00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Что такое исламские ценные бумаги и как на них зарабатывают?
08:05
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Тарых тааныган муун: кыргыз-алтай байланышы мектептерде да жакшырууда
09:05
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как остановить рост цен: ставка на свое производство, склады и логистику
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Хуситтер Эр-Рияддын аэропортуна чабуул жасап, 12 адам каза болду

© AP Photo / Nariman El-MoftyЭр-Рияд шаары. Архив
Эр-Рияд шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Йемендеги "Ансар Алла" кыймылынын хуситтери Сауд Арабиясынын борбору Эр-Рияддагы падыша Халид атындагы эл аралык аэропортко ракеталык чабуул жасады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Акыркы маалымат боюнча, соккудан кеминде 12 адам каза болуп, дагы 309 киши жаракат алган. Арасында абалы оор бейтаптар бар.
Маалыматтарга караганда, ракеталар аэропорттун №3 жана №4 терминалдарына тийип, олуттуу зыян келтирген. Чабуулдан кийин аба майдандын иши убактылуу токтотулуп, бир катар каттамдар учпай же башка аэропортторго багытталган.
Мындан тышкары, Сауд Арабиясынын чыгышындагы Даммам шаарында жайгашкан эл аралык аэропорттун аймагына да снаряд түшкөн. Ал жакка бараткан айрым учактар күтүү аймагында айланып турганы кабарланды.
Араб коалициясынын өкүлү Турки аль-Малики чабуулдун жоопкерчилигин хуситтерге жүктөп, адам өмүрүн алган окуяны жоопсуз калбай турган аскердик кылмыш деп атады.
Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп аэропортко чабуул жол берилгис кадам экенин белгилеген. Нааразычылыгын мамлекеттик катчы Марко Рубио менен БУУнун баш катчысы Антониу Гуттереш да билдирди.
Йемендеги хуситтер менен Сауд Арабиясы колдогон өкмөттүк күчтөрдүн ортосундагы согуштук аракеттер төрт жылдык тыныгуудан кийин июль айынын ортосунда жанданган. Эл аралык деңгээлде таанылган Йемен бийлиги жакында Сананы хуситтерден бошотуу операциясы башталганын жарыялаган.
Баллистикалык ракета. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2017
ЖМК: Йемен Сауд Аравиясын көздөй баллистикалык ракета учурду
Жаңылыктар түрмөгү
0