https://sputnik.kg/20260830/sujunbaj-ehraliev-tuuraluu-fakty-1103241113.html
Биз жокпуз, аттиң, бир гана!.. Жазма поэзиянын чебери Сүйүнбай Эралиев тууралуу
Биз жокпуз, аттиң, бир гана!.. Жазма поэзиянын чебери Сүйүнбай Эралиев тууралуу
Sputnik Кыргызстан
Сүйүнбай Эралиев Улуу Ата Мекендик согушка катышып, оор жаракат алды, ошентсе да кудай ага жакшы жаш берди. Бул дүйнөнү таштап кеткенге чейин мурдагы... 30.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-30T14:32+0600
2026-08-30T14:32+0600
2026-08-30T13:39+0600
кыргызстан
сүйүнбай эралиев
чыгармачылык
акын
ыр
кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар
https://sputnik.kg/img/102504/04/1025040463_0:140:2201:1378_1920x0_80_0_0_ff9da6b41272ae6a98f4ff363021b202.jpg
Сүйүнбай Эралиев адабият жана көркөм өнөр өкүлдөрүнө берилүүчү эң жогорку Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты алды, Эл акыны да, Эл баатыры да болду, Манас орденинин III жана I даражасын көкүрөгүнө такты. Эч ким менен сыйлык талашпады, урушпады, чырлашпады, 1949-жылдан 2016-жылга чейин 50дөн ашык ыр жыйнактарын чыгарды. Эң башкысы, ырлары колдон колго өтүп окулду, кыргыз поэзиясынын асманында жаркырак жылдыздардын бирине айланды. Бүгүн кыргыз поэзиясынын эң окумдуу акыны жана котормочусу Сүйүнбай Эралиев тууралуу 16 факт сунуштайбыз. Туулган жери, ата теги. Сүйүнбай Эралиев 1921-жылдын 15-октябрында Түркстан АССРинин Жети-Суу облусундагы Пишпек уездинин Үч-Эмчек айылында туулган. Азыркы аталышы Талас облусунун Талас районундагы Үч-Эмчек айылы. Ошол айылдагы Тегерек өрөөнүндө Кур-Таш тоосунун өңүрүндө боз үйдө жарык дүйнөгө келген. Атасы Эралы саяпкер болуптур, күлүк болор кулун-тай алып, аларды бабына келтирип таптап, чабандес балдарга мингизип байгеге кошчу экен. Колхоздун чарбалык иштери менен шугулданган. Апасы Разия күйөөсүнүн сөзүнөн чыкпаган, ургаачылар арасында кадыры бар, уруш-талашка жолобогон, ыймандуу аялзат эле дешет. Сүйүнбайды Орозбай таятасы кичинекей кезинен өзүнө алып тарбия бериптир. Орозбай кат-сабаттуу, эскиче окуй билген жана балдарды жашыруун окуткан молдо болгон, ар кандай дарт менен келген адамдарды, жин оорусу жабышкандарды да айыктырып турчу табыптык, касыйдачылык жайы бар экен. Ал эле эмес, бу кишиде комузчулук өнөр да бугуп жатыптыр, атактуу Атай Огомбаевди эки жылдай өзү менен алып жүрүп, комуз үйрөтүптүр. Сүйүнбай алты бир туугандын улуусу эле, төрт карындашы, бир иниси болгон. Алгачкы окуу жылдары. Айылындагы мектепте окуп, 1940-жылы аяктайт. Көк-Арык орто мектебинде (азыркы Шумкар-Уя айыл аймагындагы Асылкан Бөрүбаев атындагы мектеп) окуп жатканда адабият сабагы, адабият мугалими өзгөчө шыгын ойготкон экен, кийин кыргыз тили жана адабияты мугалими болом деп жүрүптүр. Өзүнчө ыр чүргөп, акындыкты да үйрөнө баштаптыр. 5-класста окуп жүргөндө "Таң менен" деген ыры басылат. Согушта алдыңкы чекте жүргөн. Батыштан согуш кабары келгенде дал ушул курактагы жаш жигиттер биринчилерден болуп аскерге чакырыла баштады. 1942-жылы Кара-Балтадан машыгуудан өтүп, ага сержант наамын алып, немец аскерлери Москваны көздөй келе жатканда негизинен биздин республикадан түзүлгөн, кийин атактуу болгон 8-гвардиялык панфиловдук дивизия менен урушка кирген. 1944-жылга чейин чабуулдун алдыңкы чектеринде жөө аскер полкунда (пехота) жүрүп, үч жолу ичине, колуна ок тийген. Акыры оор жаракат алып тамак ичкенге жарабай, сегиз ай чалкасынан жатып, жай келгенде бир грузин медсестра кошуп берип, туулган жерине кайтарылат. Ушундай жоош киши болгон экен, коштоочу кызга боору ооруп, мындан ары өзүм кетип калам деп денесиндеги снаряддын сыныктары менен, шылынган колу-буту менен Жамбылдан Таластын башына чейин келе бериптир. Басма сөздөгү ишмердүүлүгү. Согушта жүрүп эле досторуна ыр менен кат жазчу экен, достору аларды гезиттерге алып барып, айрымдары басылып да чыгыптыр. Жазып жүргөн майдангер жигитти дароо эле 1944-жылы Таласта райондук "Сталиндик жеңиш", облустук "Лениндик туу" гезиттери жумушка алат. 1948-жылы СССР Жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынат. Бул жылдары макалаларды, элди жеңишке шыктандырган ырларды жазып, өз гезитине бастырат. Биринчи болуп "Досторума кат" деген ыры чыгат. 1954-жылы Москвадан жогорку партиялык мектепти бүтүрүп келип, "Кыргызстан пионери" басылмасынын жооптуу редакторлугуна бекиген. Мектеп окуучуларынын "Кыргызстан пионери" гезитинде иштөө менен балдар үчүн чыгармаларды жазат. 1959-1965-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгынын катчысы болуп иштеп, 1965-1967-жылдары жогорку адабий курстун угуучусу катары Москвада жашаган. 1967-1984-жылдары Жазуучулар союзунун башкармалыгында адабий кеңешчи катары эмгектенип, жаш акындарды тарбиялоо жумушун аркалаган. 