https://sputnik.kg/20260929/zhelim-bashtyktardy-koldonuuga-tyyuu-salynat-1103974059.html
Кыргызстанда 2027-жылдан тарта желим баштык колдонууга тыюу салынат
Кыргызстанда 2027-жылдан тарта желим баштык колдонууга тыюу салынат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Өлкөдө кийинки жылдан тарта желим баштыктарды колдонууга тыюу салынат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин өкүлү... 29.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-29T16:42+0600
2026-09-29T16:42+0600
2026-09-29T16:47+0600
кыргызстан
мыйзам
жаратылыш
желим баштыктар
тыюу салуу
https://sputnik.kg/img/101558/06/1015580672_0:105:2000:1230_1920x0_80_0_0_45fe40062ca4553c02cb6cdf8abc25d4.jpg
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Өлкөдө кийинки жылдан тарта желим баштыктарды колдонууга тыюу салынат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин өкүлү Нурсултан Акматов билдирди. Ал тыюу салуу тууралуу мыйзам 2023-жылы кабыл алынганын эске салды. Пилоттук долбоор Ысык-Көл облусунда ишке кирген. Адис муниципалдык инспекциянын жана Жаратылыш ресурстары министрлигинин кызматкерлери ишкерлердин мыйзамды сактоосун текшере турганын кошумчалады. Табиятка зыян келтирбей чирип кетүүчү органикалык баштыктарды гана сатууга уруксат берилет. Ал эми Сапат сертификатын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу борбору берет.
https://sputnik.kg/20260925/tashtandy-toguuchu-jay-65-min-som-aiyp-pul-kuchotuu-1103887800.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101558/06/1015580672_111:0:1891:1335_1920x0_80_0_0_b6c1bb74672fd8de7d954c80cc7e18fd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, мыйзам, жаратылыш, желим баштыктар, тыюу салуу
кыргызстан, мыйзам, жаратылыш, желим баштыктар, тыюу салуу
Кыргызстанда 2027-жылдан тарта желим баштык колдонууга тыюу салынат
16:42 29.09.2026 (Жаңыртылды: 16:47 29.09.2026) БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Өлкөдө кийинки жылдан тарта желим баштыктарды колдонууга тыюу салынат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин өкүлү Нурсултан Акматов билдирди.
Ал тыюу салуу тууралуу мыйзам 2023-жылы кабыл алынганын эске салды. Пилоттук долбоор Ысык-Көл облусунда ишке кирген.
"Андан бери үч жыл ичинде жакшы эле жыйынтыктарга жетиштик, айрым желим буюмдарды жана полиэтилен баштыктарды сатууга тыюу салынды. Дүкөндөрдө кагаз баштыктар берилүүдө. 2027-жылы желим баштыктарга тыюу салган мыйзам өлкө боюнча күчүнө кирет", — деди Акматов.
Адис муниципалдык инспекциянын жана Жаратылыш ресурстары министрлигинин кызматкерлери ишкерлердин мыйзамды сактоосун текшере турганын кошумчалады.
Табиятка зыян келтирбей чирип кетүүчү органикалык баштыктарды гана сатууга уруксат берилет. Ал эми Сапат сертификатын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу борбору берет.