https://sputnik.kg/20261030/65-zhyl-ilgeri-sssr-iri-bombasyn-synagan-1104615406.html
65 жыл илгери СССР ири бомбасын сынаган. Тарыхый видео
65 жыл илгери СССР ири бомбасын сынаган. Тарыхый видео
Sputnik Кыргызстан
Жер өрттөнүп, аскалар түтөгөн деп сүрөттөлгөн окуя СССРде 1961-жылы 30-октябрда болгон. Тагыраагы, Советтер Союзунда ири бомбаны сынашкан. 30.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-30T20:23+0600
2026-10-30T20:23+0600
2026-10-30T20:23+0600
ссср
акш
батыш
никита хрущев
игорь курчатов
андрей сахаров
өзөктүк курал
термоөзөктүк бомба
сыноо
геосаясат
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1e/1104618032_0:219:1000:782_1920x0_80_0_0_6ac2364d18909c9f0d341cac7064c003.jpg
Дүйнөнү селт эттирген кубаттуу термоөзөктүк бомбанын тарыхын баяндап беребиз. Көлөмү автобустай. "602-буюмду" же АН602 бомбасын Советтер Союзунун көрүнүктүү физиги, советтик атомдук бомбанын атасы Игорь Курчатов жетектеген команда, курамына дүйнөгө белгилүү советтик физик, ойлоп табуучу Андрей Сахаров кирген адистер иштеп чыккан. Инженерлердин эрдиги. Башында 100 мегатонналык бомбанын кубаттуулугун радиациянын коркунучунан улам эки эсе азайтышкан. Узундугу сегиз метрдей, диаметри 2,1 метр, ал эми салмагы 26 тоннадан ашкан бул дүрмөт кадимки учактын бомба коюлуучу бөлүгүнө баткан эмес. Ошондуктан аны ташып жеткирүү үчүн Ту-95 учагы атайын кайра жабдылган. Өзгөчө парашют системасын кайра иштеп чыгышкан. Бул система жарылуу болгон жерден учактын коопсуз аралыкка жетип калышы үчүн зарыл болгон. Анын кубаты Американын Хиросимага таштаган бомбасынан болжол менен 3 300 эсе күчтүү чыккан. Ошол эле учурда экипажга кайра кайтып келүүгө эч кандай кепилдик берилген эмес... Вашингтонго сес көрсөтүп... Бул сыноо илимий жетишкендик гана болбостон, Батышка багытталган ачык саясий белги да болгон. Сыноодон бир нече жыл мурда СССРдин ошол кездеги башчысы Никита Хрущев америкалыктарды "силерге көрсөтөм" деп опузалаган. Кийин бул супербомбанын "Кузькина мать" деп ошол сөөмөй кезеген сөз менен аталып калышы да ошондон улам. Берлин кризиси күчөп, АКШ менен мамиле курчуп турган чакта совет лидери СССРдин сүрүн ушундай жол менен таанытууга умтулган. Жер шарын айланган жарылуу. Бомба Жаңы Жер аралдарынын үстүнөн төрт чакырым бийиктикте жарылган. От шар төрт чакырымдык радиуска чейин жетип, козу карындай кабатталган чаңдуу булут 67 чакырым бийиктикке көтөрүлгөн. Сейсмикалык толкун Жерди үч жолу айланып өткөн. Жарылуу 1000 чакырым алыстан да көрүнгөн, ал эми эпиборбордон 400 чакырым аралыкта жайгашкан үйлөр талкаланган. Бомбаны ташыган учак жарылуудан улам 2,5 чакырым ылдый түшүп кетип, 40 мүнөткө чейин байланыш болбой калган. Бул сыноо СССР чексиз кубаттуу термоөзөктүк дүрмөттөрдү жасай ала турганын дүйнөгө көрсөттү. Өзөктүк тең салмактуулукту орнотууда маанилүү роль ойноп, кезегинде мындай сыноолорду тыюу салган келишимге кол коюлушуна өбөлгө түзгөн.