1984-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун кыргыз акындарынын ассоциациясынын президенти болгон. Биринчи ырлары. Алгачкы ыры 1939-жылы басылат. Андан кийин согушта болот. Туңгуч китебин "Биринчи жаңырык" деген ат менен 1949-жылы жарыялаган. Китепке ошол кезде таанымал болуп калган Темиркул Үмөталиев баш сөз жазып, жаш талапкердин адабияттагы жолу ачык болушун каалаган. 1949-жылдагы "Автоматка" деген ырында "сени бийик мен көтөрүп ураалап, эс танганча эл намысын талаштым" деген саптары бар, мына ушундай фронттук тема менен жаратылыш кооздугу анын ошол алгачкы ырларынын негизин түзгөн. Экинчи китеби "Тууган жер" деген ат менен 1950-жылы чыгат. Окуу китептеринде көп жыл түшпөй жүргөн "Улуу Ленин жаккан от", 1949-жылы каза болгон, таятасынын шакирти Атай Огомбаев тууралуу "Атайдын эстелигине" деген ырлары жарыяланып, адабиятка дурус акын келе жатканын айгинелеген. Ушул эки китебинен кийин акын бир топ жыл "тынып" калды. Көрсө, баш-оту менен кирип жаңы поэмасын жазып жаткан экен. Ошол эле жылдары Александр Твардовскийдин "Василий Теркин" поэмасын эң мыкты деңгээлде кыргызчалаптыр (1953-1956-жылдарда үч вариантта которуп, үчүнчүсүн гана бастырган). Деги эле ошол жылдары өзүн курчутуу үчүн котормо жаатында көп иштеген, тывалык акын жана мамлекеттик ишмер Салчак Токанын "Араттын сөзү" (1955) деген өмүр баяндык үчилтик романын, казак акыны Калижан Бекхожиндин "Егор кызы Мария" поэмасын (1957), орус балдар жазуучусу Сергей Баруздиндин Индиядан алып келинген эки пил тууралуу "Рави менен Шаши" (1957) деген китебин, Александр Пушкин менен Михаил Лермонтовдун айрым ырларын, кара калпактардын "Кырк кыз" дастанын которгон. "Ак Мөөр" поэмасы. Акындын 1959-жылы чыккан үчүнчү жыйнагы ушул поэманын аты менен басылат. Лирикалык маанайда, романтикалуу таза сезим, жүрөк-жүлүндү тепчип өткөн трагедиялуу нота менен жазылган бул чыгарма дароо эле адабий сында да, окурмандар чөйрөсүндө да жогору бааланып, жыл айланбай, орус тилинде адегенде Фрунзеден "Поэма о любви" деген ат менен, анан Москвадан атактуу "Советский писатель", "Молодая гвардия" басмаларынан чыгып, ысымы советтик акындардын катарында айтыла баштайт. Өзү бул чыгарманы уйку-соонун ортосунда эле жазгандай болдум деп айтчу экен. Ушундай бир керемет эргүү берилген сыяктанат. Ак Мөөрдүн жеке тагдырын, теңсиз замандагы бийлик ээлеринин өкүмзорлугу менен карапайым адамдардын эрксиз абалын ошол өзү жашаган советтик идеологиянын шартында жазып чыккан. Бул кыздын тагдырын мурда Эралиев өзүнө устат санаган Осмонов да жазып чыккан. Демек, жаңыдан жазуу керек беле, жок беле деп акын көп жолу баштап коюп, кээде таштап коюп, акыры аягына чыгарды. Эргип отуруп Соң-Көлдүн табият элестерин берет, Мөөр менен Болоттун арзышкан махабатын берет. Ортодон Жантай хандын образын киргизет. Атактуу ханга жубай болуу — Мөөр үчүн бакыт эмес, кайгы-капа, өмүрүнө кол салууга чейин барган трагедия. Акын поэманы психологиялык драма, таптар ортосундагы ажырымды чагылдырган социалдык, философиялык манифест катары жазган. 1958-жылы Москвада өткөн кыргыз адабияты менен көркөм өнөрүнүн 2-декадасында бул лиро-эпикалык дастан орус сынчылары тарабынан да жогору баасын алат. "Ак Мөөр" поэмасы аркылуу жалпы эле кыргыз поэзиясы эстетикалык жаңы сапатка көтөрүлгөн жана ошол жылдардын эң окумдуу чыгармасы катары колдон колго өтүп окулуп, улуттук окурмандын табитинин калыптанышына да олуттуу салым кошкон. "Жылдыздарга саякат". Жалпы совет адабияты, анын ичинде кыргыз поэзиясы дүйнөлүк классиканы өздөштүрүп, окурман табитин курчутуп, кыргыз адабияты ага чейин да, андан кийин да мындай бийиктикке көтөрүлө албай жаткан XX кылымдын 60-жылдарында Сүйүнбай Эралиевдин "Түнкү сыр" (1960), "Уяң жылдыздар" (1962), "Күндөр" (1964), "Жайында" (1966), "Жылдыздарга саякат" (1966), "Өмүрлөргө саякат" (1967), "Жол" (1969) деген китептери чыкты. Булардын ичинен кыргыз поэзиясынын традициясын талкалап чыгып, кыргыз акындарынын "эсин оодарган" поэмасы — "Жылдыздарга саякат". Бул чыгарма эркин ыр формасында (верлибр) жазылган, б.а., анда кыргыз окурманы көнүп калган фольклордук ыр куроо ыкмасы жок, уйкаштар жокко эсе, ырдын жаны рифмага (уйкашка) эмес, ритмге (ыргакка) жана басымга (интонация) байланган. "Жылдыздарга саякат" поэмасын ушундайча жазуу акындын салттуу кыргыз поэзиясын тануусу, уйкаштыктан качуусу эмес, ошол кездеги жалпы советтик поэзиянын (Эдуардас Межелайтис, Леонид Мартынов, Андрей Вознесенский, Олжас Сулейманов, Евгений Винокуров, Иван Драч ж.