https://sputnik.kg/20261009/kant-kyzylchasy-terile-bashtady-1104199879.html
Кыргызстанда кант кызылчасынан 650 миң тонна түшүм алуу күтүлүүдө
Кыргызстанда кант кызылчасынан 650 миң тонна түшүм алуу күтүлүүдө
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Кыргызстанда кант кызылчасын оруп-жыйноо иштери башталды. Быйыл өлкө боюнча 650 миң тонна түшүм алуу күтүлүүдө. Бул тууралуу "Сахар"... 09.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-09T17:05+0600
2026-10-09T17:05+0600
2026-10-09T17:05+0600
кыргызстан
кант кызылчасы
түшүм
кумшекер
өндүрүш
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/09/1104194861_87:0:1193:622_1920x0_80_0_0_cfb0335531c304c6c5d22999138dcd53.jpg
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Кыргызстанда кант кызылчасын оруп-жыйноо иштери башталды. Быйыл өлкө боюнча 650 миң тонна түшүм алуу күтүлүүдө. Бул тууралуу "Сахар" агроөнөр жай кластеринен билдиришти.Маалыматка ылайык, былтыр аба ырайынын катаалдыгынан улам 550 миң тонна кызылча жыйналса, 2024-жылы түшүмдүн көлөмү 1 миллион тоннага жеткен.Кант кызылчасы негизинен Чүй жана Талас облустарында өстүрүлөт. Жыл сайын 3 миңге чукул фермер кант заводдору менен келишим түзүп иштейт. Жалпысынан өлкө боюнча кант тармагында 100 миңдей адам эмгектенет.Түшүмдү кабыл алуу жана аны кайра иштетүү менен эки завод алектенет. Алар суткасына 6,8 миң тонна продукцияны иштетүү кубаттуулугуна ээ.Белгилей кетсек, Кыргызстанда калктын кумшекерге болгон жылдык керектөөсү орто эсеп менен 120 миң тоннаны түзөт.
https://sputnik.kg/20261008/kumsheker-importuno-chektol-kirgizuu-toktom-1104176508.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/09/1104194861_226:0:1055:622_1920x0_80_0_0_c3a7923cdca0fe8c4887a7e7a0f41349.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, кант кызылчасы, түшүм, кумшекер, өндүрүш
кыргызстан, кант кызылчасы, түшүм, кумшекер, өндүрүш
Кыргызстанда кант кызылчасынан 650 миң тонна түшүм алуу күтүлүүдө
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Кыргызстанда кант кызылчасын оруп-жыйноо иштери башталды. Быйыл өлкө боюнча 650 миң тонна түшүм алуу күтүлүүдө. Бул тууралуу "Сахар" агроөнөр жай кластеринен билдиришти.
Маалыматка ылайык, былтыр аба ырайынын катаалдыгынан улам 550 миң тонна кызылча жыйналса, 2024-жылы түшүмдүн көлөмү 1 миллион тоннага жеткен.
Кант кызылчасы негизинен Чүй жана Талас облустарында өстүрүлөт. Жыл сайын 3 миңге чукул фермер кант заводдору менен келишим түзүп иштейт. Жалпысынан өлкө боюнча кант тармагында 100 миңдей адам эмгектенет.
Түшүмдү кабыл алуу жана аны кайра иштетүү менен эки завод алектенет. Алар суткасына 6,8 миң тонна продукцияны иштетүү кубаттуулугуна ээ.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда калктын кумшекерге болгон жылдык керектөөсү орто эсеп менен 120 миң тоннаны түзөт.