Мамлекеттик кызматкерлер ден соолугун арзан баада текшерте алышат
18:38 18.10.2026 (Жаңыртылды: 18:40 18.10.2026)

© Фото / пресс-служба Минздрава КР
Жазылуу
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн профилактикалык медициналык кароодон өтүү боюнча пилоттук долбоор башталды. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Бишкектеги № 6 Үй-бүлөлүк медицина борборуна барып, текшерүүнүн шарты менен таанышканын ведомстводон кабарлашты.
Долбоор өлкө башчынын тапшырмасынын негизинде ишке ашууда.
Максаты - өнөкөт жугуштуу эмес ооруларды жана тобокелдик факторлорун эрте аныктоо. Пилоттук долбоор Бишкекте үстүбүздөгү жылдын 31-декабрына чейин уланат. Кароо акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлүп, тандалган пакетине жараша баасы 2 029 сомдон 3 886 сомго чейин турат.
Базалык, терапиялык, ошондой эле эркектер жана аялдар үчүн өзүнчө курактык топторго ылайыкталган топтомдор каралган. Жыйынтыгында үй-бүлөлүк дарыгер адамдын абалын аныктап, мындан аркы көзөмөл боюнча сунуш берет.
№ 6 ҮМБнын каттоо бөлүмүнө кайрылып, алдын ала түзүлгөн график аркылуу текшерүүдөн өтүүгө болот. Долбоор аяктагандан кийин жыйынтыктар анализденип, келечекте бул тажрыйбаны жалпы өлкө боюнча жайылтуу каралат.