б.) жаңылыктарынын бирин (эркин ыр формасын) кыргыз кыртышына алып келүүсү, таланттуулугунун белгиси, "космостук доорго" берген жообу эле. Космос, Жер, Адам, Аалам, Сүйүү деген түшүнүктөрдү алдына койгон акын ички дүйнөсүнүн кыйкырыгын, илим менен техниканын заманындагы философиялык ой толгоолорун шашпай айтып отурат. Ошол жылдардагы "космостук темада" жазган советтик акындар советтик адамдардын Айга, Күнгө шашкан образын жаратса, Эралиев алардын баарына эле "кол чаба" бербейт, бир азга ойлонуп туруп, акыл токтотууга чакырат, Жер-Энени, Бешикти таштап белгисиз жакка кетүүнүн кооптуулугун да айта кетет. Акындын идеясы боюнча космос баатырдык гана эмес, трагедиялуулук да. Космоско учуп жаткан каармандын Жерде энеси менин бирге эле сүйгөнү бар. Лирикалык каарман космосту чарк айлана учуп келип, сөөк узатуу зыйнатына кездешет, табытта сүйгөнү жаткан эле. Бирде бейит болгон, бирде бешик болгон Жер космонавт үчүн эң ыйык нерсе. "Жылдыздарга саякат" мына ушундай көп түстүү, көп кырлуу чыгарма катары кыргыз адабиятына ыр түзүлүшү, көркөм ойлоонун өзгөчөлүгү жагынан жаңылыктарды алып кирди жана кийинки бир катар акындардын чыгармачылыгына таасир этти, өзүнүн "Атам, жерим жана мен" деген сыяктуу бир катар чыгармаларында улантылды. Бирок өзү айткандай, "жаңылык дагы оңой менен кабыл алынбайт экен. КП БКнын бюросунда талкууланып, бир топ "төө басты" кылышты. "Космосту жазгандан көрө чабандын итин жазбайсыңбы!" деп поэмага гана эмес, менин өзүмө да асылышты. Партиядан чыгаруу керек деп чыгышты. Ошондо Айтматов "китеп чыксын, эл окусун, эл айтсын. Азыр сындап жатасыңар, бирок кийин уят болуп каласыңар. Бул – адабияттагы жаңы жээктин ачылышы, жалпы түрк адабиятындагы жаңылык!" деп түшүндүргөн эле". Эмнеси болсо да кыргыз адабиятында "Жылдыздарга саякат" поэмасы өз мезгилинен эртерээк жаралып калган. 70-80-жылдардагы бийиктиги. "Жаңыл Мырзанын керээзи" поэмасы. Кыргыз поэзиясынын төрүнө өткөн акын эми күнү-түнү отуруп ыр жазат, шапар теппей, калем менен алек болот. "Сан тоолор" (1971), "Каркыралар" (1972), "Кыргыз жаны" (1974), "Айыл ырлары" (1976), "Биздин суулар" (1980), "Кыштак кечтери" (1985), "Кызгылт багымдат" (1987) деген ырлар жыйнактарын биринин артынан бирин чыгарат. Ал ырларында жашоонун маңызы, адамдар тагдыры, муундар байланышынын азыркы күнү, экологиялык жана ыймандык кыяматтар тууралуу терең ойлонууга чакырат. Эл, жер, айыл темасын жазат. Карандай баяндоодон, натурализмден, схематизмден, поэзиядагы прозаизмден, жасалма акыл-насаат айтуучулуктан качып, сүрөттөөлөрүнүн табийгылыгын, образдуулугун биринчи планга чыгарган. Бала чагында таятасынын үйүндө көрүп жүргөн тубаса сокур болсо да төкмө, комузчу, чечен, ат сырын билген сынчы Кошой деген киши тууралуу "Кошойдун жери" деген философиялык поэмасы окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынат. Өзгөчө анын "Жаңыл Мырзанын керээзи" поэмасы чыгармачылыгындагы жаңы бийиктиги болгон. Элдик варианттагы, Тоголок Молдонун, Абдыкалык Чоробаевдин, Касым Тыныстановдун поэмаларындагы образы чагылдырылган баатыр кызга башкача өңүттөн карайт. Жаңыл — эралиевдик интерпретацияда баатыр кыз гана эмес, өзүндө кайгы менен муңду алып жүргөн трагедиялуу аялзаты. Биринчи планга каармандын ички татаал дүйнөсүн алып чыгып, психологиялык каармандын образын жаратат. "Кесиринсан". Бул поэмада байыркы грек ойчулу Сократтын бүгүнкү доор тууралуу ой жүгүртүүлөрү азыркы заман көйгөлөрү менен чебер кынапталат. 1986-жылы 26-апрелде Чернобылдагы атом электр станциясынын 4-энергоблогунда авария болуп, атмосферага радиоактивдүү заттар бөлүнүп чыгат. Мына ушул трагедия акынга катуу таасир этип, адам өзү ойлоп тапкан атомдун канчалык коркунучтуу экендиги көрсөтүлөт. "Кесиринсан" – публицистикалык, философиялык, экологиялык темадагы элге берилген эскерткич чыгарма. Бир топ жылдардан бери орто мектептин бүтүрүүчү классында окутулуп келет. Поэмада Сократтын "биз дүйнөгө келебиз, түйүп эки муштумду, бүт баарысы меники, мен эч кимге бербейм деп чыңырып ыйлап, чаң салып..." деген сөздөрү кызыл сызык менен чийилип өтөт. Акындын оптимизми бийик, Сүйүү жана Үмүт алдыңкы планга чыгат. Адам өзү түзгөн материалдык дүйнөнү өзү кыйратып албаш керек деген ибараттар каңкууланат. Эгемендүүлүк жылдарындагы чыгармачылыгы. Кара сөз формасында "Сага айткан сыр" деген ат менен чакан ой жүгүртүүлөр, эсселер, экспромттор жыйнагы эки жолу басылып чыкты. Анда акындын эл, жер, турмуш, өзү, поэзия тууралуу ойлору публицистикалык эсселер формасында берилип, акындын атуулдук позициясы көрүнөт. "Дүйнө" (1991), "Сүйгөнгө кат" (1994), "Эсимдесиң" (1998), "Ырлар, поэмалар" (2001), "Ак таңдар" (2003), "А мен өткөн жаштыгыма кусамын" (2006) ж.