https://sputnik.kg/20261031/2-mi-som-para-emnege-eki-zhylga-kamalgany-aytyldy-1104631061.html
Мыйзам ушундай. 2 миң сом пара берген киши эмнеге эки жылга камалганы айтылды
Мыйзам ушундай. 2 миң сом пара берген киши эмнеге эки жылга камалганы айтылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Жогорку сот эки миң сом пара берген киши эмне үчүн эки жылга эркинен ажыратылганы боюнча түшүндүрмө таратты. 31.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-31T14:07+0600
2026-10-31T14:07+0600
2026-10-31T14:07+0600
кыргызстан
жогорку сот
милиция
айдоочу
прокурор
аудио
видео
далил
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/1c/1097454327_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_d26f0977afb9a3cc88b8f7cec0733114.jpg.webp
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Жогорку сот эки миң сом пара берген киши эмне үчүн эки жылга эркинен ажыратылганы боюнча түшүндүрмө таратты.Мекеменин маалыматына караганда, пара берүү боюнча тиешелүү беренеде 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Аталган норма боюнча айып салуу, коомдук жумуштарга тартуу же пробация колдонулбайт. Мындай жаза чарасы 2025-жылдын 20-январында — кылмыш жасалганга чейин эле катаалдаштырылган.Эске салсак, буга чейин соттолгон жарандын уулу президент Садыр Жапаровго кайрылган. Мамлекет башчысы милиция менен прокуратуранын аракетин сындап, мындай сумма үчүн жаранды эки жылга камоону уят көрүнүш деп атаган жана иш кайра караларын билдирген.
https://sputnik.kg/20261029/zhogorku-sottun-sudyasyna-talaptar--1104596770.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/1c/1097454327_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_4af88df56671053dc4bcb7b5c2ae0d64.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жогорку сот, милиция, айдоочу, прокурор, аудио, видео, далил
кыргызстан, жогорку сот, милиция, айдоочу, прокурор, аудио, видео, далил
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Жогорку сот эки миң сом пара берген киши эмне үчүн эки жылга эркинен ажыратылганы боюнча түшүндүрмө таратты.
Мекеменин маалыматына караганда, пара берүү боюнча тиешелүү беренеде 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Аталган норма боюнча айып салуу, коомдук жумуштарга тартуу же пробация колдонулбайт. Мындай жаза чарасы 2025-жылдын 20-январында — кылмыш жасалганга чейин эле катаалдаштырылган.
"2025-жылдын жайында Токмок шаарында милиция кызматкерлери айдоочулук күбөлүгү жана документтери жок мотоцикл айдап жүргөн өспүрүмдү токтотуп, унааны айып короосуна токтоткон. Атасы мотоциклди протокол түзбөстөн кайтарып алуу үчүн жол кайгуул бөлүмүнүн башчысына 2 миң сом берген. Токмок шаардык соту аны актаган, бирок Чүй облустук соту прокурордун сунуштамасы менен бул өкүмдү жокко чыгарган. Анын күнөөсү күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, аудио жана видео далилдер менен толук тастыкталган", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин соттолгон жарандын уулу президент Садыр Жапаровго кайрылган. Мамлекет башчысы милиция менен прокуратуранын аракетин сындап, мындай сумма үчүн жаранды эки жылга камоону уят көрүнүш деп атаган жана иш кайра караларын билдирген.