https://sputnik.kg/20260818/kytay-kyrgyzstan-kuyuuchu-may-tezdetet-1103054961.html
Кытай Кыргызстанга күйүүчү май жеткирүүнү тездетмей болду
Кытай Кыргызстанга күйүүчү май жеткирүүнү тездетмей болду
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Кыргызстан Кытай менен Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунан (СУАР) күйүүчү-майлоочу майды тездик менен жеткирүүнү макулдашты. 18.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-18T16:28+0600
2026-08-18T16:28+0600
2026-08-18T16:28+0600
кыргызстан
кытай
күйүүчү май
импорт
эрлист акунбеков
https://sputnik.kg/img/07ea/08/12/1103053547_0:240:2304:1536_1920x0_80_0_0_8a308753f7f802fad5bb356bcd754e64.jpg
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Кыргызстан Кытай менен Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунан (СУАР) күйүүчү-майлоочу майды тездик менен жеткирүүнү макулдашты. Тийиштүү келишимге минкаб төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков менен Кытай Компартиясынын СУАР боюнча комитетинин катчысы Чэнь Сяоцзяндын жолугушуусунда жетишилди. Акунбеков Кытайга болгон сапарынын башкы максаты эки өлкөнүн ишкерлерин түздөн-түз байланыштырып, Кыргызстанга күйүүчү майды тезирээк жеткирүү экенин белгиледи. Тараптар ошондой эле Кыргызстандагы мунай жана газ кендерин чалгындоо, өздөштүрүү, мунай иштетүүчү заводдорду куруу жана чек арадагы өткөрүү пунктуларында жүктөрдү сактоо, транзит жана кайра жүктөө үчүн инфраструктура түзүү боюнча биргелешкен долбоорлорду карашты. Чэнь Сяоцзян кытай тарап СУАР аркылуу Кыргызстан менен соода байланышын мындан ары да өнүктүрүүгө жана кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү май жеткирүүнү жеңилдетүү жана тездетүүнү макулдашты.
https://sputnik.kg/20260806/rossiya-kyrgyzstanga-munay-beret-1102826295.html
кытай
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/12/1103053547_158:0:2206:1536_1920x0_80_0_0_a4fb8edee6abc8c1e6b3c5dd0b800753.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, кытай, күйүүчү май, импорт, эрлист акунбеков
кыргызстан, кытай, күйүүчү май, импорт, эрлист акунбеков
Кытай Кыргызстанга күйүүчү май жеткирүүнү тездетмей болду
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Кыргызстан Кытай менен Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунан (СУАР) күйүүчү-майлоочу майды тездик менен жеткирүүнү макулдашты.
Тийиштүү келишимге минкаб төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков менен Кытай Компартиясынын СУАР боюнча комитетинин катчысы Чэнь Сяоцзяндын жолугушуусунда жетишилди.
Акунбеков Кытайга болгон сапарынын башкы максаты эки өлкөнүн ишкерлерин түздөн-түз байланыштырып, Кыргызстанга күйүүчү майды тезирээк жеткирүү экенин белгиледи.
"Биздин делегациянын курамында мунай өнүмдөрү тармагында иш жүргүзгөн кыргызстандык ишкерлер келди. Алардын айрымдары кытайлык компаниялар менен кызматташа баштады. Жакында эки өлкөнүн мамлекеттик органдары жумушчу жолугушууларды өткөрүп, транспорт маселелерин, бажылык тариздөөнү жана Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майларды ташууга байланышкан башка жагдайларды талкуулашты. Бир катар ата мекендик ишканалар авиакеросин менен дизелдик отунду жеткирүү боюнча келишимдерге кол коюшту. Отундун алгачкы партиялары Кытайдан Кыргызстанга ийгиликтүү жеткирилди", — деди ал.
Тараптар ошондой эле Кыргызстандагы мунай жана газ кендерин чалгындоо, өздөштүрүү, мунай иштетүүчү заводдорду куруу жана чек арадагы өткөрүү пунктуларында жүктөрдү сактоо, транзит жана кайра жүктөө үчүн инфраструктура түзүү боюнча биргелешкен долбоорлорду карашты.
Чэнь Сяоцзян кытай тарап СУАР аркылуу Кыргызстан менен соода байланышын мындан ары да өнүктүрүүгө жана кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү май жеткирүүнү жеңилдетүү жана тездетүүнү макулдашты.