Кыргызстанда кышкы ЖРТга каттоо башталды. Шарт-талабы
18:53 14.10.2026 (Жаңыртылды: 18:54 14.10.2026)

© Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КР
Жазылуу
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Кыргызстанда ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу үчүн Жалпы республикалык тестирлөөгө онлайн каттоо башталды. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан (ББОУБ) билдиришти.
Каттоо жараяны 14-октябрдан 29-октябрга чейин ББОУБдун электрондук платформасында райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүлөт.
Алдын ала маалымат боюнча, кышкы ЖРТ сынагы 2026-жылдын 20-ноябрынан 22-ноябрына чейин өткөрүлөт. Кышкы кабыл алуу ЖОЖдордун келишимдик негиздеги орундары үчүн гана жүрөт.
Кимдер катыша алат жана кимдерге тыюу салынат?
орто жалпы же орто кесиптик билими тууралуу аттестаты же диплому бар жарандар (мурунку жылдардын жана 2026-жылдын бүтүрүүчүлөрү);
2027-жылдын бүтүрүүчүлөрү (мектептин 11-классынын, колледж жана техникумдардын бүтүрүүчү курстарынын окуучулары) жана ЖОЖ студенттери.
Катталуу тартиби жана керектүү документтер
Катышуучулар алгач жашаган жери боюнча райондук же шаардык билим берүү бөлүмүнөн жеке кабинетин ачууга уруксат алышы керек. Ал үчүн паспорттун жана аттестаттын (дипломдун) түп нускасын жеке өзү көрсөтүүсү шарт.
Онлайн каттоо анкетасын толтуруу үчүн:
Уюлдук телефондун номери (бул номер кийин логин катары жана ЖОЖдорго кабыл алуу конкурсунда да колдонулат);
Паспорттун эки бетинин электрондук сүрөтү;
Аттестаттын же дипломдун түп нускасынын электрондук сүрөтү;
Катышуучунун электрондук сүрөтү (талаптары каттоо учурунда көрсөтүлөт).
"Түндүк" тиркемесиндеги электрондук документтер каттоо жана кайра каттоо үчүн гана жарайт, ал эми тестирлөөнүн өзүнө кирүүдө кабыл алынбайт. Түп нускасы жок жана катталбаган абитуриенттер тестке киргизилбейт.
Чет мамлекетте жүргөн кыргызстандыктар тест башталардан бир күн мурун каттала алышат. Аталган документтердин баары болушу катуу талап кылынат.
Баасы жана төлөө жолдору
ЖОЖдорго тапшыруу үчүн негизги тесттин жана мамлекеттик тил (кыргыз тили) боюнча тесттин жыйынтыгы милдеттүү болуп саналат. Мындан тышкары, предметтик тесттерди (англис тили, химия, биология, физика, математика, тарых, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты) өз каалоосу боюнча тандап тапшырууга болот.
Негизги тест — 470 сом;
Мамлекеттик тил боюнча тест — 470 сом;
Ар бир предметтик тест — 470 сом.
Төлөмдөрдү "Элдик Банк", MegaPay же "О! Деньги" аркылуу жүргүзүп, дүмүрчөктү (квитанцияны) жооптуу адамга көрсөтүү же жеке кабинетке номерин жазуу зарыл.
Суроолор боюнча жашаган жердеги билим берүү бөлүмдөрүнө же ББОУБдун ишеним телефондоруна кайрылууга болот: (0502, 0500, 0503) 66-48-38 (иш убактысы: 9:00дөн 17:00гө чейин, ишемби-жекшемби дем алыш).