б. китептери жарык көрдү. Акындын бактысына жакшы котормочулар туш келип, орус тилинде 20, казак, каракалпак, тажик, өзбек, украин тилдеринде бирден китеби чыгып, жалпы союздук поэзияда кыргыздардан анын аты биринчилерден болуп аталып жүрдү. Котормочулук чеберчилиги. Сүйүнбай Эралиев жаш чагынан көркөм котормо өнөрүнө киришип, Александр Твардовскийдин жөнөкөй орус жоокери жөнүндөгү "Василий Теркин" поэмасы автордун деңгээлине жете которулган, кыргыз котормо маданиятынын бир чокусу деп айтылып келет. Дүйнөлүк адабияттагы эң татаал, эркин ыр формасында жазылган америка адабиятынын өкүлү Уолт Уитмендин "Жалбырактар" деген китебин, немец акын-драматургу Фридрих Шиллердин атактуу Борис Пастернак орус тилине которгон "Мария Стюарт" трагедиясын, англис драматургу Уильям Шекспирдин "Он экинчи түн" трагедиясын кыргызчалаган, индиялык жазуучу, акын, композитор, сүрөтчү, коомдук ишмер Рабиндранат Тагордун (1861-1941) "Акыркы кат" деген түрмөктөгү философиялык ырларын, Александр Пушкиндин уруш эпизоддорун чагылдырган эпикалык "Полтава" поэмасын оодарган. XX кылымдын башындагы орус поэзиясынын классиги Сергей Есениндин 16 ырдан турган, махабат ырларынын "Перс кайрыктары" деген түрмөгүн абдан чыгармачылык менен которгон. Анын котормосунда дагы кыргызча "сүйлөгөндөр": тажик Мирзо Турсун-Заде, орус акындары Роберт Рождественский менен Сергей Баруздин, литовис Эдуардас Межелайтис, немец Иоганн Гете ж.б. акын-жазуучулар. Булардын баарына котормочу качан жетишкен деп бүгүн таң калуу менен карайбыз. КТК акын. Кыргыз-казак акын-жазуучулары эркелетип аны Суке деп коюшчу, жаштар ал кишиден бата алып, китептерине баш сөз жаздырып турчу. Казак акыны Мухтар Шаханов он жылдан ашык элчи болуп турганда ар бир иш-чарасына сыйлап, чакырып турган. "Көзү тирүү классик", кыскача, КТК деп койчу экен. Рамис Рыскулов Эр-Аалы деп эркелечү. Ага зыярат кылып Чыңгыз Айтматов, Байдылда Сарногоев, Алмаз Атамбаев, Анатай Өмүрканов, бир тууган Шернияздар келип, кабар алып турган. Кошуналары Өскөн Даникеев, Ашым Жакыпбеков, Абдыганы Эркебаев, Бейшенбай Усубалиев менен Моссоветтеги үйүндө бошой калганда шахмат ойногончо өткөн-кеткенди сүйлөшүп турган. Үй-бүлөсү. Согуштан келгенден кийин кошуна айылдык кызды өзүнө жубай кылып алат. Майдандан кайткан жигитке туш келген ал кыздын аты да Майдан экен. Экөө эки уул, эки кыздуу болот. Кийинки жубайы Альбина. Ал улуттук университетти бүтүрүп, мектепте мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп турган. Котормочу, коомдук ишмер Сагын Наматбаевдин айылдашы болуп, анын жубайы Майрамкан Абылкасымованын кеңеши менен Жазуучулар союзуна машинистика болуп жумушка кирген экен. Ошол жерде Сүйүнбай Эралиев да иштеп жаткан. Ал ортодо 50дөн ооп калган акындын жубайы каза болуп, Альбина эжеке да күйөөсүнөн ажырап, бир топтон кийин "эки бакыр, бир тукур" болуп турмуш жүгүн бирге тартышат. Эралиев жазганды Эралиева редакторлоп, машинкага (кийин компьютерге) басып көп жыл бирге жашашты. Сыйлыктардан жолдуу акын. Айрымдардын айтуусу боюнча, анын "Жылдыздарга саякат" деген китеби ошол кездин эң башкы сыйлыгына – Лениндик сыйлыкка көрсөтүлмөк болгон экен, бирок документтеринен кечигиппи, же башка бир балакети болгонбу, айтор, документтери кабыл алынбай калган экен. 1981-жылы согуш темасында жазган акын-жазуучуларга ыйгарылуучу Александр Фадеев атындагы сыйлык күмүш медалы менен "Памятник солнцу" (Москва, Воениздат, 1978) деген китеби үчүн фронтовик акынга берилген. 1974-жылы Кыргыз ССРинин эл акыны наамын, 1986-жылы Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгын алган ("Кыштак кечтери" аттуу китеби үчүн). 1989-жылы "Кесирсан" поэмасы үчүн Асанбек Табалдиев атындагы сыйлык, 1994-жылы Айтматов клубунун эл аралык сыйлыгы берилген. 1998-жылы Казакстандын адабият жана көркөм өнөр тармагындагы Жамбыл атындагы, 2000-жылы кыргыз жана казак элдеринин ортосундагы достукту чыңдоодогу зор салымы үчүн Казакстан Республикасынын "Алтын көпир" деген эл аралык сыйлыгы ыйгарылган. 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Баатыры деген эң жогорку наам берилген. Акынга Элдердин достугу ордени, Улуу Ата Мекендик согуштун I даражадагы ордени, III жана I даражадагы Манас ордендери берилген, Ардак грамоталары менен медалдары өтө көп, аларын көкүрөгүнө араң батырып, Жеңиш парадында таягына таянып, курбалдаштары Сооронбай Жусуев, Түмөнбай Байзаков, Жунай Мавлянов, Олжобай Орозбаев менен катар басып калчу. Акындын азасы. Кыргыз коомчулугу 2016-жылдын 16-июлунда 94 жаштагы кадырлуу аксакалды келбес сапарга узатты. Кулагыбызда анын ыры жаңырып кала берди: Жүз жылдар мындан кийин да, Бул тоолор минтип турушат. Анда да биздей адамдар, Карыбас үчүн тырышат. Жүз жылдар мындан кийин да, Сүйүүлөр болот ушундай. Ушинтип жерге жаз келип, Ушинтип чыгат ушул ай. Жүз жылдар мындан кийин да, Дарактар желге ыргала. Шуудурап турар ушинтип, Биз жокпуз, аттиң, бир гана!..
