https://sputnik.kg/20261031/bishkekte-velosezon-zhabylat-jol-kyimyly-chektoolor-1104636098.html
Бишкекте велосезон жабылат. Мэрия жол кыймылы чектелерин эскертти
Бишкекте велосезон жабылат. Мэрия жол кыймылы чектелерин эскертти
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Бишкекте 8-ноябрда велосезондун жабылышына арналган веложүрүшкө байланыштуу айрым көчөлөрдө кыймыл чектелет. Бул тууралуу шаардык... 31.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-31T19:04+0600
2026-10-31T19:04+0600
2026-10-31T19:04+0600
кыргызстан
бишкек
мэрия
велосипед
жүрүш
жол
айдоочу
эскертүү
https://sputnik.kg/img/07e6/08/11/1066884834_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_f00c281c2ffb46144e5fb8e2de66a056.jpg
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Бишкекте 8-ноябрда велосезондун жабылышына арналган веложүрүшкө байланыштуу айрым көчөлөрдө кыймыл чектелет. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.Маалыматка караганда, веложарыштын катышуучулары саат 10:00дө Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багынан старт алып, 5,4 чакырым аралыкты басып өтүшөт жана "Газпром — балдарга" ден соолукту чыңдоо комплексине чейин барышат.Катышуучуларды каттоо саат 08:30дан 09:45ке чейин "Жеңиш" сейил багында жүргүзүлөт. Веложүрүшкө каалоочулардын баары катыша алат.Ошондой эле саат 09:45тен 10:30га чейин Аалы Токомбаев проспектинин түндүк тарабында (батышты көздөй) автоунаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.Мэрия айдоочулардан киргизилген чектөөлөрдү эске алуу менен каттамдарын алдын ала пландаштырууну өтүнөт.
https://sputnik.kg/20261027/bishkek-fasad-ozgortuugo-tyyuu-1104534235.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/08/11/1066884834_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_9e84f2f2336a30a44670e440a5c3c73f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, мэрия, велосипед, жүрүш, жол, айдоочу, эскертүү
кыргызстан, бишкек, мэрия, велосипед, жүрүш, жол, айдоочу, эскертүү
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Бишкекте 8-ноябрда велосезондун жабылышына арналган веложүрүшкө байланыштуу айрым көчөлөрдө кыймыл чектелет. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, веложарыштын катышуучулары саат 10:00дө Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багынан старт алып, 5,4 чакырым аралыкты басып өтүшөт жана "Газпром — балдарга" ден соолукту чыңдоо комплексине чейин барышат.
Катышуучуларды каттоо саат 08:30дан 09:45ке чейин "Жеңиш" сейил багында жүргүзүлөт. Веложүрүшкө каалоочулардын баары катыша алат.
Ошондой эле саат 09:45тен 10:30га чейин Аалы Токомбаев проспектинин түндүк тарабында (батышты көздөй) автоунаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Мэрия айдоочулардан киргизилген чектөөлөрдү эске алуу менен каттамдарын алдын ала пландаштырууну өтүнөт.