https://sputnik.kg/20261018/francziyadagy-kymbatchylykka-karshy-miting-1104361924.html
Баалардын өсүшүнөн улам Францияда массалык башаламандыктар болду. Видео
Баалардын өсүшүнөн улам Францияда массалык башаламандыктар болду. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Францияда кымбатчылыкка жана баалардын өсүшүнө каршы өткөн массалык нааразычылык акциялары катуу кагылышууларга айланды. Өлкөнүн... 18.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-18T13:05+0600
2026-10-18T13:05+0600
2026-10-18T13:11+0600
дүйнөдө
франция
митинг
нааразычылык
полиция
кымбатчылык
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/12/1104361516_0:194:3071:1922_1920x0_80_0_0_e665db5dd8a3b16d84774e778271f024.jpg
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Францияда кымбатчылыкка жана баалардын өсүшүнө каршы өткөн массалык нааразычылык акциялары катуу кагылышууларга айланды. Өлкөнүн премьер-министри Себастьян Лекорню башаламандык учурунда 1,2 миң киши кармалып, 150 укук коргоочу жабыркаганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, ишемби күнү өткөн протесттерге бүт өлкө боюнча 550 миң киши катышкан. Бир нече аптадан бери көчөгө чыгып жаткан окуучулар менен студенттерге "сары жилетчендер" кыймылынын тарапкерлери, таксисттер, медайымдар, куруучулар жана профсоюз өкүлдөрү кошулган.Бир катар шаарларда тополоң чыгып, радикалдуу маанайдагы жаштар дүкөндөрдү талкалап, аялдамалар менен унааларды өрттөшкөн.ЖМКлардын маалыматына караганда, Лимож шаарында демонстранттар 143 жыл турган тарыхый эстеликти, тагыраагы, мэриянын 43 метрлик мунарасын өрттөп жиберишкен.Учурда өлкөдө коопсуздук чаралары күчөтүлүп, укук коргоо органдары тартипти калыбына келтирүү иштерин улантууда.
https://sputnik.kg/20260725/bishkek-miliciya-myyzamsyz-miting-chakyryk-shektuu-karmaldy-1102606534.html
франция
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/12/1104361516_340:0:3071:2048_1920x0_80_0_0_fecaed4421838a484f04e31227ca49c5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, франция, митинг, нааразычылык, полиция, кымбатчылык
дүйнөдө, франция, митинг, нааразычылык, полиция, кымбатчылык
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Францияда кымбатчылыкка жана баалардын өсүшүнө каршы өткөн массалык нааразычылык акциялары катуу кагылышууларга айланды. Өлкөнүн премьер-министри Себастьян Лекорню башаламандык учурунда 1,2 миң киши кармалып, 150 укук коргоочу жабыркаганын билдирди. Бул тууралуу
РИА Новости жазды. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, ишемби күнү өткөн протесттерге бүт өлкө боюнча 550 миң киши катышкан. Бир нече аптадан бери көчөгө чыгып жаткан окуучулар менен студенттерге "сары жилетчендер" кыймылынын тарапкерлери, таксисттер, медайымдар, куруучулар жана профсоюз өкүлдөрү кошулган.
Бир катар шаарларда тополоң чыгып, радикалдуу маанайдагы жаштар дүкөндөрдү талкалап, аялдамалар менен унааларды өрттөшкөн.
"Нааразылык акциясына чыккандар дүкөндөрдү, анын ичинде Rolex жана Louis Vuitton сыяктуу кымбат баалуу бренд бутиктерин талкалап кетишкен", — деп айтылат кабарда.
ЖМКлардын маалыматына караганда, Лимож шаарында демонстранттар 143 жыл турган тарыхый эстеликти, тагыраагы, мэриянын 43 метрлик мунарасын өрттөп жиберишкен.
Учурда өлкөдө коопсуздук чаралары күчөтүлүп, укук коргоо органдары тартипти калыбына келтирүү иштерин улантууда.