https://sputnik.kg/20261012/gazprom-kyrgyzstan-qazaqgaz-memorandumga-kol-koyushtu-1104239901.html
"Газпром Кыргызстан" жана QazaqGaz кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту
"Газпром Кыргызстан" жана QazaqGaz кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. "Газпром Кыргызстан" жана казакстандык QazaqGaz компаниялары узак мөөнөттүү технологиялык жана интеллектуалдык өнөктөштүк боюнча... 12.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-12T15:02+0600
2026-10-12T15:02+0600
2026-10-12T15:02+0600
кыргызстан
бишкек
"газпром кыргызстан" жчксы
меморандум
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0c/1104237106_0:161:3071:1888_1920x0_80_0_0_cf58fe6163b5cef0b7f3f8e19083d55c.jpg
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. "Газпром Кыргызстан" жана казакстандык QazaqGaz компаниялары узак мөөнөттүү технологиялык жана интеллектуалдык өнөктөштүк боюнча меморандумга кол коюшту. Документ Бишкек шаарында "Газпром" ААКсы менен Казакстандын Энергетика министрлигинин биргелешкен координациялык кеңешинин жыйынында кабыл алынды. 2025-жылы түзүлгөн биргелешкен координациялык кеңеш эки тараптуу жана аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган. Алгачкы жыйыны 2025-жылдын май айында Санкт-Петербург шаарында, экинчиси 2026-жылдын январында Алматы шаарында өткөн. "Газпром Кыргызстан" компаниясынын маалыматына ылайык, бул жолку жолугушууга кабыл алуучу тараптын да катышуусу кызматташтыктын жаңы баскычка чыгышына өбөлгө түздү. Борбор Азияда жаратылыш газын керектөөнүн өсүшүнө өнөр жайдын өнүгүшү, экономикалык өсүш, калктын көбөйүшү жана газдаштыруу иштеринин кеңейиши таасир этүүдө. Компаниянын маалыматына караганда, быйыл жыл башынан бери "Газпром" ААКсынын Казакстанга, Өзбекстанга жана Кыргызстанга жаратылыш газын жеткирүүсүнүн жалпы көлөмү дээрлик 70 пайызга өскөн. Жыйындын жүрүшүндө биргелешкен координациялык кеңеш стратегиялык диалог жүргүзүүчү туруктуу аянтча катары өзүнүн маанисин тастыктады. Газ тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү аймактагы өлкөлөрдүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөөгө, күз-кыш мезгилин үзгүлтүксүз өткөрүүгө жана газ тармагындагы технологиялык өнүгүүнү камсыз кылууга багытталган.
https://sputnik.kg/20261002/yeaeb-mikhail-mishustin-gaz-1104064232.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0c/1104237106_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_11bd0c6d137b4d31e11469b4c2b77ff4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, "газпром кыргызстан" жчксы, меморандум
кыргызстан, бишкек, "газпром кыргызстан" жчксы, меморандум
"Газпром Кыргызстан" жана QazaqGaz кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. "Газпром Кыргызстан" жана казакстандык QazaqGaz компаниялары узак мөөнөттүү технологиялык жана интеллектуалдык өнөктөштүк боюнча меморандумга кол коюшту. Документ Бишкек шаарында "Газпром" ААКсы менен Казакстандын Энергетика министрлигинин биргелешкен координациялык кеңешинин жыйынында кабыл алынды.
2025-жылы түзүлгөн биргелешкен координациялык кеңеш эки тараптуу жана аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган. Алгачкы жыйыны 2025-жылдын май айында Санкт-Петербург шаарында, экинчиси 2026-жылдын январында Алматы шаарында өткөн. "Газпром Кыргызстан" компаниясынын маалыматына ылайык, бул жолку жолугушууга кабыл алуучу тараптын да катышуусу кызматташтыктын жаңы баскычка чыгышына өбөлгө түздү.
Борбор Азияда жаратылыш газын керектөөнүн өсүшүнө өнөр жайдын өнүгүшү, экономикалык өсүш, калктын көбөйүшү жана газдаштыруу иштеринин кеңейиши таасир этүүдө.
Компаниянын маалыматына караганда, быйыл жыл башынан бери "Газпром" ААКсынын Казакстанга, Өзбекстанга жана Кыргызстанга жаратылыш газын жеткирүүсүнүн жалпы көлөмү дээрлик 70 пайызга өскөн.
Жыйындын жүрүшүндө биргелешкен координациялык кеңеш стратегиялык диалог жүргүзүүчү туруктуу аянтча катары өзүнүн маанисин тастыктады.
Газ тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү аймактагы өлкөлөрдүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөөгө, күз-кыш мезгилин үзгүлтүксүз өткөрүүгө жана газ тармагындагы технологиялык өнүгүүнү камсыз кылууга багытталган.