Кырчында уз-усталардын сынагы жыйынтыкталып, мыктылар тандалды
17:01 06.09.2026 (Жаңыртылды: 16:36 08.09.2026)

© REUTERS Pavel Mikheyev
Жазылуу
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда кол өнөрчүлөрдүн сынагы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, туризм жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
"Уз-уста" кол өнөрчүлүк сынагы төрт багыт боюнча өткөн.
Темирчилик жана зергерчилик:
баш байге — Ырысбек Мамбетакунов, Чүй облусу;
I орун — Муфтидин Букардинов, Чүй облусу;
II орун — Жылдызбек Тойбеков, "Жер-Эне" ордосу;
III орун — Сүйүналы Момунбаев, Нарын облусу жана Самат Сатаров, Чүй облусу;
калыстар тобунун атайын сыйлыгы — Алымкул уулу Ноорузбек, Бишкек шаары.
Жыгаччылык:
баш байге — Нурадин Абдразаков, Чүй облусу;
I орун — Эркинбек Жанаков, Нарын облусу;
II орун — Мирбек Манапбаев, Бишкек шаары;
III орун — Мамбеталиев Ринат жана Уланбек уулу Чыңгыз, Чүй облусу;
калыстар тобунун атайын сыйлыгы — Таштанбек Сооронбаев, Жалал-Абад облусу.
Саймачылык:
баш байге — Саидрахман Шарипов, "Кийиз дүйнө" ордосу;
I орун — Ибарат Амангелдиев, Нарын облусу;
II орун — Нурайым Жумакадырова, "Кийиз дүйнө" ордосу;
III орун — Нуржан Сулайманова жана Нуржамал Мамаева, Чүй облусу;
калыстар тобунун атайын сыйлыгы — Бүбүзура Ажимудинова, Нарын облусу.
Көнчүлүк — тери иштетүү:
баш байге — Кадырбек Мусаев, Ысык-Көл облусу;
I орун — Самаган Токтосунов, Чүй облусу;
II орун — Сагын Дедиева, Чүй облусу;
III орун — Тентигул уулу Дастанбек, Бишкек шаары жана Төлөбек уулу Эржан, Нарын облусу;
калыстар тобунун атайын сыйлыгы — Кубанычбек Дүйшенбиев, Чүй облусу.
Мындан тышкары, салттуу кийимдер, каада-салт, улуттук тамак-аш, боз үй тигүү жана башка багыттар боюнча бир катар республикалык сынактар өткөрүлдү.
"Саркеч" салттуу кийимдер сынагы:
баш байге — "Кийиз-Дүйнө" уюмунун өкүлү Нуржамал Асангулова;
I орун — Исакбаева Перизат, Ош шаары;
II орун — Соноева Зарылкан, Ысык-Көл облусу;
III орун — "Пери Этно" мода үйү жана Абдырасулова Рахима, Ош облусу;
калыстар тобунун атайын сыйлыгы — Сайрамо Сайра Момунбаева, Нарын облусу.
"Улуттук каада-салттар" сынагы:
баш байге — Ош шаары;
I орун — Чүй облусу;
II орун — Нарын облусу;
III орун — Ысык-Көл жана Ош облустары.
"Көчмөн даамы" улуттук тамак-аш сынагы:
баш байге — Ысык-Көл облусу;
I орун — Жалал-Абад облусу;
II орун — Ош шаары;
III орун — Чүй жана Нарын облустары.
"Мыкты кыргыз боз үйү" сынагы:
баш байге — Ысык-Көл облусу;
I орун — "Кийиз-Дүйнө" коомдук фонду;
II орун — Нарын облусу;
III орун — Баткен облусу жана Бишкек шаары.
Ал эми "Шамдагайлар" сынагында кыз-келиндер жана жигиттер арасында боз үйдү тез тигүү, чечүү жана жыйноо боюнча чеберчилик сыналды. Сынактын калыстар тобун боз үйчү уста, КР маданиятынын мыкты кызматкери, боз үйдү 8 мүнөт 14 секундда тигүү боюнча дүйнөлүк рекордсмен Бектемиров Төлөсүн Бектемирович жетектеди.
"Көчмөндөр ааламы" этномаданий шаарчасында өткөрүлгөн сынактар Кыргызстандын аймактарынын маданий өзгөчөлүктөрүн бир аянтчага бириктирип, улуттук баалуулуктарды сактоо, өнүктүрүү жана кийинки муундарга өткөрүп берүүдө маанилүү маданий аянтча болду.

