https://sputnik.kg/20260901/zhaparov-shkunun-zhiyynyn-achyp-uyumga-baasyn-berdi-1103361444.html
Жапаров: ШКУ дүйнөдөгү алдыңкы эл аралык уюмдардын бирине айланып, салмагы артты
Жапаров: ШКУ дүйнөдөгү алдыңкы эл аралык уюмдардын бирине айланып, салмагы артты
Sputnik Кыргызстан
Президент ШКУга мүчө мамлекеттер дүйнө калкынын 40 пайыздан ашыгын бириктирип, дүйнөлүк ИДПнын чейрек бөлүгүнө жакынын камсыздап жатканын айтты. 01.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-01T10:56+0600
2026-09-01T10:56+0600
2026-09-01T13:04+0600
кыргызстан
шку
садыр жапаров
саммит
кызматташуу
геосаясат
коопсуздук
экономика
https://sputnik.kg/img/07ea/09/01/1103365800_0:132:3173:1917_1920x0_80_0_0_412ec6cc1a1790115359ca5623d29a82.jpg
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Чейрек кылым ичинде ШКУ чек арадагы ишенимди бекемдөөчү механизмден дүйнөдөгү алдыңкы эл аралык биримдикке айланып, зарыл уюм экенин далилдей алды. Бул туурасында президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан ШКУнун юбилейлик саммитинде айтты. Ал ШКУ саммити "Ырыс алды — ынтымак" деген элдик накылдын негизинде өтүп, бул сөздөр "Шанхай рухунун" маңызын чагылдырарына токтолду. Ал Кыргызстан ШКУга төрагалыгы алкагында 200гө жакын иш-чара өткөрүп, коопсуздук боюнча кызматташтыкты бекемдегенин да белгиледи. Мындан сырткары, экономикалык жана транспорттук байланыштар чыңдалып, маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүүгө аракет жасалганына токтолду. Санариптик өнүгүү жана жасалма интеллект маселелери ШКУнун сөз жүзүндө эмес, реалдуу ишке ашыруусу керек болгон артыкчылыктуу багыттарынын катарына кошулганын айтты. "ШКУнун 25 жылдыгында биздин жалпы милдет — уюмдун биринчи чейрек кылымдагы ишине жыйынтык чыгаруу менен гана чектелбестен, анын тарыхындагы жаңы баракты: туруктуу тынчтык, биргелешкен өнүгүү жана жалпы гүлдөп-өсүүгө өбөлгө түзүү", — деди Жапаров. ШКУга учурда 10 өлкө: Кыргызстан, Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан мүчө. Дагы 17 мамлекетке байкоочу, өнөктөш макамы берилген.
https://sputnik.kg/20260901/shku-sammit-kadyr-bark-artuuda-1103357481.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/01/1103365800_222:0:2953:2048_1920x0_80_0_0_4081cb32c1302d227864f8c2b0e10104.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, шку, садыр жапаров, саммит, кызматташуу, геосаясат, коопсуздук, экономика
кыргызстан, шку, садыр жапаров, саммит, кызматташуу, геосаясат, коопсуздук, экономика
Жапаров: ШКУ дүйнөдөгү алдыңкы эл аралык уюмдардын бирине айланып, салмагы артты
10:56 01.09.2026 (Жаңыртылды: 13:04 01.09.2026) Президент ШКУга мүчө мамлекеттер дүйнө калкынын 40 пайыздан ашыгын бириктирип, дүйнөлүк ИДПнын чейрек бөлүгүнө жакынын камсыздап жатканын айтты.
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Чейрек кылым ичинде ШКУ чек арадагы ишенимди бекемдөөчү механизмден дүйнөдөгү алдыңкы эл аралык биримдикке айланып, зарыл уюм экенин далилдей алды. Бул туурасында президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан ШКУнун юбилейлик саммитинде айтты.
Ал ШКУ саммити "Ырыс алды — ынтымак" деген элдик накылдын негизинде өтүп, бул сөздөр "Шанхай рухунун" маңызын чагылдырарына токтолду.
"Уюмубуздун ролуна жана маанисине токтолсок, ШКУга мүчө мамлекеттер дүйнө калкынын 40 пайыздан ашыгын бириктирип, дүйнөлүк ИДПнын чейрек бөлүгүнө жакынын камсыздап жатканын белгилеп кетейин", — деди мамлекет башчы.
Ал Кыргызстан ШКУга төрагалыгы алкагында 200гө жакын иш-чара өткөрүп, коопсуздук боюнча кызматташтыкты бекемдегенин да белгиледи. Мындан сырткары, экономикалык жана транспорттук байланыштар чыңдалып, маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүүгө аракет жасалганына токтолду. Санариптик өнүгүү жана жасалма интеллект маселелери ШКУнун сөз жүзүндө эмес, реалдуу ишке ашыруусу керек болгон артыкчылыктуу багыттарынын катарына кошулганын айтты.
"ШКУнун 25 жылдыгында биздин жалпы милдет — уюмдун биринчи чейрек кылымдагы ишине жыйынтык чыгаруу менен гана чектелбестен, анын тарыхындагы жаңы баракты: туруктуу тынчтык, биргелешкен өнүгүү жана жалпы гүлдөп-өсүүгө өбөлгө түзүү", — деди Жапаров.
ШКУга учурда 10 өлкө: Кыргызстан, Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан мүчө. Дагы 17 мамлекетке байкоочу, өнөктөш макамы берилген.