Кыргыз бийлиги Кытай менен күйүүчү май импортун көбөйтүүнү сүйлөшүп жатат
Кыргыз бийлиги Кытай менен күйүүчү май импортун көбөйтүүнү сүйлөшүп жатат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Кыргызстан Кытайдан мунай продуктуларынын импортун көбөйтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары... 18.08.2026, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Кыргызстан Кытайдан мунай продуктуларынын импортун көбөйтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Үрүмчүдө Кытайдын Sinopec корпорациясынын директорунун орун басары Тянь Хунбинь менен жолугушууда белгилүү болду. Анда кыргызстандык күйүүчү май компаниялары менен түз байланыш түзүү, күйүүчү майды ташуу, бажыдан өткөрүү жана товар жүгүртүү шарттары каралды. Кыргыз делегациясына мунай тармагында иштеген 10дон ашык компаниянын жетекчилери кирген. Өз кезегинде Тянь Хунбинь буга чейин түзүлгөн биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана мунай тармагында кызматташуунун жаңы багыттарын өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди. Жолугушуунун соңунда мамлекеттик органдардын жана компаниялардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топтор түзүлүп, Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майларды жеткирүүгө байланыштуу транспорт, бажылык жол-жоболоштуруу, соода жүгүртүү жана башка практикалык маселелерди талкуулашты.
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Кыргызстан Кытайдан мунай продуктуларынын импортун көбөйтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Үрүмчүдө Кытайдын Sinopec корпорациясынын директорунун орун басары Тянь Хунбинь менен жолугушууда белгилүү болду.
Анда кыргызстандык күйүүчү май компаниялары менен түз байланыш түзүү, күйүүчү майды ташуу, бажыдан өткөрүү жана товар жүгүртүү шарттары каралды. Кыргыз делегациясына мунай тармагында иштеген 10дон ашык компаниянын жетекчилери кирген.
"Кыргызстан Кытайдан мунай продуктуларын жеткирүү көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдар. Бул багыттын келечеги кең жана эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин алкагындагы кызматташтыктын узак мөөнөттүү багыты болуп саналат", — деди Акунбеков.
Кыргыз делегациясына мунай тармагында иштеген 10дон ашык компаниянын жетекчилери кирген.
Өз кезегинде Тянь Хунбинь буга чейин түзүлгөн биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана мунай тармагында кызматташуунун жаңы багыттарын өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Жолугушуунун соңунда мамлекеттик органдардын жана компаниялардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топтор түзүлүп, Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майларды жеткирүүгө байланыштуу транспорт, бажылык жол-жоболоштуруу, соода жүгүртүү жана башка практикалык маселелерди талкуулашты.