https://sputnik.kg/20260917/atambayev-zhana-sultanbekovdun-sotunda-chyr-chykty-1103722882.html
Кадырбек Атамбаев менен Темирлан Султанбековдун сотунда чыр чыкты. Видео
Кадырбек Атамбаев менен Темирлан Султанбековдун сотунда чыр чыкты. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев жана коомдук ишмер Темирлан Султанбековдун сотунда чыр чыкты. 17.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-17T12:33+0600
2026-09-17T12:33+0600
2026-09-17T12:33+0600
кыргызстан
кадырбек атамбаев
темирлан султанбеков
сот
чыр
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/18/1091034783_0:19:3071:1746_1920x0_80_0_0_8e727759286154e7c3b66fb050e49cc7.jpg.webp
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев жана коомдук ишмер Темирлан Султанбековдун сотунда чыр чыкты. Кадырбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесаревдин айтымында, Султанбеков адегенде сот залына кишенчен кирүүдөн баш тарткан. Юрист айыпталуучуларга бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып коюлганын билдирди. Соттук териштирүү учурда иштин материалдарын изилдөө этабында жүрүп жатат. Белгилей кетсек, буга чейин ИИМ 2025-жылы парламенттик шайлоодон кийин массалык башаламандык уюштурууга даярданган топ кармалганын билдирген. Алардын арасында саясий ишмерлер, экс-депутаттар, мамлекеттик жана күч түзүмдөрүнүн мурдагы кызматкерлери бар. Милициянын маалыматы боюнча, алар уюшкан кылмыштуу топторду, спорт менен шугулдангандарды жана тарапкерлерин башаламандык уюштурууга үндөп, күч колдонууга тартууну көздөшкөн. Шектүүлөр өлкө боюнча бир нече митинг өткөрүүнү пландаштырышканы айтылат.
https://sputnik.kg/20260910/bishkek-shaardyk-sotu-75chilerdin-katy-okum-probatsiya-1103578883.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/18/1091034783_340:0:3071:2048_1920x0_80_0_0_425363686ac44ae92f7f7ae9cb46d391.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, кадырбек атамбаев, темирлан султанбеков, сот, чыр
кыргызстан, кадырбек атамбаев, темирлан султанбеков, сот, чыр
Кадырбек Атамбаев менен Темирлан Султанбековдун сотунда чыр чыкты. Видео
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев жана коомдук ишмер Темирлан Султанбековдун сотунда чыр чыкты.
Кадырбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесаревдин айтымында, Султанбеков адегенде сот залына кишенчен кирүүдөн баш тарткан.
"Атамбаев сот залына кишени менен кирди. Бирок кийин сот аны туура эмес жүрүм-туруму үчүн отурумдан чыгарып салды. Прокурор эки айыпталуучуну тең сотко мажбурлап алып келүү боюнча өтүнүч келтирип, судья аны канааттандырды", — деди Слесарев.
Юрист айыпталуучуларга бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып коюлганын билдирди. Соттук териштирүү учурда иштин материалдарын изилдөө этабында жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, буга чейин ИИМ 2025-жылы парламенттик шайлоодон кийин массалык башаламандык уюштурууга даярданган топ кармалганын билдирген. Алардын арасында саясий ишмерлер, экс-депутаттар, мамлекеттик жана күч түзүмдөрүнүн мурдагы кызматкерлери бар. Милициянын маалыматы боюнча, алар уюшкан кылмыштуу топторду, спорт менен шугулдангандарды жана тарапкерлерин башаламандык уюштурууга үндөп, күч колдонууга тартууну көздөшкөн. Шектүүлөр өлкө боюнча бир нече митинг өткөрүүнү пландаштырышканы айтылат.