https://sputnik.kg/20260827/bishkekte-massalyk-mushtash-1103235849.html
Бишкекте массалык мушташ болуп, бир нече киши жабыркады. Видео
Бишкекте массалык мушташ болуп, бир нече киши жабыркады. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Бишкекте массалык мушташ катталды. 27.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-27T13:53+0600
2026-08-27T13:53+0600
2026-08-27T14:02+0600
кыргызстан
бишкек
мушташ
кампа
жол
милиция
https://sputnik.kg/img/104254/34/1042543486_0:252:4800:2952_1920x0_80_0_0_c56dc411c166daf2af9ab8bdfe9c9636.jpg
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Бишкекте массалык мушташ катталды. Юрист Кайрат Осмоналиев Sputnik Кыргызстан агенттигине окуя 26-августка караган түнү Чыгыш промзонасындагы эмерек кампасында болгонун айтып берген. Анын маалыматы боюнча, чыр эмерек кампасынын башчысы менен асфальт төшөп жаткан жумушчулардын бригадиринин ортосунда чыккан. Ал жабыркагандар ооруканага жаткырылып, милицияга арыз жазышканын кошумчалады. Свердлов РИИБинин маалыматы боюнча, 26-августта саат 01:08де милицияга Шабдан баатыр көчөсүндөгү жаңы кампалар жайгашкан жерде жаңжал чыкканы тууралуу кабар түшкөн. Арыз жазган У.Н. адамдардын тобу 15 жаштагы баласы менен күйөөсүнө кол салганын билдирген. Милиция окуянын чоо-жайын тактоо үчүн мушташкандардын баары бөлүмгө жеткирилгенин маалымдады. "Байбаштык" беренеси менен иш козголуп, экспертизалар дайындалган.
https://sputnik.kg/20260811/kara-baltada-top-baldar-mushtashty-1102913896.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104254/34/1042543486_264:0:4536:3204_1920x0_80_0_0_30e8a38d4d81eadaaf92786c0c5daa76.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, мушташ, кампа, жол, милиция
кыргызстан, бишкек, мушташ, кампа, жол, милиция
Бишкекте массалык мушташ болуп, бир нече киши жабыркады. Видео
13:53 27.08.2026 (Жаңыртылды: 14:02 27.08.2026) БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Бишкекте массалык мушташ катталды.
Юрист Кайрат Осмоналиев Sputnik Кыргызстан агенттигине окуя 26-августка караган түнү Чыгыш промзонасындагы эмерек кампасында болгонун айтып берген. Анын маалыматы боюнча, чыр эмерек кампасынын башчысы менен асфальт төшөп жаткан жумушчулардын бригадиринин ортосунда чыккан.
"Жүк ташыган унаа жаңы эле оңдолгон жол менен барып артка бурула баштаганда бригадир сөгүнүп-сагынып, уруш чыккан. Андан кийин колуна күрөк, таяк алган 15тей адам 15 жана 18 жаштагы эки баланы ур-томокко алган. Камералар кампага топтун мыйзамсыз кирип барганын каттады", — деди Осмоналиев.
Ал жабыркагандар ооруканага жаткырылып, милицияга арыз жазышканын кошумчалады.
Свердлов РИИБинин маалыматы боюнча, 26-августта саат 01:08де милицияга Шабдан баатыр көчөсүндөгү жаңы кампалар жайгашкан жерде жаңжал чыкканы тууралуу кабар түшкөн. Арыз жазган У.Н. адамдардын тобу 15 жаштагы баласы менен күйөөсүнө кол салганын билдирген.
Милиция окуянын чоо-жайын тактоо үчүн мушташкандардын баары бөлүмгө жеткирилгенин маалымдады. "Байбаштык" беренеси менен иш козголуп, экспертизалар дайындалган.