https://sputnik.kg/20261010/putin-tramp-aksh-rossiya-dizeltoylivo-suyloshuu-1104206787.html
Путин менен Трамп АКШга Россиядан дизелдик күйүүчү май жеткирүүнү талкуулашты
Путин менен Трамп АКШга Россиядан дизелдик күйүүчү май жеткирүүнү талкуулашты
Sputnik Кыргызстан
Россия менен АКШнын лидерлери Владимир Путин жана Дональд Трамп масштабдуу экономикалык демилгелерди, анын ичинде россиялык мунай өнүмдөрүн жеткирүү маселесин... 10.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-10T11:06+0600
2026-10-10T11:06+0600
2026-10-10T11:06+0600
дүйнөдө
акш
дональд трамп
россия
владимир путин
дизель
https://sputnik.kg/img/07e9/08/09/1095784883_0:0:2535:1427_1920x0_80_0_0_2d9a4532a6a404b02ea303b18f12aefe.jpg
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Владимир Путин менен Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөшүп, Украинадагы жаңжалды жөнгө салууну жана экономикалык кызматташтыкты талкуулашты.Анын айтымында, Россия кыска мөөнөттө АКШга жана дүйнөлүк рынокко 3 миллион тоннага чейин дизелдик күйүүчү май берүүнү көздөп жатат. Бул көлөмдүн 300 миң тоннасы азыр эле жеткирилиши мүмкүн, дагы 500 миң тоннасы — ноябрда, ал эми калган бөлүгү кийинчерээк жөнөтүлөрү айтылды.Сүйлөшүүнүнжүрүшүндө тараптар Украинадагы жаңжалдын айланасындагы абалга да токтолушту.Путин Россиянын Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн чабуулдарына жооп катары көргөн чаралары тууралуу кеңири айтып берди. Анын сөзүнө караганда, Киевдин аракеттери, анын ичинде шайлоону үзгүлтүккө учуратуу аракети жана адамдарга сокку уруусу сүйлөшүүлөрдү тез арада кайра жандандырууга тоскоолдук жаратууда.Россия лидери Киевдин орус аскерлеринин алга жылышын токтотуу аракетинин келечеги жок экенин, анткени фронттогу демилге толугу менен орус армиясынын колунда болуп жатканын белгиледи.Трамп өз кезегинде Путинди туулган күнү менен куттуктап, ага ийгилик жана бакубатчылык каалады, ошондой эле жубайынын саламын жеткирди.Мындан тышкары, АКШ президенти россиялык тараптан алынган белгилерди украин делегациясына өткөрүп берүүнү тапшырды.
https://sputnik.kg/20261007/tramp-demokrattar-jense-aksh-bankrot-bolot-1104132646.html
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/09/1095784883_108:0:2361:1690_1920x0_80_0_0_56dd50381b6221bea14987c052266ede.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, дональд трамп, россия, владимир путин, дизель
дүйнөдө, акш, дональд трамп, россия, владимир путин, дизель
Путин менен Трамп АКШга Россиядан дизелдик күйүүчү май жеткирүүнү талкуулашты
Россия менен АКШнын лидерлери Владимир Путин жана Дональд Трамп масштабдуу экономикалык демилгелерди, анын ичинде россиялык мунай өнүмдөрүн жеткирүү маселесин даярдоону талкуулашты.
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Владимир Путин менен Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөшүп, Украинадагы жаңжалды жөнгө салууну жана экономикалык кызматташтыкты талкуулашты.
"Бүгүн Россия бизге миллиондогон баррель мунай жеткирип берүүгө макул болду, бул — дизелдик отун. Бул бизге чындап керек нерсе. Ошондуктан рахмат", — деди АКШнын президенти.
Анын айтымында, Россия кыска мөөнөттө АКШга жана дүйнөлүк рынокко 3 миллион тоннага чейин дизелдик күйүүчү май берүүнү көздөп жатат. Бул көлөмдүн 300 миң тоннасы азыр эле жеткирилиши мүмкүн, дагы 500 миң тоннасы — ноябрда, ал эми калган бөлүгү кийинчерээк жөнөтүлөрү айтылды.
Сүйлөшүүнүнжүрүшүндө тараптар Украинадагы жаңжалдын айланасындагы абалга да токтолушту.
Путин Россиянын Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн чабуулдарына жооп катары көргөн чаралары тууралуу кеңири айтып берди. Анын сөзүнө караганда, Киевдин аракеттери, анын ичинде шайлоону үзгүлтүккө учуратуу аракети жана адамдарга сокку уруусу сүйлөшүүлөрдү тез арада кайра жандандырууга тоскоолдук жаратууда.
Россия лидери Киевдин орус аскерлеринин алга жылышын токтотуу аракетинин келечеги жок экенин, анткени фронттогу демилге толугу менен орус армиясынын колунда болуп жатканын белгиледи.
Трамп өз кезегинде Путинди туулган күнү менен куттуктап, ага ийгилик жана бакубатчылык каалады, ошондой эле жубайынын саламын жеткирди.
Мындан тышкары, АКШ президенти россиялык тараптан алынган белгилерди украин делегациясына өткөрүп берүүнү тапшырды.