https://sputnik.kg/20260902/putindin-shku-sammitinen-kijinki-zhyjyntyk-cozu-1103392175.html
РФ лидери Путиндин Бишкектеги ШКУ саммитинен кийинки жыйынтык сөзү
РФ лидери Путиндин Бишкектеги ШКУ саммитинен кийинки жыйынтык сөзү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Бишкектеги ШКУ жана "ШКУ+" саммиттери жыйынтыкталгандан кийин журналисттер менен баарлашып, бир... 02.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-02T03:58+0600
2026-09-02T03:58+0600
2026-09-02T09:33+0600
кыргызстан
шку
саммит
владимир путин
украина
согуш
тынчтык
https://sputnik.kg/img/07ea/09/02/1103390586_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_f24e91e0e15dfdfb0271afc7c6424577.jpg
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Бишкектеги ШКУ жана "ШКУ+" саммиттери жыйынтыкталгандан кийин журналисттер менен баарлашып, бир катар суроолорго жооп берди. ШКУ саммити тууралуу. Путин Бишкекте өткөн жолугушуунун уюштурулушун жогору баалап, Садыр Жапаровго жана анын командасына ыраазычылык билдирди. Айтымында, иш-чара "кынтыксыз, мыкты өткөн". ШКУнун келечеги тууралуу. Бүгүнкү күндө уюм дээрлик дүйнө жүзүнүн жарымы болуп саналат: планетадагы элдин жарымынан көбү, дүйнөлүк ИДПнын үчтөн бир бөлүгү, ири жаратылыш ресурстары жана логистикалык мүмкүнчүлүктөр ушул уюмга туура келет. "Аморфтук" структурага айланып калбашы үчүн ШКУ акырындап кеңеет. АКШ менен сүйлөшүүлөр тууралуу. Москвага Жаред Кушнер жана Стив Уиткофф менен иштешүү абдан ыңгайлуу. Путин аларга Дональд Трамп ишенерин белгиледи. Согуш талаасындагы абал тууралуу. Путин каршылашкан тарап акыры жеңилеринен күмөн санабайт. Ушу тапта учкучсуз аппараттар олуттуу сыноо болууда, бирок Россия муну жөнгө салып жатат. Украинанын соккулары тууралуу. Украин дрондору Москвага, Сантк-Петербургга жана мунай иштеткен заводдорго чабуул жасоого аракет кылды, энергетика объектилери катуу жабыркады. "Сокку урары менен жооп алат". Россия авиациясына байланыштуу коркутуулар тууралуу. Зеленскийдин Россиянын асманын "жаап", дрон санын көбөйтүү ниети — "мамлекеттик төңкөрүштүн жышанасы". "Террорчулар менен эч ким сүйлөшпөйт". Украинанын экономикасы тууралуу. Экспорт жаатында жаралган маселелер Украинаны дароо валюталык, бюджеттик жана банктык каатчылыкка кептеши мүмкүн. Россиядагы жаңы мобилизация тууралуу. Мамдумага шайлоо өткөндөн кийин жаңы мобилизация боюнча айтылган сөздөрдү Путин "сандырактык" жана "Россияга каршы маалыматтык согуш" деп атады. Жаңжалдын токтошу тууралуу. Россия тирешүүнү азыркы жүрүп жаткан жеринен эле токтотуп койбой, "согушту биротоло бүтүрүп, Украина менен Европада узакка созула турган тынчтык орнотууну" каалайт. Бишкектеги лидерлер менен жолугушуулар тууралуу. Өнөктөштөр чырдын эртерээк соңуна чыгышына, тынчтык менен бүтүшүнө кызыкдар. Деген менен эч ким Россияга кысым жасап, эч нерсе таңуулаган жок.
https://sputnik.kg/20260902/putin-kyrgyzstandy-baalady-1103388369.html
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/02/1103390586_149:0:2880:2048_1920x0_80_0_0_b97ba0b9ebc47263ace8bf3a1769b04f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, шку, саммит, владимир путин, украина, согуш, тынчтык
кыргызстан, шку, саммит, владимир путин, украина, согуш, тынчтык
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Бишкектеги ШКУ жана "ШКУ+" саммиттери жыйынтыкталгандан кийин журналисттер менен баарлашып, бир катар суроолорго жооп берди.
ШКУ саммити тууралуу. Путин Бишкекте өткөн жолугушуунун уюштурулушун жогору баалап, Садыр Жапаровго жана анын командасына ыраазычылык билдирди. Айтымында, иш-чара "кынтыксыз, мыкты өткөн".
ШКУнун келечеги тууралуу. Бүгүнкү күндө уюм дээрлик дүйнө жүзүнүн жарымы болуп саналат: планетадагы элдин жарымынан көбү, дүйнөлүк ИДПнын үчтөн бир бөлүгү, ири жаратылыш ресурстары жана логистикалык мүмкүнчүлүктөр ушул уюмга туура келет. "Аморфтук" структурага айланып калбашы үчүн ШКУ акырындап кеңеет.
АКШ менен сүйлөшүүлөр тууралуу. Москвага Жаред Кушнер жана Стив Уиткофф менен иштешүү абдан ыңгайлуу. Путин аларга Дональд Трамп ишенерин белгиледи.
Согуш талаасындагы абал тууралуу. Путин каршылашкан тарап акыры жеңилеринен күмөн санабайт. Ушу тапта учкучсуз аппараттар олуттуу сыноо болууда, бирок Россия муну жөнгө салып жатат.
Украинанын соккулары тууралуу. Украин дрондору Москвага, Сантк-Петербургга жана мунай иштеткен заводдорго чабуул жасоого аракет кылды, энергетика объектилери катуу жабыркады. "Сокку урары менен жооп алат".
Россия авиациясына байланыштуу коркутуулар тууралуу. Зеленскийдин Россиянын асманын "жаап", дрон санын көбөйтүү ниети — "мамлекеттик төңкөрүштүн жышанасы". "Террорчулар менен эч ким сүйлөшпөйт".
Украинанын экономикасы тууралуу. Экспорт жаатында жаралган маселелер Украинаны дароо валюталык, бюджеттик жана банктык каатчылыкка кептеши мүмкүн.
Россиядагы жаңы мобилизация тууралуу. Мамдумага шайлоо өткөндөн кийин жаңы мобилизация боюнча айтылган сөздөрдү Путин "сандырактык" жана "Россияга каршы маалыматтык согуш" деп атады.
Жаңжалдын токтошу тууралуу. Россия тирешүүнү азыркы жүрүп жаткан жеринен эле токтотуп койбой, "согушту биротоло бүтүрүп, Украина менен Европада узакка созула турган тынчтык орнотууну" каалайт.
Бишкектеги лидерлер менен жолугушуулар тууралуу. Өнөктөштөр чырдын эртерээк соңуна чыгышына, тынчтык менен бүтүшүнө кызыкдар. Деген менен эч ким Россияга кысым жасап, эч нерсе таңуулаган жок.