АКШ армиясы согуш учурунда убактылуу мүрзөлөрдү казууга машыгууда
09:29 27.10.2026 (Жаңыртылды: 09:40 27.10.2026)

© AP Photo / Shakh Aivazov
Жазылуу
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. АКШнын кургактагы аскерлери кокус ири масштабдуу аскердик жаңжалдар чыгып калса, убактылуу мүрзөлөрдү казуу ыкмаларын өздөштүрүүдө. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, аскерлер согуш талаасында курман болгон жоокерлерди жерге берүү сыяктуу оор жагдайларга даярданууда. Машыгуу учурунда сөөктөрдү кийинчерээк аныктоо жана согуш аяктагандан кийин туугандарына өткөрүп берүү максатында убактылуу көмүү иштери канчалык тез жүргүзүлөрүн текшерип жатышат.
Түндүк Каролина штатында өткөн машыгууларга аскердик инженерлер, медиктер, дин кызматкерлери жана башка адистер катышып, ири көлөмдөгү убактылуу мүрзөлөрдү даярдоо процессин ишке ашырышты.
Бул операцияда атайын техникалар, анын ичинде бульдозерлер колдонулган. АКШ армиясы 20 сөөк батчу траншеяны казууга орто эсеп менен бир саат 15 минут убакыт сарптаган. Бул машыгуулардын үчүнчү этабы 2027-жылдын жаз айларында өтөт.