https://sputnik.kg/20261005/kyrgyzstanda-16-kompaniya-zhabyldy-1104096864.html
Кыргызстанда 16 компания жабылып, жүздөгөн эсеп бөгөттөлдү
Кыргызстанда 16 компания жабылып, жүздөгөн эсеп бөгөттөлдү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik.Санкциялык тобокелдиктерден улам Кыргызстанда 16 компаниянын ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция... 05.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-05T13:39+0600
2026-10-05T13:39+0600
2026-10-05T13:47+0600
кыргызстан
экономика
санкциялар
мыйзам
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/05/1104096145_0:80:1536:944_1920x0_80_0_0_4abe633af2131ba5750bbca3e5b6d829.png
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik.Санкциялык тобокелдиктерден улам Кыргызстанда 16 компаниянын ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.Өлкөдө санкциялык коркунучтарды азайтуу жана ички көзөмөлдү күчөтүү боюнча иштер жүрүүдө. Тиешелүү маселелер президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы астында өткөн жумушчу кеңешмеде талкууланды.Жыйында 40ка жакын компаниянын ишмердүүлүгү каралып, анын жыйынтыгында 16 фирманы мыйзам чегинде жоюу үчүн сот органдарына материалдар өткөрүп берилди. Калган компаниялар боюнча текшерүү уланууда.Банк секторунда да комплаенс-көзөмөл талаптары күчөтүлдү. 2-октябрга карата мамлекеттик банктар шектүү компаниялар менен кызматташууну токтотту:Мындан тышкары, кеңешмеде санкциялык тобокелдиги жогору компанияларды аныктап, "кара тизмеге" киргизүү механизми каралды. Бул тартип тышкы экономикалык операцияларга көзөмөлдү бекемдеп, мүмкүн болуучу тобокелдиктерди алдын алууга өбөлгө түзөт.
https://sputnik.kg/20260929/zhelim-bashtyktardy-koldonuuga-tyyuu-salynat-1103974059.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/05/1104096145_86:0:1451:1024_1920x0_80_0_0_01e5e08d9d0a8ea80ba2be875ea195bd.pngSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, экономика, санкциялар, мыйзам
кыргызстан, экономика, санкциялар, мыйзам
Кыргызстанда 16 компания жабылып, жүздөгөн эсеп бөгөттөлдү
13:39 05.10.2026 (Жаңыртылды: 13:47 05.10.2026) БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik.Санкциялык тобокелдиктерден улам Кыргызстанда 16 компаниянын ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Өлкөдө санкциялык коркунучтарды азайтуу жана ички көзөмөлдү күчөтүү боюнча иштер жүрүүдө. Тиешелүү маселелер президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы астында өткөн жумушчу кеңешмеде талкууланды.
Жыйында 40ка жакын компаниянын ишмердүүлүгү каралып, анын жыйынтыгында 16 фирманы мыйзам чегинде жоюу үчүн сот органдарына материалдар өткөрүп берилди. Калган компаниялар боюнча текшерүү уланууда.
Банк секторунда да комплаенс-көзөмөл талаптары күчөтүлдү. 2-октябрга карата мамлекеттик банктар шектүү компаниялар менен кызматташууну токтотту:
"Элдик Банк" ААКсы — 126га жакын компаниянын эсебин жапты;
"АБанк" ААКсы — 100гө чукул компаниянын эсебин жапты.
Мындан тышкары, кеңешмеде санкциялык тобокелдиги жогору компанияларды аныктап, "кара тизмеге" киргизүү механизми каралды. Бул тартип тышкы экономикалык операцияларга көзөмөлдү бекемдеп, мүмкүн болуучу тобокелдиктерди алдын алууга өбөлгө түзөт.