https://sputnik.kg/20190918/sujunbaj-ehralievdin-nuskasy-1045733599.html
https://sputnik.kg/20260621/akyn-abdyrasul-toktomushev-tuuraluu-faktylar-1101981481.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Абдыкерим Муратов
https://sputnik.kg/img/101827/38/1018273802_158:184:1981:2007_100x100_80_0_0_e2bcc29d7bdad541e1919f7d0d1299cc.jpg
Абдыкерим Муратов
https://sputnik.kg/img/101827/38/1018273802_158:184:1981:2007_100x100_80_0_0_e2bcc29d7bdad541e1919f7d0d1299cc.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102504/04/1025040463_88:0:2111:1517_1920x0_80_0_0_5bcece92c7f416255c13fa309e309564.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Абдыкерим Муратов
https://sputnik.kg/img/101827/38/1018273802_158:184:1981:2007_100x100_80_0_0_e2bcc29d7bdad541e1919f7d0d1299cc.jpg
кыргызстан, сүйүнбай эралиев, чыгармачылык, акын, ыр, кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар
кыргызстан, сүйүнбай эралиев, чыгармачылык, акын, ыр, кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар
Сүйүнбай Эралиев адабият жана көркөм өнөр өкүлдөрүнө берилүүчү эң жогорку Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты алды, Эл акыны да, Эл баатыры да болду, Манас орденинин III жана I даражасын көкүрөгүнө такты. Эч ким менен сыйлык талашпады, урушпады, чырлашпады, 1949-жылдан 2016-жылга чейин 50дөн ашык ыр жыйнактарын чыгарды. Эң башкысы, ырлары колдон колго өтүп окулду, кыргыз поэзиясынын асманында жаркырак жылдыздардын бирине айланды. Бүгүн кыргыз поэзиясынын эң окумдуу акыны жана котормочусу Сүйүнбай Эралиев тууралуу 16 факт сунуштайбыз.
Туулган жери, ата теги. Сүйүнбай Эралиев 1921-жылдын 15-октябрында Түркстан АССРинин Жети-Суу облусундагы Пишпек уездинин Үч-Эмчек айылында туулган. Азыркы аталышы Талас облусунун Талас районундагы Үч-Эмчек айылы. Ошол айылдагы Тегерек өрөөнүндө Кур-Таш тоосунун өңүрүндө боз үйдө жарык дүйнөгө келген. Атасы Эралы саяпкер болуптур, күлүк болор кулун-тай алып, аларды бабына келтирип таптап, чабандес балдарга мингизип байгеге кошчу экен. Колхоздун чарбалык иштери менен шугулданган. Апасы Разия күйөөсүнүн сөзүнөн чыкпаган, ургаачылар арасында кадыры бар, уруш-талашка жолобогон, ыймандуу аялзат эле дешет. Сүйүнбайды Орозбай таятасы кичинекей кезинен өзүнө алып тарбия бериптир. Орозбай кат-сабаттуу, эскиче окуй билген жана балдарды жашыруун окуткан молдо болгон, ар кандай дарт менен келген адамдарды, жин оорусу жабышкандарды да айыктырып турчу табыптык, касыйдачылык жайы бар экен. Ал эле эмес, бу кишиде комузчулук өнөр да бугуп жатыптыр, атактуу Атай Огомбаевди эки жылдай өзү менен алып жүрүп, комуз үйрөтүптүр. Сүйүнбай алты бир туугандын улуусу эле, төрт карындашы, бир иниси болгон.
Алгачкы окуу жылдары. Айылындагы мектепте окуп, 1940-жылы аяктайт. Көк-Арык орто мектебинде (азыркы Шумкар-Уя айыл аймагындагы Асылкан Бөрүбаев атындагы мектеп) окуп жатканда адабият сабагы, адабият мугалими өзгөчө шыгын ойготкон экен, кийин кыргыз тили жана адабияты мугалими болом деп жүрүптүр. Өзүнчө ыр чүргөп, акындыкты да үйрөнө баштаптыр. 5-класста окуп жүргөндө "Таң менен" деген ыры басылат.
Согушта алдыңкы чекте жүргөн. Батыштан согуш кабары келгенде дал ушул курактагы жаш жигиттер биринчилерден болуп аскерге чакырыла баштады. 1942-жылы Кара-Балтадан машыгуудан өтүп, ага сержант наамын алып, немец аскерлери Москваны көздөй келе жатканда негизинен биздин республикадан түзүлгөн, кийин атактуу болгон 8-гвардиялык панфиловдук дивизия менен урушка кирген. 1944-жылга чейин чабуулдун алдыңкы чектеринде жөө аскер полкунда (пехота) жүрүп, үч жолу ичине, колуна ок тийген. Акыры оор жаракат алып тамак ичкенге жарабай, сегиз ай чалкасынан жатып, жай келгенде бир грузин медсестра кошуп берип, туулган жерине кайтарылат. Ушундай жоош киши болгон экен, коштоочу кызга боору ооруп, мындан ары өзүм кетип калам деп денесиндеги снаряддын сыныктары менен, шылынган колу-буту менен Жамбылдан Таластын башына чейин келе бериптир.
Басма сөздөгү ишмердүүлүгү. Согушта жүрүп эле досторуна ыр менен кат жазчу экен, достору аларды гезиттерге алып барып, айрымдары басылып да чыгыптыр. Жазып жүргөн майдангер жигитти дароо эле 1944-жылы Таласта райондук "Сталиндик жеңиш", облустук "Лениндик туу" гезиттери жумушка алат. 1948-жылы СССР Жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынат. Бул жылдары макалаларды, элди жеңишке шыктандырган ырларды жазып, өз гезитине бастырат. Биринчи болуп "Досторума кат" деген ыры чыгат. 1954-жылы Москвадан жогорку партиялык мектепти бүтүрүп келип, "Кыргызстан пионери" басылмасынын жооптуу редакторлугуна бекиген. Мектеп окуучуларынын "Кыргызстан пионери" гезитинде иштөө менен балдар үчүн чыгармаларды жазат. 1959-1965-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгынын катчысы болуп иштеп, 1965-1967-жылдары жогорку адабий курстун угуучусу катары Москвада жашаган. 1967-1984-жылдары Жазуучулар союзунун башкармалыгында адабий кеңешчи катары эмгектенип, жаш акындарды тарбиялоо жумушун аркалаган. 1984-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун кыргыз акындарынын ассоциациясынын президенти болгон.
