00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:00
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
19:58
1 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ачык кеп
ЕАЭБдин үрөндөрдүн бирдиктүү рыногу: Кыргызстан үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр ачылат?
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
2026-жылдын башынан бери оор турмуштук кырдаалга кабылган балдардын жана үй-бүлөлөрдүн укуктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында өзгөчө көңүл бурууну талап кылган шарттарда жашаган 3 606 бала аныкталды. Эмгек министрлигинен билдиришкендей, балдарга карата алардын бакубаттуулугун калыбына келтирүүгө, коопсуздугун камсыз кылууга жана укуктарын коргоого багытталган чаралардын комплексин камтыган баланы коргоо боюнча жекече иш-аракеттердин пландары иштелип чыгып, бекитилет. Жалпысынан 2 097 жекече план бекитилип, аларды ишке ашыруунун натыйжасында 1 702 бала оор турмуштук кырдаалдан чыгарылды.
Бүгүн Балыкчы шаарындагы №26 136 аскер бөлүгүнүн базасында Кыргызстан менен Россиянын биргелешкен "Борбор-2026" тактикалык машыгуусунун ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, машыгууга 500дөй аскер кызматкери, жүздөн ашык курал-жарак жана техника, согуштук дрондор тартылган. Ошондой эле эки өлкөнүн аскердик авиациясы катышып жатат. Министрлик машыгуу 11-17-август күндөрү болорун кошумчалады. Эскерте кетсек, россиялык аскерлер КЫргызстанга 7-август күнү келген.
Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине билеттер сатыла баштады31-августта "Бишкек Аренада" өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине билеттер сатыла баштады. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгы билдирди. Маалымдалгандай, ага 7 жаштан жогорку курактагылар кире алат. ticket.gov.kg сайтында сатылган билеттин баасы орунга жараша 5 миңден 9 миң сомго чейин болот. Иш-чарага кирүү Face ID аркылуу жүргүзүлөт. Андыктан билет ээсинин жеке маалыматтарына байланыштырылып, аны башка адамга берүүгө же кайра сатууга болбойт. 31-августтагы аземге башка мамлекеттердин башчылары да катыша тургандыктан коопсуздук чаралары күчөтүлөт. Белгилей кетсек, бул иш-чара стадиондун расмий ачылышы эмес. "Бишкек Арена" расмий 5-октябрда шоу-концерт менен салтанаттуу ачылат.
Шанхай кызматташтык уюму учурда курамын кеңейтүүгө караганда ички иштерин иретке келтирүүгө жана кызматташууну жакшыртууга көбүрөөк көңүл бурууда. Бул тууралуу РФ Илимдер академиясынын Борбор Азияны изилдөө борборунун жетекчисинин милдетин аткаруучу Александра Перминова Sputnik агенттигине билдирди. Анын айтымында, ШКУ үчүн кеңейүү эч качан негизги максат болгон эмес. Учурда уюмга мүчө болууга эң жакын өлкөлөр катары Монголия менен Азербайжан аталууда.Алар менен эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлде консультациялар жүрүп жатат. Перминова белгилегендей, Бишкекте өтө турган саммиттин жыйынтыгында ШКУнун өнүктүрүү банкын түзүү маселеси кайрадан талкууланышы мүмкүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0