https://sputnik.kg/20260923/business-aviation-summit-ottu-1103849828.html
Аба кемелеринин алгачкы көргөзмөсү. Караколдо Business Aviation Summit өттү
Аба кемелеринин алгачкы көргөзмөсү. Караколдо Business Aviation Summit өттү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. "Каракол" эл аралык аэропортунда Кыргызстандагы алгачкы Business Aviation Summit 2026 өттү. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору"... 23.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-23T11:53+0600
2026-09-23T11:53+0600
2026-09-23T11:53+0600
кыргызстан
каракол
аэропорт
саммит
көргөзмө
учак
https://sputnik.kg/img/07ea/09/17/1103848735_0:1:3639:2048_1920x0_80_0_0_cd9bcfbb8360cf08761db99daddea678.jpg
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. "Каракол" эл аралык аэропортунда Кыргызстандагы алгачкы Business Aviation Summit 2026 өттү. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага Airbus жана Bombardier сыяктуу бир катар авиакомпаниялардын жана учак өндүрүүчүлөрдүн өкүлдөрү катышкан. Саммиттин негизги максаты Кыргызстандын авиациялык инфратүзүмүнүн жана "Каракол" эл аралык аэропортунун бизнес-авиацияны өнүктүрүү үчүн келечектүү аянтча катары мүмкүнчүлүктөрүн тааныштыруу болду. Катышуучулардын өзгөчө кызыгуусун аэропортто уюштурулган аба кемелеринин көргөзмөсү жаратты. Анда бизнес-джеттер жана тик учактар, ошондой эле медициналык каттамдарды аткарууга ылайыкташтырылган кытайлык COMAC компаниясынын учагы көрсөтүлдү. Мындан тышкары, перронго Asman Airlines авиакомпаниясынын De Havilland Dash 8-400 учагы да коюлду.
https://sputnik.kg/20260915/legendariluu-tu-104-uchagynyn-uzak-sapary-1103684072.html
каракол
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/17/1103848735_455:0:3186:2048_1920x0_80_0_0_b6317ae633f28db954c6dcec1f8da093.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, каракол, аэропорт, саммит, көргөзмө, учак
кыргызстан, каракол, аэропорт, саммит, көргөзмө, учак
Аба кемелеринин алгачкы көргөзмөсү. Караколдо Business Aviation Summit өттү
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. "Каракол" эл аралык аэропортунда Кыргызстандагы алгачкы Business Aviation Summit 2026 өттү. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" билдирди.
Маалымдалгандай, иш-чарага Airbus жана Bombardier сыяктуу бир катар авиакомпаниялардын жана учак өндүрүүчүлөрдүн өкүлдөрү катышкан.
Саммиттин негизги максаты Кыргызстандын авиациялык инфратүзүмүнүн жана "Каракол" эл аралык аэропортунун бизнес-авиацияны өнүктүрүү үчүн келечектүү аянтча катары мүмкүнчүлүктөрүн тааныштыруу болду.
Катышуучулардын өзгөчө кызыгуусун аэропортто уюштурулган аба кемелеринин көргөзмөсү жаратты. Анда бизнес-джеттер жана тик учактар, ошондой эле медициналык каттамдарды аткарууга ылайыкташтырылган кытайлык COMAC компаниясынын учагы көрсөтүлдү.
Мындан тышкары, перронго Asman Airlines авиакомпаниясынын De Havilland Dash 8-400 учагы да коюлду.