https://sputnik.kg/20260921/moskva-kyrgyzstan-biznes-missiya-tovar-eksport--1103813844.html
Москвалык өндүрүшчүлөр Кыргызстандагы өнөктөштөрү менен сүйлөшүү жүргүздү
Москвалык өндүрүшчүлөр Кыргызстандагы өнөктөштөрү менен сүйлөшүү жүргүздү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Москванын өнөр жай тармагынын өкүлдөрү бизнес-миссиянын алкагында Бишкекке келип, Кыргызстандын мамлекеттик жана жеке ишканаларынын... 21.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-21T18:01+0600
2026-09-21T18:01+0600
2026-09-21T18:01+0600
кыргызстан
россия
бишкек
бизнес
өндүрүш
кызматташуу
https://sputnik.kg/img/07ea/09/15/1103813960_0:0:1920:1080_1920x0_80_0_0_3e9f4a6e6b7c5c03289587cc87236d4a.jpg
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Москванын өнөр жай тармагынын өкүлдөрү бизнес-миссиянын алкагында Бишкекке келип, Кыргызстандын мамлекеттик жана жеке ишканаларынын жетекчилери менен жолукту. Анда товарларды жана жабдууларды алып келүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу Москва өкмөтүнүн министри, Инвестициялык жана өнөр жай саясаты департаментинин жетекчиси Анатолий Гарбузов билдирди. Делегациянын катарындагы "Инженердик системалар лабораториясы" күнөсканаларга керектүү заманбап жабдууларды чыгарат. Алардын автоматташтырылган системалары түшүмдү бир нече эсе көбөйтүүгө өбөлгө түзөт. Компаниянын өкүлдөрү Кыргызстандын Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы, дыйкан-фермердик чарбалар жана Veges менен "Евросервис групп" компаниялары менен сүйлөштү. Ал эми өлчөөчү жабдууларды чыгарган "Себа инжиниринг" компаниясы көчмө электр лабораторияларын жана трансформаторлорду текшере турган, электр кабель чубалгыларындагы бузулган жерлерди так аныктаган заманбап аппаратураларды сунуштайт. Жолугушууда НЭСК, "Кыргыз алтын" жана "Альянс алтын" ишканалары менен кабель түйүндөрүндөгү авария болгон жерлерди бат аныктоо технологиясын колдонуу талкууланды. Ошондой эле "Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасы жылуулук жана суу түтүктөрүндөгү суу агып кеткен жерлерди же бузулууларды аныктоочу чечимдерге кызыкты. Бизнес-миссияга көзгө тагылчу атайын медициналык линзаларды жасап сыртка саткан "Смарт оптикс" фирмасы да кошулду. Алар көздүн көрүүсүн калыбына келтирүүчү түнкү линзаларды жана көз чели ооругандар үчүн склералык линзаларды чыгарат. Москванын тамак-аш өнөр жайын "Ударница" кондитердик фабрикасы тааныштырып, Кыргызстандагы "Умай групп" соода түйүндөр тармагы менен келишим түзүү боюнча пикир алышты. Өнөктөштөр менен болгон мындай жолугушууларды уюштуруунун бардык чыгымдарын "Моспром" борбору көтөрдү. Бул борборду Москва өкмөтү 2019-жылы ишкерлерге колдоо көрсөтүү, инвестиция тартуу, өнөр жай жана айыл чарба товарларын экспорттоону жандандыруу максатында түзгөн.
https://sputnik.kg/20260806/kyrgyzstan-rossiya-menen-kyzmattashuu-arttyraby-1102823067.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/15/1103813960_190:0:1630:1080_1920x0_80_0_0_b7c7c724c395aec4440eef1c5061e37f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, бишкек, бизнес, өндүрүш, кызматташуу
кыргызстан, россия, бишкек, бизнес, өндүрүш, кызматташуу
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Москванын өнөр жай тармагынын өкүлдөрү бизнес-миссиянын алкагында Бишкекке келип, Кыргызстандын мамлекеттик жана жеке ишканаларынын жетекчилери менен жолукту. Анда товарларды жана жабдууларды алып келүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу Москва өкмөтүнүн министри, Инвестициялык жана өнөр жай саясаты департаментинин жетекчиси Анатолий Гарбузов билдирди.
"Кыргызстан — Москванын өнөр жай товарларын сатуу боюнча негизги багыттардын бири. Жалпы Россия менен Кыргызстандын ортосундагы сооданын 27 пайызы борбор шаарга туура келет. 2026-жылдын алты айында бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 22 пайызга өстү. Жөнөтүлгөн товарлардын басымдуу бөлүгүн тамак-аш менен суусундуктар түзөт. Алардын экспорту 12,8 пайызга өскөн. Ошондой эле өлкөдө дары-дармектерге болгон суроо-талап 62,5 пайызга, ал эми медициналык буюмдарга 45,2 пайызга өскөн. Бишкектеги бизнес-миссияга айыл чарба жабдууларын, өлчөөчү шаймандарды, оптика, ошондой эле азык-түлүк — кондитердик жана нан азыктарын өндүрүүчүлөр кошулду", — деди Анатолий Гарбузов.
Делегациянын катарындагы "Инженердик системалар лабораториясы" күнөсканаларга керектүү заманбап жабдууларды чыгарат. Алардын автоматташтырылган системалары түшүмдү бир нече эсе көбөйтүүгө өбөлгө түзөт. Компаниянын өкүлдөрү Кыргызстандын Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы, дыйкан-фермердик чарбалар жана Veges менен "Евросервис групп" компаниялары менен сүйлөштү.
Ал эми өлчөөчү жабдууларды чыгарган "Себа инжиниринг" компаниясы көчмө электр лабораторияларын жана трансформаторлорду текшере турган, электр кабель чубалгыларындагы бузулган жерлерди так аныктаган заманбап аппаратураларды сунуштайт. Жолугушууда НЭСК, "Кыргыз алтын" жана "Альянс алтын" ишканалары менен кабель түйүндөрүндөгү авария болгон жерлерди бат аныктоо технологиясын колдонуу талкууланды. Ошондой эле "Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасы жылуулук жана суу түтүктөрүндөгү суу агып кеткен жерлерди же бузулууларды аныктоочу чечимдерге кызыкты.
Бизнес-миссияга көзгө тагылчу атайын медициналык линзаларды жасап сыртка саткан "Смарт оптикс" фирмасы да кошулду. Алар көздүн көрүүсүн калыбына келтирүүчү түнкү линзаларды жана көз чели ооругандар үчүн склералык линзаларды чыгарат.
Москванын тамак-аш өнөр жайын "Ударница" кондитердик фабрикасы тааныштырып, Кыргызстандагы "Умай групп" соода түйүндөр тармагы менен келишим түзүү боюнча пикир алышты.
Өнөктөштөр менен болгон мындай жолугушууларды уюштуруунун бардык чыгымдарын "Моспром" борбору көтөрдү. Бул борборду Москва өкмөтү 2019-жылы ишкерлерге колдоо көрсөтүү, инвестиция тартуу, өнөр жай жана айыл чарба товарларын экспорттоону жандандыруу максатында түзгөн.