https://sputnik.kg/20260731/1102732799.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын президенттеринин бейформал консультативдик жолугушуусу өтүп, анын жыйынтыгында Чолпон-Ата... 31.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-31T19:00+0600
2026-07-31T19:00+0600
2026-07-31T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1f/1102732633_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_e2b7ab38e521d2fe40314751a55f89cd.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын президенттеринин бейформал консультативдик жолугушуусу өтүп, анын жыйынтыгында Чолпон-Ата декларациясына кол коюлду. Бул тууралуу "Ынтымак ордодон" билдиришти. Жолугушууга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын өлкө башчысы Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Азербайжандын лидери Илхам Алиев катышты. Садыр Жапаров акыркы жылдары Борбор Азияда мамлекеттик чек араларга байланыштуу тарыхый макулдашууларга жетишилип, өз ара ишенимдин бекемделиши аймактык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарганын белгиледи. Президент ошондой эле аймактагы мамлекет башчыларына Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдардагы туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.
Бишкек — Нарын багыты боюнча учкандар үчүн августтун аягына чейин билет баасы 1000 сом болот. Asman Airlines авиакомпаниясы жүргүнчүлөрдүн суроо-талабынан улам акцияны бир айга узартууну чечкенин кабарлады. Маалымдалгандай, учурда бир тарапка учуу 2100 сомдун ордуна 1000 сом болууда. Мындан тышкары, Казарман — Бишкек багытында билет 26-сентябрга чейин 3100 сомдун ордуна 2100 сомдон сатылат. Акциялык билеттерди авиакомпаниянын расмий сайтынан жана мобилдик тиркемесинен алууга болот.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын байге фонду үчүн 64 млн сом (700 миң доллар) каралууда. Иш-чарага 100 миңге жакын көрүүчү жана турист келет деп күтүлүүдө. Уюштуруучулар дын айтымында, оюндардын программасы 42 спорт түрүнө чейин кеңейтилди. Алгачкы оюндарда 37 болгон. Чет өлкөлүк конокторду коштоо үчүн 700 ыктыярчы тандалган. Ал эми коопсуздук үчүн түз эфирде көзөмөл жүргүзгөн, 24 саат иштеген штаб түзүлөт. Маданий программада 5 күндүн ичинде 5 аянтчада 800дөн ашык иш-чара өтөт Жабылуу аземинде Gypsy Kings жана башка чет элдик артисттер өнөр көрсөтүшөт.
Ысык-Көлдө өтүп жаткан суудагы "Формула-1" боюнча дүйнө чемпионатынын алкагында машыккан жарыштар башталды. UIM F1H2O Grand Prix of Kyrgyzstan иш-чарасы расмий эртең башталмакчы. Ал командаларга кайыктарынын жөндөп, текшерүүгө, жарыш тилкеси менен таанышып, билип-көрүүгө жана квалификациялык жарышка даярданууга мүмкүнчүлүк берет. Бүгүнкү программага эки эркин машыгуу киргизилген. Биринчиси саат 14:30дан 15:30га чейин, экинчиси 16:30дан 17:30га чейин өттү. Суудагы "Формула-1" боюнча дүйнө чемпионатынын Кыргызстандагы этабы 31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көлдө уюштурулат. Жарыштар Бает айылынын жээгинде, "Ак-Марал" жана "Чайка" пансионаттарынын ортосундагы тилкеде өтөт. Мындай мелдеш Кыргызстанда алгачкы жолу өткөрүлүүдө. Ошондой эле Ысык-Көл деңиз деңгээлинен 1607 метр бийиктикте жайгашкандыктан, бул дүйнө чемпионатынын тарыхындагы эң бийик тоолуу этап болуп саналат.
Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын президенттеринин бейформал консультативдик жолугушуусу өтүп, анын жыйынтыгында Чолпон-Ата декларациясына кол коюлду. Бул тууралуу "Ынтымак ордодон" билдиришти. Жолугушууга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын өлкө башчысы Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Азербайжандын лидери Илхам Алиев катышты. Садыр Жапаров акыркы жылдары Борбор Азияда мамлекеттик чек араларга байланыштуу тарыхый макулдашууларга жетишилип, өз ара ишенимдин бекемделиши аймактык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарганын белгиледи. Президент ошондой эле аймактагы мамлекет башчыларына Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдардагы туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин колдогону үчүн ыраазычылык билдирди. Бишкек — Нарын багыты боюнча учкандар үчүн августтун аягына чейин билет баасы 1000 сом болот. Asman Airlines авиакомпаниясы жүргүнчүлөрдүн суроо-талабынан улам акцияны бир айга узартууну чечкенин кабарлады. Маалымдалгандай, учурда бир тарапка учуу 2100 сомдун ордуна 1000 сом болууда. Мындан тышкары, Казарман — Бишкек багытында билет 26-сентябрга чейин 3100 сомдун ордуна 2100 сомдон сатылат. Акциялык билеттерди авиакомпаниянын расмий сайтынан жана мобилдик тиркемесинен алууга болот.Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын байге фонду үчүн 64 млн сом (700 миң доллар) каралууда. Иш-чарага 100 миңге жакын көрүүчү жана турист келет деп күтүлүүдө. Уюштуруучулар дын айтымында, оюндардын программасы 42 спорт түрүнө чейин кеңейтилди. Алгачкы оюндарда 37 болгон. Чет өлкөлүк конокторду коштоо үчүн 700 ыктыярчы тандалган. Ал эми коопсуздук үчүн түз эфирде көзөмөл жүргүзгөн, 24 саат иштеген штаб түзүлөт. Маданий программада 5 күндүн ичинде 5 аянтчада 800дөн ашык иш-чара өтөт Жабылуу аземинде Gypsy Kings жана башка чет элдик артисттер өнөр көрсөтүшөт.Ысык-Көлдө өтүп жаткан суудагы "Формула-1" боюнча дүйнө чемпионатынын алкагында машыккан жарыштар башталды. UIM F1H2O Grand Prix of Kyrgyzstan иш-чарасы расмий эртең башталмакчы. Ал командаларга кайыктарынын жөндөп, текшерүүгө, жарыш тилкеси менен таанышып, билип-көрүүгө жана квалификациялык жарышка даярданууга мүмкүнчүлүк берет. Бүгүнкү программага эки эркин машыгуу киргизилген. Биринчиси саат 14:30дан 15:30га чейин, экинчиси 16:30дан 17:30га чейин өттү. Суудагы "Формула-1" боюнча дүйнө чемпионатынын Кыргызстандагы этабы 31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көлдө уюштурулат. Жарыштар Бает айылынын жээгинде, "Ак-Марал" жана "Чайка" пансионаттарынын ортосундагы тилкеде өтөт. Мындай мелдеш Кыргызстанда алгачкы жолу өткөрүлүүдө. Ошондой эле Ысык-Көл деңиз деңгээлинен 1607 метр бийиктикте жайгашкандыктан, бул дүйнө чемпионатынын тарыхындагы эң бийик тоолуу этап болуп саналат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1f/1102732633_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_1076bed62d1502773f5b7e42a4c3272c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио