https://sputnik.kg/20260929/-agartuu-ministrligi-mektep-kitepteri-muzulmanov-2028-1103969366.html
Агартуу министрлиги мектептерди 2 жылда китеп менен толук камсыздоону убадалады
Агартуу министрлиги мектептерди 2 жылда китеп менен толук камсыздоону убадалады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Агартуу министрлиги 2027–2028-жылдары окуучуларды китептер менен дээрлик толук камсыздоону пландап жатат. Бул тууралуу... 29.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-29T13:17+0600
2026-09-29T13:17+0600
2026-09-29T13:20+0600
кыргызстан
мектеп
билим берүү
китеп
агартуу министрлиги
камсыздоо
https://sputnik.kg/img/07e9/03/18/1092852562_0:133:2560:1573_1920x0_80_0_0_4a7ca853c0a254e5d01905aa60e31665.jpg
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Агартуу министрлиги 2027–2028-жылдары окуучуларды китептер менен дээрлик толук камсыздоону пландап жатат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде Мектептик билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Мелисбек Музулманов билдирди.“Акыркы эки жылда китептердин бир бөлүгүн басып чыгарып, мектептерге жеткирдик. Көп жылдардан бери келе жаткан тартыштыкты азырынча толук жабууга мүмкүн болбой жатат. 2027–2028-жылдары мектептерди китеп менен камсыздоону дээрлик 100 пайызга жеткиришибиз керек, ошондуктан алар жыл бою үзгүлтүксүз басылат”, — деп түшүндүрдү Музулманов.Анын айтымында, учурда мектептер 11 жана 12 жылдык билим берүү программаларына ылайыкталган китептер менен 72 пайызга камсыздалган.
https://sputnik.kg/20260926/-mektepterge-okuu-kitepterin-chygaruuga-8-5-mlrd-som-bolunot-1103922926.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/18/1092852562_143:0:2418:1706_1920x0_80_0_0_5a4d16e5c9f5be415776f2d9b59e3a6b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, мектеп, билим берүү, китеп, агартуу министрлиги, камсыздоо
кыргызстан, мектеп, билим берүү, китеп, агартуу министрлиги, камсыздоо
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Агартуу министрлиги 2027–2028-жылдары окуучуларды китептер менен дээрлик толук камсыздоону пландап жатат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде Мектептик билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Мелисбек Музулманов билдирди.
“Акыркы эки жылда китептердин бир бөлүгүн басып чыгарып, мектептерге жеткирдик. Көп жылдардан бери келе жаткан тартыштыкты азырынча толук жабууга мүмкүн болбой жатат. 2027–2028-жылдары мектептерди китеп менен камсыздоону дээрлик 100 пайызга жеткиришибиз керек, ошондуктан алар жыл бою үзгүлтүксүз басылат”, — деп түшүндүрдү Музулманов.
Анын айтымында, учурда мектептер 11 жана 12 жылдык билим берүү программаларына ылайыкталган китептер менен 72 пайызга камсыздалган.
“Бүгүнкү күндө окуучулардын саны болжол менен 1,6 миллионду түзөт. Жумушчу дептерлерди кошкондо бардыгы үчүн 48,4 миллионго жакын окуу-методикалык комплекс талап кылынат. Учурда биз 10,4 миллион нуска басып чыгардык”, — деди Агартуу министрлигинин өкүлү.