Биринчи ырлары. Алгачкы ыры 1939-жылы басылат. Андан кийин согушта болот. Туңгуч китебин "Биринчи жаңырык" деген ат менен 1949-жылы жарыялаган. Китепке ошол кезде таанымал болуп калган Темиркул Үмөталиев баш сөз жазып, жаш талапкердин адабияттагы жолу ачык болушун каалаган. 1949-жылдагы "Автоматка" деген ырында "сени бийик мен көтөрүп ураалап, эс танганча эл намысын талаштым" деген саптары бар, мына ушундай фронттук тема менен жаратылыш кооздугу анын ошол алгачкы ырларынын негизин түзгөн. Экинчи китеби "Тууган жер" деген ат менен 1950-жылы чыгат. Окуу китептеринде көп жыл түшпөй жүргөн "Улуу Ленин жаккан от", 1949-жылы каза болгон, таятасынын шакирти Атай Огомбаев тууралуу "Атайдын эстелигине" деген ырлары жарыяланып, адабиятка дурус акын келе жатканын айгинелеген. Ушул эки китебинен кийин акын бир топ жыл "тынып" калды. Көрсө, баш-оту менен кирип жаңы поэмасын жазып жаткан экен. Ошол эле жылдары Александр Твардовскийдин "Василий Теркин" поэмасын эң мыкты деңгээлде кыргызчалаптыр (1953-1956-жылдарда үч вариантта которуп, үчүнчүсүн гана бастырган). Деги эле ошол жылдары өзүн курчутуу үчүн котормо жаатында көп иштеген, тывалык акын жана мамлекеттик ишмер Салчак Токанын "Араттын сөзү" (1955) деген өмүр баяндык үчилтик романын, казак акыны Калижан Бекхожиндин "Егор кызы Мария" поэмасын (1957), орус балдар жазуучусу Сергей Баруздиндин Индиядан алып келинген эки пил тууралуу "Рави менен Шаши" (1957) деген китебин, Александр Пушкин менен Михаил Лермонтовдун айрым ырларын, кара калпактардын "Кырк кыз" дастанын которгон.
"Ак Мөөр" поэмасы. Акындын 1959-жылы чыккан үчүнчү жыйнагы ушул поэманын аты менен басылат. Лирикалык маанайда, романтикалуу таза сезим, жүрөк-жүлүндү тепчип өткөн трагедиялуу нота менен жазылган бул чыгарма дароо эле адабий сында да, окурмандар чөйрөсүндө да жогору бааланып, жыл айланбай, орус тилинде адегенде Фрунзеден "Поэма о любви" деген ат менен, анан Москвадан атактуу "Советский писатель", "Молодая гвардия" басмаларынан чыгып, ысымы советтик акындардын катарында айтыла баштайт. Өзү бул чыгарманы уйку-соонун ортосунда эле жазгандай болдум деп айтчу экен. Ушундай бир керемет эргүү берилген сыяктанат. Ак Мөөрдүн жеке тагдырын, теңсиз замандагы бийлик ээлеринин өкүмзорлугу менен карапайым адамдардын эрксиз абалын ошол өзү жашаган советтик идеологиянын шартында жазып чыккан. Бул кыздын тагдырын мурда Эралиев өзүнө устат санаган Осмонов да жазып чыккан. Демек, жаңыдан жазуу керек беле, жок беле деп акын көп жолу баштап коюп, кээде таштап коюп, акыры аягына чыгарды. Эргип отуруп Соң-Көлдүн табият элестерин берет, Мөөр менен Болоттун арзышкан махабатын берет. Ортодон Жантай хандын образын киргизет. Атактуу ханга жубай болуу — Мөөр үчүн бакыт эмес, кайгы-капа, өмүрүнө кол салууга чейин барган трагедия. Акын поэманы психологиялык драма, таптар ортосундагы ажырымды чагылдырган социалдык, философиялык манифест катары жазган. 1958-жылы Москвада өткөн кыргыз адабияты менен көркөм өнөрүнүн 2-декадасында бул лиро-эпикалык дастан орус сынчылары тарабынан да жогору баасын алат. "Ак Мөөр" поэмасы аркылуу жалпы эле кыргыз поэзиясы эстетикалык жаңы сапатка көтөрүлгөн жана ошол жылдардын эң окумдуу чыгармасы катары колдон колго өтүп окулуп, улуттук окурмандын табитинин калыптанышына да олуттуу салым кошкон.
