https://sputnik.kg/20261009/taryhyj-chyndykty-saktoo-kmsh-1104195731.html
КМШ лидерлери дүйнө коомчулугун тарыхый чындыкты сактоого чакырышты
КМШ лидерлери дүйнө коомчулугун тарыхый чындыкты сактоого чакырышты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Көз карандысыз мамлекеттердин өлкө башчылары КМШнын түзүлгөнүнүн 35 жылдыгына байланыштуу билдирүү кабыл алышты. 09.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-09T16:41+0600
2026-10-09T16:41+0600
2026-10-09T16:41+0600
дүйнөдө
түркмөнстан
кмш
саммит
билдирүү
нацизм
кызматташтык
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/09/1104190707_0:54:1280:774_1920x0_80_0_0_04e109164e00ab356c9fac509a578e5f.jpg
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Көз карандысыз мамлекеттердин өлкө башчылары КМШнын түзүлгөнүнүн 35 жылдыгына байланыштуу билдирүү кабыл алышты. Белгилей кетсек, КМШ мамлекеттеринин башчылары Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарында өттү. Тарыхый чындыкты сактоого чакырык Документте тарыхый эс тутумду сактоо дискриминациянын, расизм, ксенофобиянын бардык түрүнө каршы күрөшүүдө маанилүү курал болуп берери белгиленген. Лидерлер тарыхты билүү тынчтыкка доо кетире турган өткөндү бурмалоо, туура эмес маалымат таратуу, экстремизм аракеттерин өз убагында аныктап, ага каршы турууга жардам берерин айтышты. СССР элдеринин геноциди "Нацисттер жана алардын шериктери тарабынан карапайым калкты кырып-жоюу фактылары Советтер Союзунун элдерине каршы жасалган геноцид катары бааланышы керектигин баса белгилейбиз", — деп билдиришти КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери. Кызматташтыкты чыңдоо "КМШнын алкагында ар кандай чөйрөлөрдө ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого көмөк көрсөтүүнү көздөйбүз. КМШнын алкагында саясий, экономикалык, технологиялык жана маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары да өнүктүрүү мамлекеттерибиздин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана социалдык-экономикалык жактан ийгиликтүү өнүгүшүнө шарт түзөт деп эсептейбиз", — деп айтылат документте.
https://sputnik.kg/20261009/putin-kmsh-sooda-toskoolduktardy-joyuu-suyloshuu-1104188209.html
түркмөнстан
кмш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/09/1104190707_89:0:1192:827_1920x0_80_0_0_d4a2cb5117f69e8304824faee4b1a56a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, түркмөнстан, кмш, саммит, билдирүү, нацизм, кызматташтык
дүйнөдө, түркмөнстан, кмш, саммит, билдирүү, нацизм, кызматташтык
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Көз карандысыз мамлекеттердин өлкө башчылары КМШнын түзүлгөнүнүн 35 жылдыгына байланыштуу билдирүү кабыл алышты.
Белгилей кетсек, КМШ мамлекеттеринин башчылары Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарында өттү.
Тарыхый чындыкты сактоого чакырык
"Дүйнө коомчулугун тарыхый эс тутумду жана тарыхый чындыкты сактоо, тынчтыкты жана өз ара урматтоону бекемдөө, кийинки муунга эл аралык укук ченемдерине ылайык кызматташуу тажрыйбасын өткөрүп, нацизмдин, фашизмдин жана башка деструктивдик идеялардын жайылтылып даңазаланышына жол бербөө үчүн биримдикте аракеттенүүгө чакырабыз", — деп айтылат билдирүүдө.
Документте тарыхый эс тутумду сактоо дискриминациянын, расизм, ксенофобиянын бардык түрүнө каршы күрөшүүдө маанилүү курал болуп берери белгиленген. Лидерлер тарыхты билүү тынчтыкка доо кетире турган өткөндү бурмалоо, туура эмес маалымат таратуу, экстремизм аракеттерин өз убагында аныктап, ага каршы турууга жардам берерин айтышты.
"Нацисттер жана алардын шериктери тарабынан карапайым калкты кырып-жоюу фактылары Советтер Союзунун элдерине каршы жасалган геноцид катары бааланышы керектигин баса белгилейбиз", — деп билдиришти КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери.
"КМШнын алкагында ар кандай чөйрөлөрдө ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого көмөк көрсөтүүнү көздөйбүз. КМШнын алкагында саясий, экономикалык, технологиялык жана маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары да өнүктүрүү мамлекеттерибиздин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана социалдык-экономикалык жактан ийгиликтүү өнүгүшүнө шарт түзөт деп эсептейбиз", — деп айтылат документте.