https://sputnik.kg/20260909/-mamlekettik-katchy-koychiev-komuz-kunu-kuttuktoo-1103550743.html
Мамлекеттик катчы кыргызстандыктарды Комуз күнү менен куттуктады
Мамлекеттик катчы кыргызстандыктарды Комуз күнү менен куттуктады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Бүгүн, 9-сентябрда, Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев жалпы кыргызстандыктарды улуттук маданияттын баалуу мурастарынын... 09.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-09T13:51+0600
2026-09-09T13:51+0600
2026-09-09T14:49+0600
кыргызстан
мамлекеттик катчы
арслан койчиев
комуз күнү
куттуктоо
маданият
https://sputnik.kg/img/07e5/04/14/1052201150_0:106:2043:1255_1920x0_80_0_0_8c391bf44743c182d472ff7ecf08b44b.jpg
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Бүгүн, 9-сентябрда, Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев жалпы кыргызстандыктарды улуттук маданияттын баалуу мурастарынын бири болгон Комуз күнү менен куттуктады.Ал комуз кыргыз элинин кылымдарды карыткан тарыхынын, нарк-насилинин жана дүйнө таанымынын башкы коштоочусу экенин белгилеген.Ошондой эле ал комуздун маданияттагы орду “Манас” эпосунда, анын ичинде Сагынбай Орозбаковдун вариантында да кездешерин эске салды. Мындан сырткары, Монголия аймагындагы археологиялык казууларда VIII–IX кылымдарга таандык комуз табылганын, бул көчмөн элдер арасында кылдуу аспаптар байыртадан эле кеңири колдонулганын далилдей турганын белгиледи.Мамлекеттик катчы Токтогул, Карамолдо, Мураталы, Ниязаалы, Ыбырай, Атай сыяктуу залкарлардын күүчүлүк салтын улантып, ата-бабадан калган бул мурасты келечек муунга өткөрүп берүү башкы милдет экенине токтолду.Сөзүнүн соңунда Арслан Койчиев кыргыз комузунун добушу Ала-Тоо койнунда гана эмес, эл аралык сахналарда да жаңырып, дүйнө жүзүнө элибиздин маданиятын таанытып жатканын кошумчалап, элге ынтымак, өлкөгө өнүгүү каалады.
https://sputnik.kg/20260909/1103540392.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/04/14/1052201150_113:0:1928:1361_1920x0_80_0_0_1db59e47ae72975dcb3008c818c76e34.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, мамлекеттик катчы, арслан койчиев, комуз күнү, куттуктоо, маданият
кыргызстан, мамлекеттик катчы, арслан койчиев, комуз күнү, куттуктоо, маданият
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Бүгүн, 9-сентябрда, Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев жалпы кыргызстандыктарды улуттук маданияттын баалуу мурастарынын бири болгон Комуз күнү менен куттуктады.
Ал комуз кыргыз элинин кылымдарды карыткан тарыхынын, нарк-насилинин жана дүйнө таанымынын башкы коштоочусу экенин белгилеген.
“Жазма маданият кеңири жайыла элек замандарда эле элибиз өзүнүн тарыхын, санжырасын, нарк-насилин, дүйнөгө болгон көз карашын сөз, эпос, обон жана күү аркылуу муундан муунга өткөрүп келген. Ошол улуу руханий көчтүн башкы коштоочуларынын бири — комуз”, — деди Койчиев.
Ошондой эле ал комуздун маданияттагы орду “Манас” эпосунда, анын ичинде Сагынбай Орозбаковдун вариантында да кездешерин эске салды. Мындан сырткары, Монголия аймагындагы археологиялык казууларда VIII–IX кылымдарга таандык комуз табылганын, бул көчмөн элдер арасында кылдуу аспаптар байыртадан эле кеңири колдонулганын далилдей турганын белгиледи.
Мамлекеттик катчы Токтогул, Карамолдо, Мураталы, Ниязаалы, Ыбырай, Атай сыяктуу залкарлардын күүчүлүк салтын улантып, ата-бабадан калган бул мурасты келечек муунга өткөрүп берүү башкы милдет экенине токтолду.
Сөзүнүн соңунда Арслан Койчиев кыргыз комузунун добушу Ала-Тоо койнунда гана эмес, эл аралык сахналарда да жаңырып, дүйнө жүзүнө элибиздин маданиятын таанытып жатканын кошумчалап, элге ынтымак, өлкөгө өнүгүү каалады.