"Жылдыздарга саякат". Жалпы совет адабияты, анын ичинде кыргыз поэзиясы дүйнөлүк классиканы өздөштүрүп, окурман табитин курчутуп, кыргыз адабияты ага чейин да, андан кийин да мындай бийиктикке көтөрүлө албай жаткан XX кылымдын 60-жылдарында Сүйүнбай Эралиевдин "Түнкү сыр" (1960), "Уяң жылдыздар" (1962), "Күндөр" (1964), "Жайында" (1966), "Жылдыздарга саякат" (1966), "Өмүрлөргө саякат" (1967), "Жол" (1969) деген китептери чыкты. Булардын ичинен кыргыз поэзиясынын традициясын талкалап чыгып, кыргыз акындарынын "эсин оодарган" поэмасы — "Жылдыздарга саякат". Бул чыгарма эркин ыр формасында (верлибр) жазылган, б.а., анда кыргыз окурманы көнүп калган фольклордук ыр куроо ыкмасы жок, уйкаштар жокко эсе, ырдын жаны рифмага (уйкашка) эмес, ритмге (ыргакка) жана басымга (интонация) байланган. "Жылдыздарга саякат" поэмасын ушундайча жазуу акындын салттуу кыргыз поэзиясын тануусу, уйкаштыктан качуусу эмес, ошол кездеги жалпы советтик поэзиянын (Эдуардас Межелайтис, Леонид Мартынов, Андрей Вознесенский, Олжас Сулейманов, Евгений Винокуров, Иван Драч ж.б.) жаңылыктарынын бирин (эркин ыр формасын) кыргыз кыртышына алып келүүсү, таланттуулугунун белгиси, "космостук доорго" берген жообу эле. Космос, Жер, Адам, Аалам, Сүйүү деген түшүнүктөрдү алдына койгон акын ички дүйнөсүнүн кыйкырыгын, илим менен техниканын заманындагы философиялык ой толгоолорун шашпай айтып отурат. Ошол жылдардагы "космостук темада" жазган советтик акындар советтик адамдардын Айга, Күнгө шашкан образын жаратса, Эралиев алардын баарына эле "кол чаба" бербейт, бир азга ойлонуп туруп, акыл токтотууга чакырат, Жер-Энени, Бешикти таштап белгисиз жакка кетүүнүн кооптуулугун да айта кетет. Акындын идеясы боюнча космос баатырдык гана эмес, трагедиялуулук да. Космоско учуп жаткан каармандын Жерде энеси менин бирге эле сүйгөнү бар. Лирикалык каарман космосту чарк айлана учуп келип, сөөк узатуу зыйнатына кездешет, табытта сүйгөнү жаткан эле. Бирде бейит болгон, бирде бешик болгон Жер космонавт үчүн эң ыйык нерсе. "Жылдыздарга саякат" мына ушундай көп түстүү, көп кырлуу чыгарма катары кыргыз адабиятына ыр түзүлүшү, көркөм ойлоонун өзгөчөлүгү жагынан жаңылыктарды алып кирди жана кийинки бир катар акындардын чыгармачылыгына таасир этти, өзүнүн "Атам, жерим жана мен" деген сыяктуу бир катар чыгармаларында улантылды. Бирок өзү айткандай, "жаңылык дагы оңой менен кабыл алынбайт экен. КП БКнын бюросунда талкууланып, бир топ "төө басты" кылышты. "Космосту жазгандан көрө чабандын итин жазбайсыңбы!" деп поэмага гана эмес, менин өзүмө да асылышты. Партиядан чыгаруу керек деп чыгышты. Ошондо Айтматов "китеп чыксын, эл окусун, эл айтсын. Азыр сындап жатасыңар, бирок кийин уят болуп каласыңар. Бул – адабияттагы жаңы жээктин ачылышы, жалпы түрк адабиятындагы жаңылык!" деп түшүндүргөн эле". Эмнеси болсо да кыргыз адабиятында "Жылдыздарга саякат" поэмасы өз мезгилинен эртерээк жаралып калган.
70-80-жылдардагы бийиктиги. "Жаңыл Мырзанын керээзи" поэмасы. Кыргыз поэзиясынын төрүнө өткөн акын эми күнү-түнү отуруп ыр жазат, шапар теппей, калем менен алек болот. "Сан тоолор" (1971), "Каркыралар" (1972), "Кыргыз жаны" (1974), "Айыл ырлары" (1976), "Биздин суулар" (1980), "Кыштак кечтери" (1985), "Кызгылт багымдат" (1987) деген ырлар жыйнактарын биринин артынан бирин чыгарат. Ал ырларында жашоонун маңызы, адамдар тагдыры, муундар байланышынын азыркы күнү, экологиялык жана ыймандык кыяматтар тууралуу терең ойлонууга чакырат. Эл, жер, айыл темасын жазат. Карандай баяндоодон, натурализмден, схематизмден, поэзиядагы прозаизмден, жасалма акыл-насаат айтуучулуктан качып, сүрөттөөлөрүнүн табийгылыгын, образдуулугун биринчи планга чыгарган. Бала чагында таятасынын үйүндө көрүп жүргөн тубаса сокур болсо да төкмө, комузчу, чечен, ат сырын билген сынчы Кошой деген киши тууралуу "Кошойдун жери" деген философиялык поэмасы окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынат. Өзгөчө анын "Жаңыл Мырзанын керээзи" поэмасы чыгармачылыгындагы жаңы бийиктиги болгон. Элдик варианттагы, Тоголок Молдонун, Абдыкалык Чоробаевдин, Касым Тыныстановдун поэмаларындагы образы чагылдырылган баатыр кызга башкача өңүттөн карайт. Жаңыл — эралиевдик интерпретацияда баатыр кыз гана эмес, өзүндө кайгы менен муңду алып жүргөн трагедиялуу аялзаты. Биринчи планга каармандын ички татаал дүйнөсүн алып чыгып, психологиялык каармандын образын жаратат.
"Кесиринсан". Бул поэмада байыркы грек ойчулу Сократтын бүгүнкү доор тууралуу ой жүгүртүүлөрү азыркы заман көйгөлөрү менен чебер кынапталат. 1986-жылы 26-апрелде Чернобылдагы атом электр станциясынын 4-энергоблогунда авария болуп, атмосферага радиоактивдүү заттар бөлүнүп чыгат. Мына ушул трагедия акынга катуу таасир этип, адам өзү ойлоп тапкан атомдун канчалык коркунучтуу экендиги көрсөтүлөт. "Кесиринсан" – публицистикалык, философиялык, экологиялык темадагы элге берилген эскерткич чыгарма. Бир топ жылдардан бери орто мектептин бүтүрүүчү классында окутулуп келет. Поэмада Сократтын "биз дүйнөгө келебиз, түйүп эки муштумду, бүт баарысы меники, мен эч кимге бербейм деп чыңырып ыйлап, чаң салып..." деген сөздөрү кызыл сызык менен чийилип өтөт. Акындын оптимизми бийик, Сүйүү жана Үмүт алдыңкы планга чыгат. Адам өзү түзгөн материалдык дүйнөнү өзү кыйратып албаш керек деген ибараттар каңкууланат.
Эгемендүүлүк жылдарындагы чыгармачылыгы. Кара сөз формасында "Сага айткан сыр" деген ат менен чакан ой жүгүртүүлөр, эсселер, экспромттор жыйнагы эки жолу басылып чыкты. Анда акындын эл, жер, турмуш, өзү, поэзия тууралуу ойлору публицистикалык эсселер формасында берилип, акындын атуулдук позициясы көрүнөт. "Дүйнө" (1991), "Сүйгөнгө кат" (1994), "Эсимдесиң" (1998), "Ырлар, поэмалар" (2001), "Ак таңдар" (2003), "А мен өткөн жаштыгыма кусамын" (2006) ж.б. китептери жарык көрдү. Акындын бактысына жакшы котормочулар туш келип, орус тилинде 20, казак, каракалпак, тажик, өзбек, украин тилдеринде бирден китеби чыгып, жалпы союздук поэзияда кыргыздардан анын аты биринчилерден болуп аталып жүрдү.
