https://sputnik.kg/20261010/kyrgyzstan-chet-olko-universitet-dayardyk-1104211093.html
Бишкектик окуучулар чет элдик ЖОЖдорго тапшырууну жеңилдеткен платформа түзүштү
Бишкектик окуучулар чет элдик ЖОЖдорго тапшырууну жеңилдеткен платформа түзүштү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. 8–11-класстын окуучулары үчүн чет элдик университеттерге даярданууга жардам берген Bilim Guide акысыз платформа ачылды. Бул... 10.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-10T18:43+0600
2026-10-10T18:43+0600
2026-10-10T18:43+0600
кыргызстан
бишкек
билим
университет
даярдык
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/18/1098810240_0:173:3025:1875_1920x0_80_0_0_9c4f2907478cb9a503c18039a22cadc3.jpg
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. 8–11-класстын окуучулары үчүн чет элдик университеттерге даярданууга жардам берген Bilim Guide акысыз платформа ачылды. Бул долбоорду бишкектик окуучулар түзүп чыгышты.Авторлордун бири Канат Тынчтыкбековдун айтымында, платформаны түзүүгө маалыматтын иретсиздиги түрткү болгон.Окуучулар платформадан эмне ала алышат?Долбоорго катышуу үчүн окуучулар bilimguide.com сайты аркылуу сурамжылоодон өтүшү керек. Андан соң алар менен долбоордун менторлору байланышат.Долбоордун авторлору — 10-класстын окуучулары Канат Тынчтыкбеков, Айбегим Байышбекова, Айтегин Эмилбеков жана Адахан Шукуралиев.
https://sputnik.kg/20261001/ilim-ministrinin-maegi-kvota-1104026473.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/18/1098810240_148:0:2879:2048_1920x0_80_0_0_ec35ded0f6601374bc7a4a8997aad5b7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, билим, университет, даярдык
кыргызстан, бишкек, билим, университет, даярдык
Бишкектик окуучулар чет элдик ЖОЖдорго тапшырууну жеңилдеткен платформа түзүштү
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. 8–11-класстын окуучулары үчүн чет элдик университеттерге даярданууга жардам берген Bilim Guide акысыз платформа ачылды. Бул долбоорду бишкектик окуучулар түзүп чыгышты.
Авторлордун бири Канат Тынчтыкбековдун айтымында, платформаны түзүүгө маалыматтын иретсиздиги түрткү болгон.
"Азыр чет өлкөдөн билим алгысы келген жаштар арбын. Кантип тапшырса болору тууралуу интернетте маалыматтар толтура. Бирок окуучунун өзүнүн шыгына, үй-бүлөсүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө жараша багыт берип, өлкө менен университет тандоодо, документтерди туура даярдоодо иреттүү маалымат табуу кыйын. Албетте, атайын агенттиктер бар, бирок алардын кызматы кымбат болгондуктан, баарынын эле мүмкүнчүлүгү жете бербейт. Бул көйгөйдү өз башыбыздан өткөргөндөн кийин, бизге окшогон балдар-кыздарга жардам болсун деп ушул долбоорду иштеп чыктык", — деди ал.
Окуучулар платформадан эмне ала алышат?
Окуу жайга тапшыруу боюнча так багыт жана даярдануу этаптарын иретке келтирүү;
Ментордук колдоо жана кеңештер;
Даярданууга зарыл болгон материалдардын базасы.
Долбоорго катышуу үчүн окуучулар bilimguide.com сайты аркылуу сурамжылоодон өтүшү керек. Андан соң алар менен долбоордун менторлору байланышат.
Долбоордун авторлору — 10-класстын окуучулары Канат Тынчтыкбеков, Айбегим Байышбекова, Айтегин Эмилбеков жана Адахан Шукуралиев.