https://sputnik.kg/20261011/aba-yrayy-kyrgyzgidromet-shamal-1104222927.html
Жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Өлкө боюнча бир аптага аба ырайы
Жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Өлкө боюнча бир аптага аба ырайы
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. 12-октябрда күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. 11.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-11T18:14+0600
2026-10-11T18:14+0600
2026-10-11T18:14+0600
кыргызстан
аба ырайы
кыргызгидромет
апта
https://sputnik.kg/img/07ea/08/05/1102803488_0:67:1280:787_1920x0_80_0_0_9ce29d7a46deda42bab14e922fa2ae23.jpg
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. 12-октябрда күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Маалыматка ылайык, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу болушу мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы күндүз секундасына 15-20 метрге жетет. Чүй жана Талас облустары Аптанын башында көпчүлүк аймактарда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу болушу мүмкүн. 13-октябрда айрым жерлерде жаан жана кар жаайт. Шаршембиден тарта күн ачылып, ишембиге чейин жаан-чачын күтүлбөйт. Аптанын акыркы күнүндө Чүйдүн айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Таласта күн ачык болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары 12-октябрда көпчүлүк аймактарда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу болору айтылды. Эртеси айрым жерлерде жаан жана кар жаайт. Ош жана Жалал-Абад облустарында бейшембиде жана жекшембиде тоо этектеринде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Баткенде аптанын ортосунан аягына чейин күн ачык болот. Ысык-Көл облусу Аптанын алгачкы күнүндө көпчүлүк аймактарда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. 13-октябрга караган түнү айрым жерлерде жаан-чачын катуу болушу мүмкүн. Шаршембиден ишембиге чейин жаан-чачын күтүлбөйт. 18-октябрда айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Нарын облусу Дүйшөмбүдө күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Эртеси айрым жерлерде жаан жана кар күтүлөт. Аптанын ортосунда аба ырайы турукташып, ишембиге чейин күн ачылат. Жекшембиде күндүз айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
https://sputnik.kg/20261011/nepal-kyrsyk-sel-video-1104220389.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/05/1102803488_72:0:1209:853_1920x0_80_0_0_0e17523ba1b8eb93238da33be3b4c6d5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, аба ырайы, кыргызгидромет, апта
кыргызстан, аба ырайы, кыргызгидромет, апта
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. 12-октябрда күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу болушу мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы күндүз секундасына 15-20 метрге жетет.
Аптанын башында көпчүлүк аймактарда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу болушу мүмкүн. 13-октябрда айрым жерлерде жаан жана кар жаайт. Шаршембиден тарта күн ачылып, ишембиге чейин жаан-чачын күтүлбөйт. Аптанын акыркы күнүндө Чүйдүн айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Таласта күн ачык болот.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары
12-октябрда көпчүлүк аймактарда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу болору айтылды. Эртеси айрым жерлерде жаан жана кар жаайт.
Ош жана Жалал-Абад облустарында бейшембиде жана жекшембиде тоо этектеринде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Баткенде аптанын ортосунан аягына чейин күн ачык болот.
Аптанын алгачкы күнүндө көпчүлүк аймактарда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. 13-октябрга караган түнү айрым жерлерде жаан-чачын катуу болушу мүмкүн. Шаршембиден ишембиге чейин жаан-чачын күтүлбөйт. 18-октябрда айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.
Дүйшөмбүдө күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Эртеси айрым жерлерде жаан жана кар күтүлөт. Аптанын ортосунда аба ырайы турукташып, ишембиге чейин күн ачылат. Жекшембиде күндүз айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.