Котормочулук чеберчилиги. Сүйүнбай Эралиев жаш чагынан көркөм котормо өнөрүнө киришип, Александр Твардовскийдин жөнөкөй орус жоокери жөнүндөгү "Василий Теркин" поэмасы автордун деңгээлине жете которулган, кыргыз котормо маданиятынын бир чокусу деп айтылып келет. Дүйнөлүк адабияттагы эң татаал, эркин ыр формасында жазылган америка адабиятынын өкүлү Уолт Уитмендин "Жалбырактар" деген китебин, немец акын-драматургу Фридрих Шиллердин атактуу Борис Пастернак орус тилине которгон "Мария Стюарт" трагедиясын, англис драматургу Уильям Шекспирдин "Он экинчи түн" трагедиясын кыргызчалаган, индиялык жазуучу, акын, композитор, сүрөтчү, коомдук ишмер Рабиндранат Тагордун (1861-1941) "Акыркы кат" деген түрмөктөгү философиялык ырларын, Александр Пушкиндин уруш эпизоддорун чагылдырган эпикалык "Полтава" поэмасын оодарган. XX кылымдын башындагы орус поэзиясынын классиги Сергей Есениндин 16 ырдан турган, махабат ырларынын "Перс кайрыктары" деген түрмөгүн абдан чыгармачылык менен которгон. Анын котормосунда дагы кыргызча "сүйлөгөндөр": тажик Мирзо Турсун-Заде, орус акындары Роберт Рождественский менен Сергей Баруздин, литовис Эдуардас Межелайтис, немец Иоганн Гете ж.б. акын-жазуучулар. Булардын баарына котормочу качан жетишкен деп бүгүн таң калуу менен карайбыз.
КТК акын. Кыргыз-казак акын-жазуучулары эркелетип аны Суке деп коюшчу, жаштар ал кишиден бата алып, китептерине баш сөз жаздырып турчу. Казак акыны Мухтар Шаханов он жылдан ашык элчи болуп турганда ар бир иш-чарасына сыйлап, чакырып турган. "Көзү тирүү классик", кыскача, КТК деп койчу экен. Рамис Рыскулов Эр-Аалы деп эркелечү. Ага зыярат кылып Чыңгыз Айтматов, Байдылда Сарногоев, Алмаз Атамбаев, Анатай Өмүрканов, бир тууган Шернияздар келип, кабар алып турган. Кошуналары Өскөн Даникеев, Ашым Жакыпбеков, Абдыганы Эркебаев, Бейшенбай Усубалиев менен Моссоветтеги үйүндө бошой калганда шахмат ойногончо өткөн-кеткенди сүйлөшүп турган.
Үй-бүлөсү. Согуштан келгенден кийин кошуна айылдык кызды өзүнө жубай кылып алат. Майдандан кайткан жигитке туш келген ал кыздын аты да Майдан экен. Экөө эки уул, эки кыздуу болот. Кийинки жубайы Альбина. Ал улуттук университетти бүтүрүп, мектепте мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп турган. Котормочу, коомдук ишмер Сагын Наматбаевдин айылдашы болуп, анын жубайы Майрамкан Абылкасымованын кеңеши менен Жазуучулар союзуна машинистика болуп жумушка кирген экен. Ошол жерде Сүйүнбай Эралиев да иштеп жаткан. Ал ортодо 50дөн ооп калган акындын жубайы каза болуп, Альбина эжеке да күйөөсүнөн ажырап, бир топтон кийин "эки бакыр, бир тукур" болуп турмуш жүгүн бирге тартышат. Эралиев жазганды Эралиева редакторлоп, машинкага (кийин компьютерге) басып көп жыл бирге жашашты.
Сыйлыктардан жолдуу акын. Айрымдардын айтуусу боюнча, анын "Жылдыздарга саякат" деген китеби ошол кездин эң башкы сыйлыгына – Лениндик сыйлыкка көрсөтүлмөк болгон экен, бирок документтеринен кечигиппи, же башка бир балакети болгонбу, айтор, документтери кабыл алынбай калган экен. 1981-жылы согуш темасында жазган акын-жазуучуларга ыйгарылуучу Александр Фадеев атындагы сыйлык күмүш медалы менен "Памятник солнцу" (Москва, Воениздат, 1978) деген китеби үчүн фронтовик акынга берилген. 1974-жылы Кыргыз ССРинин эл акыны наамын, 1986-жылы Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгын алган ("Кыштак кечтери" аттуу китеби үчүн). 1989-жылы "Кесирсан" поэмасы үчүн Асанбек Табалдиев атындагы сыйлык, 1994-жылы Айтматов клубунун эл аралык сыйлыгы берилген. 1998-жылы Казакстандын адабият жана көркөм өнөр тармагындагы Жамбыл атындагы, 2000-жылы кыргыз жана казак элдеринин ортосундагы достукту чыңдоодогу зор салымы үчүн Казакстан Республикасынын "Алтын көпир" деген эл аралык сыйлыгы ыйгарылган. 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Баатыры деген эң жогорку наам берилген. Акынга Элдердин достугу ордени, Улуу Ата Мекендик согуштун I даражадагы ордени, III жана I даражадагы Манас ордендери берилген, Ардак грамоталары менен медалдары өтө көп, аларын көкүрөгүнө араң батырып, Жеңиш парадында таягына таянып, курбалдаштары Сооронбай Жусуев, Түмөнбай Байзаков, Жунай Мавлянов, Олжобай Орозбаев менен катар басып калчу.
Акындын азасы. Кыргыз коомчулугу 2016-жылдын 16-июлунда 94 жаштагы кадырлуу аксакалды келбес сапарга узатты. Кулагыбызда анын ыры жаңырып кала берди:
Жүз жылдар мындан кийин да,
Бул тоолор минтип турушат.
Жүз жылдар мындан кийин да,
Жүз жылдар мындан кийин да,
Биз жокпуз, аттиң, бир гана!..