https://sputnik.kg/20260817/korumdu-sook-tabyldy-1103020666.html
Корумду чокусунан жоголгон альпинисттер болушу мүмкүн делген адамдардын сөөгү табылды
Корумду чокусунан жоголгон альпинисттер болушу мүмкүн делген адамдардын сөөгү табылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Чоң-Алайдагы Корумду чокусунан Беларусь менен Литвадан келип дайынсыз болуп жаткан альпинисттер болушу мүмкүн делген үч сөөк... 17.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-17T10:05+0600
2026-08-17T10:05+0600
2026-08-17T10:05+0600
кыргызстан
корумду
альпинист
издөө
чоку
сөөк
https://sputnik.kg/img/07ea/08/0d/1102958524_0:370:960:910_1920x0_80_0_0_a72f4a443f8e8ec8c17e749f226dfd6b.jpg.webp
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Чоң-Алайдагы Корумду чокусунан Беларусь менен Литвадан келип дайынсыз болуп жаткан альпинисттер болушу мүмкүн делген үч сөөк табылды. Бул тууралуу издөө-куткаруу тобунун мүчөсү Александр Смирнов билдирди. Анын айтымында, таш аралаш түшкөн көчкү тартылган аймактын видеолорун карап жатып сөлөкөттөрдү көрүшкөн. Деген менен кадрлардан алардын адам экенин так ажыратуу мүмкүн эмес, баарын кар менен таш басып калган. Ал үчөө тең бир арканда болуп, бири-биринен бөлүнбөгөнүн кошумчалады. "Сөөктөр түшүрүлгөндөн кийин гана таанылат. Издөөчүлөрдүн маалыматына караганда, үчөө тең бир арканда болуп, бири-биринен бөлүнгөн эмес. Учурда аба ырайынын начарлашына байланыштуу куткаруучулардын лагери жыйналууда. Сөөк түшүрүү операциясы бардык жагдайларды тактагандан кийин гана болот", — деди Смирнов. Эске салсак, 1-августта үч кишиден турган альпинисттик топ Чоң-Алай районундагы 6 миң 613 метр бийиктиктеги Корумду чокусуна чыккан. 2-августта байланышка чыгып, түшүүгө толук даяр экенин билдиргенден кийин лагерге карай жол тартышкан. Бирок 4-августта белгиленген жерге кайтып келишкен эмес, ошону менен байланыш үзүлгөн. 9-августта Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигине Беларусь альпинизм федерациясы спортчулардын дайынсыз болуп жатканы тууралуу расмий кайрылганы маалым болгон. ӨКМдин куткаруучулары ошол эле күнү алардын чатырын табышкан, бирок ичинде эч ким болгон эмес. Дайынсыз болуп жаткан альпинисттердин экөө Беларустун, бирөө Литванын жарандары.
https://sputnik.kg/20260813/korumdu-alpinistter-izdeluudo-1102962051.html
корумду
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/0d/1102958524_0:280:960:1000_1920x0_80_0_0_5140f72eccf815bbd1b28a750508be04.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, корумду, альпинист, издөө, чоку, сөөк
кыргызстан, корумду, альпинист, издөө, чоку, сөөк
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Чоң-Алайдагы Корумду чокусунан Беларусь менен Литвадан келип дайынсыз болуп жаткан альпинисттер болушу мүмкүн делген үч сөөк табылды. Бул тууралуу издөө-куткаруу тобунун мүчөсү Александр Смирнов билдирди.
Анын айтымында, таш аралаш түшкөн көчкү тартылган аймактын видеолорун карап жатып сөлөкөттөрдү көрүшкөн. Деген менен кадрлардан алардын адам экенин так ажыратуу мүмкүн эмес, баарын кар менен таш басып калган.
"Альпинисттер кийчү бут кийимдерди, жабдуулардын бөлүктөрүн көрүп жатабыз. Так маалыматты сөөктөр түшүрүлгөндөн кийин берүүгө болот. Ага чейин аты-жөнү аталбайт. Изделип жаткан үй-бүлөлөр баарынан кабардар", — деп жазды Смирнов.
Ал үчөө тең бир арканда болуп, бири-биринен бөлүнбөгөнүн кошумчалады.
"Сөөктөр түшүрүлгөндөн кийин гана таанылат. Издөөчүлөрдүн маалыматына караганда, үчөө тең бир арканда болуп, бири-биринен бөлүнгөн эмес. Учурда аба ырайынын начарлашына байланыштуу куткаруучулардын лагери жыйналууда. Сөөк түшүрүү операциясы бардык жагдайларды тактагандан кийин гана болот", — деди Смирнов.
Эске салсак, 1-августта үч кишиден турган альпинисттик топ Чоң-Алай районундагы 6 миң 613 метр бийиктиктеги Корумду чокусуна чыккан. 2-августта байланышка чыгып, түшүүгө толук даяр экенин билдиргенден кийин лагерге карай жол тартышкан. Бирок 4-августта белгиленген жерге кайтып келишкен эмес, ошону менен байланыш үзүлгөн.
9-августта Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигине Беларусь альпинизм федерациясы спортчулардын дайынсыз болуп жатканы тууралуу расмий кайрылганы маалым болгон.
ӨКМдин куткаруучулары ошол эле күнү алардын чатырын табышкан, бирок ичинде эч ким болгон эмес. Дайынсыз болуп жаткан альпинисттердин экөө Беларустун, бирөө Литванын жарандары.