https://sputnik.kg/20260820/208-minge-chukul-nemets-tutkunga-alynyp-kishinev-boshotulgan-1103095550.html
208 миңге чукул немец туткунга алынып, Кишинев саналуу күндөрдө бошотулган. Видео
208 миңге чукул немец туткунга алынып, Кишинев саналуу күндөрдө бошотулган. Видео
Sputnik Кыргызстан
Улуу Жеңишке бир жылга жетип-жетпеген убакыт калганда советтик аскерлер каармандык менен Яссы-Кишинев операциясын ийгиликтүү ишке ашырган. 20.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-20T20:21+0600
2026-08-20T20:21+0600
2026-08-20T20:21+0600
улуу ата мекендик согуш
ссср
иосиф сталин
кишинев
бошотуу
видео
советтик жоокерлер
https://sputnik.kg/img/07ea/08/14/1103095380_0:139:3001:1827_1920x0_80_0_0_07cf58f3bce1e231568b39d92f99fa14.jpg
Бул 1944-жылдын 20-августунда башталат. Ал тарыхта сталиндик жетинчи сокку деп аталган. Негизги соккуларды немец аскерлерине эмес, согуштук даярдыгы андан да алда канча начар союздаштарына, тагыраагы, флангдарда жайгашкан румын топторуна уруу чечими кабыл алынган. Ошентип бутага румын генерал-лейтенанты Петре Думитреску жетектеген 3-армия жана генерал-лейтенант Илие Штефля башкарган 4-армия алынат. Советтик 2 жана 3-Украин фронтторунун аскерлери күчтүү чабуул менен немец-румын топторунун коргонуу сызыгын бузуп өтүшөт. Терең курчоо тактикасын (Сталинграддагыдай) колдонуп, Кызыл армия 23-августка чейин душмандын чоң бөлүгүн курчоого алган. Жалпы санай келгенде душмандын 208 миң жоокери, офицери туткунга алынган. Бул Молдованын толугу менен, Кишиневдун 24-августта, бүт Молдованын 26-августта бошотулушуна шарт түзөт. Фронттогу оор жеңилүү Румынияда мамлекеттик төңкөрүшкө алып келет. Падыша Михай I СССР менен ок атышпоого кол коюудан баш тарткан диктатор Антонескуну камакка алат. Румыния Германия тараптан чыгып, антигитлердик коалицияга кошулат. Мунун артынан Гитлер козголоңду басууга тапшырма берет. Немец авиациясы Бухаресттеги Падышалык сарайды жана шаардагы маанилүү объектилерди бомбалоону баштайт...
ссср
кишинев
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/14/1103095380_190:0:2810:1965_1920x0_80_0_0_478f71a421cd2d1a8cca2d4a037ddf7e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
улуу ата мекендик согуш, ссср, иосиф сталин, кишинев, бошотуу, видео, советтик жоокерлер, видео
улуу ата мекендик согуш, ссср, иосиф сталин, кишинев, бошотуу, видео, советтик жоокерлер, видео
208 миңге чукул немец туткунга алынып, Кишинев саналуу күндөрдө бошотулган. Видео
Улуу Жеңишке бир жылга жетип-жетпеген убакыт калганда советтик аскерлер каармандык менен Яссы-Кишинев операциясын ийгиликтүү ишке ашырган.
Бул 1944-жылдын 20-августунда башталат. Ал тарыхта сталиндик жетинчи сокку деп аталган.
Негизги соккуларды немец аскерлерине эмес, согуштук даярдыгы андан да алда канча начар союздаштарына, тагыраагы, флангдарда жайгашкан румын топторуна уруу чечими кабыл алынган. Ошентип бутага румын генерал-лейтенанты Петре Думитреску жетектеген 3-армия жана генерал-лейтенант Илие Штефля башкарган 4-армия алынат.
Советтик 2 жана 3-Украин фронтторунун аскерлери күчтүү чабуул менен немец-румын топторунун коргонуу сызыгын бузуп өтүшөт. Терең курчоо тактикасын (Сталинграддагыдай) колдонуп, Кызыл армия 23-августка чейин душмандын чоң бөлүгүн курчоого алган.
Жалпы санай келгенде душмандын 208 миң жоокери, офицери туткунга алынган.
Бул Молдованын толугу менен, Кишиневдун 24-августта, бүт Молдованын 26-августта бошотулушуна шарт түзөт.
Фронттогу оор жеңилүү Румынияда мамлекеттик төңкөрүшкө алып келет. Падыша Михай I СССР менен ок атышпоого кол коюудан баш тарткан диктатор Антонескуну камакка алат. Румыния Германия тараптан чыгып, антигитлердик коалицияга кошулат.
Мунун артынан Гитлер козголоңду басууга тапшырма берет. Немец авиациясы Бухаресттеги Падышалык сарайды жана шаардагы маанилүү объектилерди бомбалоону баштайт...