00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
7 мин
Тема дня
Что делать с врачебными ошибками — острый разговор о работе медиков
10:08
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Милиция: ата-энелер балдарын 10 жашка чейин жолго жалгыз чыгарбай, коштоп жүрүшү керек
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөнүн атайын кызматынын катарына электен өткөн инсандар гана өтүш керек
11:31
24 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
9 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Бийлик Кыргызстандын аймагында жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүү боюнча жаңы эрежелерди бекитти. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Документ өрт коопсуздугу тармагындагы мыйзамдарды оптималдаштыруу жана коопсуздук талаптарын аткаруу максатында кабыл алынды. Токтомдогу негизги талаптар менен чектөөлөр: пиротехникалык буюмдар адистештирилген дүкөндөр аркылуу гана сатылат; иш күндөрү саат 22:00дөн 07:00гө чейин, ал эми дем алыш жана майрам күндөрү 22:00дөн 09:00гө чейин пиротехника атууга жана ызы-чууга тыюу салынат. Жаңы токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
1-июлдан тартып күчүнө кирген талапка ылайык, Кыргызстандын жарандары Россияга барардан 72 саат мурда ruID мобилдик тиркемесин жүктөп, каттоодон өтүшү зарыл. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин үчүнчү катчысы Нургазы Жумалиев “Биринчи радионун” эфиринде билдирди. Анын айтымында, учурда Россияда 502 миң кыргызстандык бар. Миграциялык талаптардын күчөтүлүшүнө байланыштуу жарандар Россияга кирер алдында тиешелүү жол-жоболордон өтүшү керек.Ошол эле учурда ruID тиркемесине катталбай калуу же тиркеменин жоктугу Россиянын чек арасынан киргизбей коюуга негиз болуп саналбайт. Жумалиевдин маалыматына ылайык, Россияга киргенден кийин чет өлкөлүк жаранга 30 күндүн ичинде эмгек келишимин түзүп, тиешелүү каттоодон өтүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Андан кийин гана мыйзамдуу эмгек ишмердигин жүргүзө алат. Ал ruID системасы бир жагынан миграциялык талаптарды күчөтсө, экинчи жагынан Россиянын аймагында мамлекеттик кызматтарды алууга ыңгайлуу шарттарды түзөрүн белгиледи.
Кыргызстандын ФИФА калысы Алимардон Байназаров жана ФИФА калысынын жардамчысы Исмаил Талипжанов Hyundai Cup 2026 эл аралык турниринин алкагындагы эки беттеште кызмат өтөштү. Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, алгачкы оюн 4-августта Мьянманын Янгон шаарында Мьянма жана Лаостун курама командаларынын ортосунда өттү. Экинчи беттеш 8-августта Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында Малайзия менен Филиппиндин курама командаларынын ортосунда болду. Кыргызстандык адистер аталган эл аралык беттештерде калыстык кызматын аткарышты.
Жаңылыктар түрмөгү
0