710621_161:0:2892:2048_1920x0_80_0_0_69a91c92d716867205bae00bdea1c936.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, молдовановка, абак, цех, тигүү цехи, жумуш
кыргызстан, молдовановка, абак, цех, тигүү цехи, жумуш
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Молдовановка айылындагы № 27 жана № 1 түзөтүү колонияларында тигүү, ширетүү жана эмерек цехтери, ошондой эле стационардык бетон түйүнү ачылды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан (ЖАМК) билдиришти.
Өндүрүш аянтчалары жеке ишкерлердин колдоосу менен ЖАМКга караштуу “Келечек” мамлекеттик ишканасы түзгөн келишимдердин негизинде уюштурулду.
Жаңы тигүү цехинде 180ге жакын, ширетүү цехинде 40тай, эмерек өндүрүшүндө 20га жакын, ал эми бетон түйүнүндө 15 соттолгон жаранды жумуш менен камсыздоо мерчемделүүдө. Эмерек цехинде заманбап корпустук эмеректерди чыгаруу жолго коюлду. № 27 мекемеде наабайкана, үч ширетүү жана тигүү цехи, эмерек жайы жана бетон заводу иштеп жатат. Жалпысынан бул өндүрүштөрдө 500дөн ашык соттолгон адам эмгектенмекчи.
Мындан сырткары, № 1 колонияда сыртта колдонулуучу электр жабдууларын — электр прожекторлорун чыгарган цех ачылды. Азыркы тапта 25 соттолгон жаран пилоттук режимде өндүрүш процессин өздөштүрүп, окуп жатат. Цех толук кубаттуулугуна чыккандан кийин 50гө чейин соттолгон адамды жумуш орду менен камсыздоо каралган.
Даяр продукцияларды мамлекеттик органдар сатып алат. Ошондой эле алар ЖАМКнын өздүк муктаждыктарына колдонулуп, эркин сатыкка да чыгарылат.
Соттолгон жарандар эмгеги үчүн айлык акы алышат. Алар бул каражатты үй-бүлөсүнө жөнөтүүгө, доо арыздар боюнча карыздарын төлөөгө жана келтирилген зыяндын ордун толтурууга багыттай алышат.
ЖАМК төрагасы Чыңгыз Кожошев өндүрүштү өнүктүрүү соттолгон жарандардын эмгекке болгон кызыгуусун арттырып, кесиптик көндүмдөрдү өздөштүрүүсүнө жана алардын коомго ийгиликтүү аралашуусуна шарт түзөрүн белгиледи. Ал жумуш орундарын түзүүгө көмөктөшкөн ишкерлерге ыраазычылык билдирди.