https://sputnik.kg/20260915/bishkek-sotu-bangikylmysh-statistika-1103686606.html
Бишкекте баңгизат соодасы өспүрүмдөргө жетти. Прокуратуранын кооптуу статистикасы
Бишкекте баңгизат соодасы өспүрүмдөргө жетти. Прокуратуранын кооптуу статистикасы
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Бишкектин Биринчи май райондук сотунда баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу кылмыш иштери өсүп, кооптуу чегине жеткени... 15.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-15T19:00+0600
2026-09-15T19:00+0600
2026-09-16T09:38+0600
кыргызстан
бишкек
баңгизат
кылмыш
сот
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0b/1101825519_0:85:810:541_1920x0_80_0_0_3395a8783648099813f291120f228f35.jpg
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Бишкектин Биринчи май райондук сотунда баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу кылмыш иштери өсүп, кооптуу чегине жеткени айтылды. Бир жылдын ичинде сот жообуна тартылгандардын саны дээрлик эки эсе көбөйүп, абакты көздөй жол тарткандар кескин арбыды. Бул тууралуу аталган райондун прокурорунун улук жардамчысы Нурзада Молдокеева билдирди.Анын маалыматына ылайык, 2026-жылдын алгачкы жарым жылдыгында 85 адамга карата 49 жазык иши каралып, бир дагы адам акталган эмес. Тескерисинче, каралган иштердин басымдуу бөлүгү өзгөчө оор беренелерге туура келип, 73 адам эркинен ажыратылган. Калгандарына айып салынып, бир гана адам пробациялык көзөмөлгө чыгарылган. Салыштыруу үчүн айтсак, былтыркы ушул мезгилде 26 гана адам абакка кесилген.Эң эле кооптуусу — наркобизнестин тузагына аялдар менен өспүрүмдөр да активдүү тартыла баштаган. Акыркы алты айдын ичинде эле сегиз аялга жана үч өспүрүмгө карата сот өкүмдөрү чыккан.Молдокеева бул кургак сандардын артында бүтүндөй үй-бүлөлөрдүн трагедиясы жана сынган тагдырлар турганын баса белгиледи. Анын айтымында, баңгизат соодасы коомдук коопсуздукка түз коркунуч келтире баштагандыктан, маселени жалаң гана соттук жаза менен чечүү мүмкүн эмес. Прокуратура өкүлү өзгөчө жаштар арасындагы мыйзам бузуулардын тамырын кыркуу үчүн үй-бүлө, мектеп жана коомчулук биргелешип алдын алуу иштерин күчөтүшү керектигин эскертти.
https://sputnik.kg/20260908/bangizat-satuuga-shektuu-karmaldy--1103522220.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0b/1101825519_0:67:810:675_1920x0_80_0_0_49f114e0590249accdabf950f4d56080.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, баңгизат, кылмыш, сот
кыргызстан, бишкек, баңгизат, кылмыш, сот
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Бишкектин Биринчи май райондук сотунда баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу кылмыш иштери өсүп, кооптуу чегине жеткени айтылды. Бир жылдын ичинде сот жообуна тартылгандардын саны дээрлик эки эсе көбөйүп, абакты көздөй жол тарткандар кескин арбыды. Бул тууралуу аталган райондун прокурорунун улук жардамчысы Нурзада Молдокеева билдирди.
Анын маалыматына ылайык, 2026-жылдын алгачкы жарым жылдыгында 85 адамга карата 49 жазык иши каралып, бир дагы адам акталган эмес. Тескерисинче, каралган иштердин басымдуу бөлүгү өзгөчө оор беренелерге туура келип, 73 адам эркинен ажыратылган. Калгандарына айып салынып, бир гана адам пробациялык көзөмөлгө чыгарылган. Салыштыруу үчүн айтсак, былтыркы ушул мезгилде 26 гана адам абакка кесилген.
Эң эле кооптуусу — наркобизнестин тузагына аялдар менен өспүрүмдөр да активдүү тартыла баштаган. Акыркы алты айдын ичинде эле сегиз аялга жана үч өспүрүмгө карата сот өкүмдөрү чыккан.
Молдокеева бул кургак сандардын артында бүтүндөй үй-бүлөлөрдүн трагедиясы жана сынган тагдырлар турганын баса белгиледи. Анын айтымында, баңгизат соодасы коомдук коопсуздукка түз коркунуч келтире баштагандыктан, маселени жалаң гана соттук жаза менен чечүү мүмкүн эмес. Прокуратура өкүлү өзгөчө жаштар арасындагы мыйзам бузуулардын тамырын кыркуу үчүн үй-бүлө, мектеп жана коомчулук биргелешип алдын алуу иштерин күчөтүшү керектигин эскертти.