00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Туяк
Улуу өнөрдүн улантуучусу Табылды Актанов. Бир өмүргө сыйган көп өнөр
17:08
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
34 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун капиталы 200 миллион долларга көбөйдү. Бул туурасында анын башкармалыгынын башчысы Замир Осмонов билдирди. Эске салсак, фонд 4 жыл мурда 100 миллион долларлык капитал менен түзүлгөн. Азербайжан президентинин бүгүн болуп жаткан мамлекеттик сапарынын алкагында анын каражатын эки эсе көтөрүү чечими кабыл алынган. "Фонд учурда энергетика, логистика, билим берүү, медицина жана өнөр жай тармагындагы 11 долбоорду жактырган. Алардын алкагында миңге жакын жаңы жумуш орду түзүлдү. Учурда дагы 30га жакыны каралууда. Алар Бишкек, Ош менен гана чектелбестен, Баткен, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы долбоорлорду да каржылоону көздөөдө", — деди Осмонов.
Россиянын БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу берген эки тоннага жакын жардамы Бишкек жана Ош шаарларындагы кампаларга келип түштү. Көмөктү өткөрүп берүү аземине Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Чыңгызбек Мамат уулу, аталган программанын КРдеги жетекчисинин орун басары Секжин Хан катышты. Бул сапар Россия байытылган 1755 тонна ун, 202,3 тонна өсүмдүк майын берди. Баш-аягы 850тен ашык үй-бүлө дарыянын жээгин бекемдөө, сугат системаларын калыбына келтирүү, суу жеткирүү, бак тигүү жана башка иштер боюнча долбоордо иштеп, акысына аталган азыктарды алмакчы. БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынан Россия Кыргызстандын ири донордук уюму экенин айтышты. Соңку 15 жыл ичинде тараптар калктын социалдык жактан аялуу катмарына шашылыш жардам көрсөтүү жана колдоо боюнча программаларды биргеликте ишке ашырып келе жатат.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга кызыккан өлкөлөрдүн саны көбөйүүдө. Бул тууралуу мелдештин уюштуруучулары Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдиришти. Аталган иш-чаранын катчылыгынын жетекчисинин орун басары Белек Үсөнбековдун айтымында, келе турган мамлекеттердин саны 2018-жылдагы 84 өлкөдөн быйыл 113 өлкөгө чейин жетти. Мелдешке катышуу үчүн Австралия, Жаңы Зеландия, Алжир, Бурунди, Гамбия, Египет, Иордания, Кабо-Верде, Кот-д"Ивуар, Оман, Түндүк Македония, Уганда жана Эфиопия сыяктуу өлкөлөр арыз тапшырган. "Бул оюндар брендге — Кыргызстандын дүйнөдөгү визиттик картасына айланды. 12 жылдан бери өлкөбүздү чет өлкөлөрдө таанытып келет", — деди Үсөнбеков.
НАТО АКШ Конгрессинин PURL механизминин алкагында Украинага америкалык курал-жарактарды жеткирүүнү баштай албай турат. Бул туурасында РИА Новости жазды. Агенттик карап чыккан Конгресстин отчетунда 31-мартка карата 21 өлкө аталган программага 4,15 миллиард доллар которгону айтылат. Каражат АКШ казыналыгына түшкөнү менен курал-жарак жеткирүү боюнча келишимдерди түзүүгө азырынча мүмкүн болбой жатат. Мындан сырткары, Кошмо Штаттар Пентагондун кампаларынан түзмө-түз Украинага курал-жарак берүүгө мүмкүнчүлүк жараткан 4,96 миллиард долларлык квотаны колдоно элек. Маалыматта бул өлкөнүн согуштук даярдыгына зыянын тийгизбей турганы айтылган. PURL механизми Европа өлкөлөрү менен Канаданын каражатына Украина үчүн АКШдан курал-жарак сатып алууну көздөйт.
Жаңылыктар түрмөгү
0