ссср
акш
батыш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1e/1104618032_0:126:1000:876_1920x0_80_0_0_06b67711ee44d9a739bbf9bf67105b14.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
ссср, акш, батыш, никита хрущев, игорь курчатов, андрей сахаров, өзөктүк курал, термоөзөктүк бомба, сыноо, геосаясат, видео
ссср, акш, батыш, никита хрущев, игорь курчатов, андрей сахаров, өзөктүк курал, термоөзөктүк бомба, сыноо, геосаясат, видео
65 жыл илгери СССР ири бомбасын сынаган. Тарыхый видео
Жер өрттөнүп, аскалар түтөгөн деп сүрөттөлгөн окуя СССРде 1961-жылы 30-октябрда болгон. Тагыраагы, Советтер Союзунда ири бомбаны сынашкан.
Дүйнөнү селт эттирген кубаттуу термоөзөктүк бомбанын тарыхын баяндап беребиз.
Көлөмү автобустай. "602-буюмду" же АН602 бомбасын Советтер Союзунун көрүнүктүү физиги, советтик атомдук бомбанын атасы Игорь Курчатов жетектеген команда, курамына дүйнөгө белгилүү советтик физик, ойлоп табуучу Андрей Сахаров кирген адистер иштеп чыккан.
Инженерлердин эрдиги. Башында 100 мегатонналык бомбанын кубаттуулугун радиациянын коркунучунан улам эки эсе азайтышкан. Узундугу сегиз метрдей, диаметри 2,1 метр, ал эми салмагы 26 тоннадан ашкан бул дүрмөт кадимки учактын бомба коюлуучу бөлүгүнө баткан эмес. Ошондуктан аны ташып жеткирүү үчүн Ту-95 учагы атайын кайра жабдылган. Өзгөчө парашют системасын кайра иштеп чыгышкан. Бул система жарылуу болгон жерден учактын коопсуз аралыкка жетип калышы үчүн зарыл болгон. Анын кубаты Американын Хиросимага таштаган бомбасынан болжол менен 3 300 эсе күчтүү чыккан. Ошол эле учурда экипажга кайра кайтып келүүгө эч кандай кепилдик берилген эмес...
Вашингтонго сес көрсөтүп... Бул сыноо илимий жетишкендик гана болбостон, Батышка багытталган ачык саясий белги да болгон. Сыноодон бир нече жыл мурда СССРдин ошол кездеги башчысы Никита Хрущев америкалыктарды "силерге көрсөтөм" деп опузалаган. Кийин бул супербомбанын "Кузькина мать" деп ошол сөөмөй кезеген сөз менен аталып калышы да ошондон улам. Берлин кризиси күчөп, АКШ менен мамиле курчуп турган чакта совет лидери СССРдин сүрүн ушундай жол менен таанытууга умтулган.
Жер шарын айланган жарылуу. Бомба Жаңы Жер аралдарынын үстүнөн төрт чакырым бийиктикте жарылган. От шар төрт чакырымдык радиуска чейин жетип, козу карындай кабатталган чаңдуу булут 67 чакырым бийиктикке көтөрүлгөн. Сейсмикалык толкун Жерди үч жолу айланып өткөн. Жарылуу 1000 чакырым алыстан да көрүнгөн, ал эми эпиборбордон 400 чакырым аралыкта жайгашкан үйлөр талкаланган. Бомбаны ташыган учак жарылуудан улам 2,5 чакырым ылдый түшүп кетип, 40 мүнөткө чейин байланыш болбой калган.
"Эпиборбордон 50 чакырым радиуста баары күйүп кеткен. Жарылуудан мурда бул жерде адамдын бою жеткендей кар жаткан", — деп эскерген сыноого катышкан Юрий Лысенко.
Бул сыноо СССР чексиз кубаттуу термоөзөктүк дүрмөттөрдү жасай ала турганын дүйнөгө көрсөттү. Өзөктүк тең салмактуулукту орнотууда маанилүү роль ойноп, кезегинде мындай сыноолорду тыюу салган келишимге кол коюлушуна өбөлгө түзгөн.