https://sputnik.kg/20260909/bessent-jakynky-chygysh-opek-munai-rynogy-1103543813.html
АКШ министри Жакынкы Чыгыштагы абал жөнгө салынса ОПЕК тарай турганын айтты
АКШ министри Жакынкы Чыгыштагы абал жөнгө салынса ОПЕК тарай турганын айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Жакынкы Чыгыштагы кырдаал турукташкандан кийин ОПЕК сөзсүз тарайт. Мындай пикирин АКШнын каржы министри Скотт Бессент билдиргенин РИА... 09.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-09T10:51+0600
2026-09-09T10:51+0600
2026-09-09T10:51+0600
дүйнөдө
акш
опек
жакынкы чыгыш
иран
https://sputnik.kg/img/07e6/0c/05/1070692799_0:37:3120:1792_1920x0_80_0_0_ccb069658aaf02f11ad37c5b5f523306.jpg
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Жакынкы Чыгыштагы кырдаал турукташкандан кийин ОПЕК сөзсүз тарайт. Мындай пикирин АКШнын каржы министри Скотт Бессент билдиргенин РИА Новости жазды. ОПЕК 1960-жылы алдыңкы мунай өндүрүүчү өлкөлөр тарабынан негизделген. Анын башкы максаты мунай казып алууну координациялоо, экспорттук квоталарды көзөмөлдөө жана дүйнөлүк бааларды турукташтыруу болуп эсептелет. Буга чейин Бессент АКШ Иранга каршы масштабдуу экономикалык кысым көрсөтүүгө өткөнүн жарыялаган эле. Вашингтон мындай аракеттерин Жакынкы Чыгышта уланып жаткан куралдуу жаңжалдар менен байланыштырып келет. Быйыл Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ) ОПЕК жана ОПЕК+ курамынан чыгып кеткен. Мындан тышкары, маалымат каражаттарында Венесуэланын да бул уюмдан чыгышы ыктымал деген кабарлар тараган. Жакынкы Чыгыштагы кырдаал курчуп турган маалда дүйнөлүк мунай рыногу үчүн Ормуз кысыгы өзгөчө стратегиялык мааниге ээ болууда. Ал Перс булуңундагы өлкөлөрдөн мунай жана суюлтулган жаратылыш газын ташып чыгаруучу негизги деңиз коридору болуп саналат.
https://sputnik.kg/20260909/iran-aksh-chabuul-tanker-1103540454.html
акш
жакынкы чыгыш
иран
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0c/05/1070692799_259:0:2988:2047_1920x0_80_0_0_cc459ee0e68050f186be07a10dd7e0ed.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, опек, жакынкы чыгыш, иран
дүйнөдө, акш, опек, жакынкы чыгыш, иран
АКШ министри Жакынкы Чыгыштагы абал жөнгө салынса ОПЕК тарай турганын айтты
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Жакынкы Чыгыштагы кырдаал турукташкандан кийин ОПЕК сөзсүз тарайт. Мындай пикирин АКШнын каржы министри Скотт Бессент билдиргенин
РИА Новости жазды.
"Күндөрдүн бир күнүндө Жакынкы Чыгыштагы кырдаал жөнгө салынат, ал эми ОПЕК кулайт", — деди Бессент Түштүк методист университетине караштуу Кокс бизнес-мектебинде өткөн талкуу учурунда.
ОПЕК 1960-жылы алдыңкы мунай өндүрүүчү өлкөлөр тарабынан негизделген. Анын башкы максаты мунай казып алууну координациялоо, экспорттук квоталарды көзөмөлдөө жана дүйнөлүк бааларды турукташтыруу болуп эсептелет.
Буга чейин Бессент АКШ Иранга каршы масштабдуу экономикалык кысым көрсөтүүгө өткөнүн жарыялаган эле. Вашингтон мындай аракеттерин Жакынкы Чыгышта уланып жаткан куралдуу жаңжалдар менен байланыштырып келет.
Быйыл Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ) ОПЕК жана ОПЕК+ курамынан чыгып кеткен. Мындан тышкары, маалымат каражаттарында Венесуэланын да бул уюмдан чыгышы ыктымал деген кабарлар тараган.
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал курчуп турган маалда дүйнөлүк мунай рыногу үчүн Ормуз кысыгы өзгөчө стратегиялык мааниге ээ болууда. Ал Перс булуңундагы өлкөлөрдөн мунай жана суюлтулган жаратылыш газын ташып чыгаруучу негизги деңиз коридору болуп саналат.