00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Личный интерес
Что общего между ботулизмом, антибиотиками и БАДами - мнение врача
16:04
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Көз мончок
Жаңы окуу жылына даярдык: баланын психологиялык жана физикалык абалына эмне үчүн көңүл буруу керек?
17:08
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Стоп кадр
"Жусуп" тасмасы: кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башатында турган инсандын тарыхы экранда
19:08
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
9 мин
Ачык кеп
Асырап алуу менен чаташтырбаңыз: фостердик үй-бүлөнүн асырап алуудан айырмасы кандай?
21:10
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Чүй облусунун Кашка-Суу айылында жыл бою иштей турган Baytik Mountain Resort тоо-туристтик комплексин куруу пландалууда.Долбоор боюнча "КР Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду", Valmont Group жана Улуттук инвестициялар агенттиги мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимине кол коюшту.Долбоордун жалпы баасы 127,9 миллион долларды түзөт.Комплексте лыжа трассалары, асма жолдор, мейманканалар, ресторандар, SPA жана MICE борборлору курулат.Ошондой эле жасалма кар системасы жана заманбап санариптик, экологиялык технологиялар киргизилет.Курулуш маалында кеминде 1,5 миң, ал эми комплекс ишке киргенден кийин 800дөн ашык туруктуу жумуш орду түзүлөт.Кызматкерлердин 80 пайыздан ашыгы Кыргызстандын жарандары болушу шарт.Долбоордун биринчи этабын төрт-беш жылдын ичинде пайдаланууга берүү пландалууда.
“Кыргызкөмүрдүн” жетекчиси Рустамбек Садыралиевдин айтымында, 12-августтан тартып калкка көмүр сатыла баштады. Өлкөнүн түндүгүндө социалдык отун базалары үчүн 115 жай аныкталды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен биргеликте көмүрдүн баасы белгиленди. Анын наркы Кара-Кечеден канча алыс жайгашканына жараша болот. Мисалы, Бишкекте көмүрдүн тоннасы 7 миң сом болууда. Былтыр борбор калаада көмүрдүн тоннасы 6,6 миң сомдон сатылган. Быйыл күйүүчү-майлоочу майлардын кымбатташынан улам баа өстү. Дизель дагы кымбаттаса, баа өзгөрүшү мүмкүн. Буга чейин алып сатарлар көмүрдү 8-10 миң сомдон сатышкан. Алар Кара-Кечеден көмүрдү 2,5 миң сомдон сатып алган айдоочулар болгон. Эми кенге көмүрдү базага жеткирген унаалар гана киргизилет. Алып сатарларга кирүүгө тыюу салынды. 15-сентябрдан тартып, эс алуу жана балдарды мектепке даярдоо иштери бүткөндөн кийин көмүр сатып алуу көбөйөт. Мындан улам дүрбөлөң башталганга чейин көмүр камдап алуу зарыл.
Биринчи жарым жылдыкта Кыргызстан 558,6 миң чарчы метр терезе пардасын, кошумча жасалгаларды экспорттогон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Былтыркы жылдын ушул эле мезгилинде болгону 2,7 миң чарчы метр сатылган. Кыргызстандын пардасын Россия (ЕАЭБ өлкөсү) — 536 миң чарчы метр; Өзбекстан — 22,4 миң импорттогон. Мындан тышкары, азыраак көлөмдө Италия менен Ирландия сатып алган.
Жо Байден администрациясынын 2021-жылы Афганстандан америкалык аскерлерди чыгаруу чечими — АКШнын тарыхындагы кара так. Мындай билдирүүнү мамлекеттик катчы Марко Рубио жасаганын РИА Новости жазды. Саясатчы америкалык аскерлер чыгарылып жатканда Кабулдун аэропортунда болгон терактынын беш жылдыгына арналган иш-чарада сүйлөгөн. Рубио болгон окуяны "жүрөк үшүн алган чабуул" деп атап, жан кечтинин жардыруусу 13 америкалык аскер менен 180ден ашуун афгандык жарандын өмүрүн алганын эске салды. Белгилей кетсек, 2021-жылдын августунда талибдер Афганстандын өкмөттүк аскер күчүнө чабуулун күчөтүп, 15-августта Кабулга кирип барган да, кийинки күнү согуш соңуна чыкканын жар салышкан. Ошол кездеги президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. 31-августка караган түнү америкалык аскерлер Кабул аэропортунан чыгып кетип, 20 жылдык тирешүүгө чекит коюлган.
Жаңылыктар түрмөгү
0