Түркмөнстанда КМШ өлкөлөрүнүн ТИМ башчыларынын жыйыны өттү. Жыйынтык

© МИД РФ
/ Жазылуу
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Түркмөнстанда өткөн КМШ мамлекеттеринин ТИМ башчыларынын жыйынынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип, жолугушуунун жыйынтыгын чыгарды.
Экономикалык кызматташуу жана негизги сунуштар:
соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын өткөрүү мерчемделди;
Түркмөнстан менен Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) алакасын өнүктүрүү сунушталды;
көп түрдүүлүк жана көп уюулдуулуктун евразиялык хартиясын иштеп чыгуу процесси башталды. Ага Россия, Беларусь, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстандын тышкы иштер министрлери катышты.
Кабыл алынган документтер жана пландар:
дүйнөлүк саясат менен экономикага жалпы баа берилип, кызматташууну тереңдетүү аракеттери колдоого алынды;
"Бир бүтүн" концепциясын ишке ашыруу программасы кабыл алынды;
глобалдуу медиа мейкиндикте КМШнын объективдүү образын түзүү үчүн Казакстан менен Тажикстандын сунушу боюнча Шериктештиктин кинофестивалын өткөрүү чечилди;
ЖИни колдонуу менен жасалган кылмыштарга каршы күрөшүүдө өз ара аракеттенүү концепциясы колдоого алынды;
чек ара жаатындагы маалыматтык саясаттын негиздери бекиди.
Эл аралык маселелер жана коопсуздук:
Жакынкы Чыгыш, Перс булуңу жана Араб жарым аралындагы абал талкууланды;
евразиялык континентте КМШнын алкагында кызматташууну илгерилетүү макулдашылды;
2029-жылды транспорттук байланыш жылы деп жарыялоо демилгеси колдоого алынды, чечим РФ президенти Владимир Путиндин евразиялык өнөктөштүк идеясы менен үндөшүп турат.
Эскерте кетсек, КМШ тышкы иштер министрлери Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун сегизинчи жыйыны, ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги Кеңешинин жыйыны алдында жолугушту. Өлкө башчыларынын жолугушуусу 8-9-октябрь күндөрү өтөт.
