00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые нас не оставили равнодушными
14:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик”: Кыргызстан өзүнүн уңгужолун таптыбы?
15:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Таберик
“Шуулдаба, терегим, теректерим...” Эллегиянын султаны көлдү багынтканда
17:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Меняющие мир
«Хорошая речь — это навык»: преподаватель сценической речи — о голосе, зажимах и технике
18:06
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жапаров Балыкчы — Кочкор темир жолун ачып, баасы канчага турганын айтты

© Фото / пресс-служба президента КРадыр Жапаров Балыкчы — Кочкор темир жолунун жана Нарын облусундагы “Кочкор” станциясынын ачылышына катышты
адыр Жапаров Балыкчы — Кочкор темир жолунун жана Нарын облусундагы “Кочкор” станциясынын ачылышына катышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.07.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Балыкчы — Кочкор темир жолунун жана Нарын облусундагы “Кочкор” станциясынын салтанаттуу ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Президент жаңы станцияга поезд менен келип, жолдун сапатын жеринен текшерип чыкты. Ал өз сөзүндө бул күн көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында маанилүү орун аларын белгиледи.
© Фото / пресс-служба президента КР

Садыр Жапаров Балыкчы — Кочкор темир жолунун жана Нарын облусундагы “Кочкор” станциясынын ачылышына катышты

Садыр Жапаров Балыкчы — Кочкор темир жолунун жана Нарын облусундагы “Кочкор” станциясынын ачылышына катышты - Sputnik Кыргызстан
1/5

2/5

3/5

4/5

5/5

Узундугу 63 чакырымды түзгөн Балыкчы — Кочкор тилкеси Балыкчы — Кара-Кече — Макмал темир жол долбоорунун биринчи этабы болуп саналат.
Садыр Жапаров курулуш толугу менен өлкөнүн өз күчү менен ишке ашканын өзгөчө баса белгиледи.
“Курулуш учурунда 1 миллион кубометрге жуук жардыруу иштери жүргүзүлүп, 8 чакырым тоолуу аймак тазаланды. Темир жолдун 1 чакырымына 955 миң доллар сарпталды. Салыштыруу үчүн айтсам, чет элдик компаниялар 1 чакырым үчүн 4,8 миллиондон 6,8 миллион долларга чейин сунушташкан. Бул өтө кымбат экенин түшүнүп, "жолду баскан арбытат" деп тобокелчиликке салып, ишти өзүбүз колго алдык”, — деди президент.
Жапаров Түндүк — Түштүк альтернативдик автожолунун курулушун мисалга келтирип, анда 1 чакырымга 2,5 миллион доллар көрсөтүлгөнү менен жол дагы эле толук бүтө электигин жана каражаттын жарымынан көбү уурдалып кеткенин кошумчалады. Темир жол куруу кыйла татаал жана кымбат болгонуна карабай Кыргызстан аны кыйла арзан кура алды.
Президент темир жол тармагындагы өнүгүүлөргө да токтолду:
2025-жылдын жыйынтыгы менен жүк ташуу көлөмү 11 миллион тоннага жетип, 2021-жылга салыштырмалуу 36 пайызга өстү;
2021-жылы 255 миң адам темир жолду колдонсо, 2025-жылы бул көрсөткүч 432 миңге жеткен;
келечекте Кочкор — Кара-Кече — Макмал темир жолу курулат. Бул долбоор өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бирдиктүү темир жол магистралы аркылуу бириктирип, Кара-Кече көмүр кенин өнөр жай борборлору менен байланыштырат;
бул багыт Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан эл аралык темир жол коридорунун бир бөлүгүнө айланып, өлкөнү транзиттик хабга айлантат.
Салтанаттын соңунда Садыр Жапаров темир жолдун акыркы бурамасын атайын ачкыч менен өзү бекитип, ачылышты белгиледи. Ошондой эле жергиликтүү тургундар менен баарлашып, койгон максаттардын баары өлкөдөгү туруктуулуктун аркасында гана ишке ашарын белгиледи.
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушунун башталышы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2026
Жапаров: Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу экинчи Кумтөр болот
Жаңылыктар түрмөгү
0