https://sputnik.kg/20260724/1102578698.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө АИ-95 жана андан жогорку маркадагы бензиндердин баасы мындан да кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Sputnik... 24.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-24T08:59+0600
2026-07-24T08:59+0600
2026-07-24T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/18/1102578532_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_c72854a3b1a62e6ab986d4b1e43b8d5e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө АИ-95 жана андан жогорку маркадагы бензиндердин баасы мындан да кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Sputnik агенттигине Канат Эшатов билдирди. Ал буга чейин премиум класстагы бензин жетишсиз болуп келгенин, бирок азыр анын көлөмү көбөйгөнүн белгиледи. "Бул кымбат бензин, анткени анын дүң баасы жогору. Биздин компаниялар мунай өндүргөн бардык өлкөлөрдөн издеп жатышат, бирок сунуштар барган сайын азайып жатат", — деди Эшатов. Ошондой эле ал баалар боюнча так божомол берилбей турганын, АИ-95 жана андан жогорку маркадагы бензиндин баасы рынокко жараша өзгөрөрүн айтты. Ал эми АИ-92 бензини жана дизелдик отун боюнча да дүң баалар өсүп жатканын, бирок мамлекет эң жогорку бааларды белгилеп, жеткирүүчүлөргө субсидия берип жатканын белгиледи.
Кыргызстанда электр энергиясын керектөө азая түштү. "Улуттук электр тармагы" ишканасы 23-июлга карата өлкөдө электрди керектөөнүн суткалык кубаты 44,6 млн кВт саатка түшкөнүн билдирди. Учурда тармак өз ыргагында иштеп жатат жана ашыкча жүк же техникалык мүчүлүштүктөр катталган жок. Белгилей кетсек, өткөнкү аптап күндөрдө керектөө 50 млн кВт сааттан ашып, электр кубаты өлкө боюнча бир нече саатка өчкөн.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башталышына 39 күн калды. Бул күндөрдүн ичинде көчмөндөр оюндарынын эң ири маданий демилгелеринин бири болгон “Биримдик кербени” жалпы улуттук руханий-маданий кербен 40 күндүк сапарга чыкты. Бул тууралуу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу комитетинен билдиришти. Маалымдалгандай, көчмөн цивилизациясынын баалуулуктарын, маданий мурасын, оюндардын рухун даңазалоого багытталган Кербен өлкөнүн 40 аймагынан сапар алып, Улуу көчкө биригет. “Көчмөндөр оюндарына “40 күн калды!” аттуу символикалык акция өткөрүлүп, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырган бирдиктүү маалыматтык өнөктүккө старт берилет. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары көчмөн элдердин тарыхын, маданиятын жана руханий баалуулуктарын дүйнөгө тааныткан эң ири эл аралык долбоорлордун бири болуп саналат. Ал эми анын Маданий программасы оюндардын ажырагыс бөлүгү катары эл аралык маданий кызматташтыкты чыңдоого, кыргыз элинин бай мурасын жайылтууга жана дүйнө элдеринин ортосундагы маданий диалогду өнүктүрүүгө багытталган”,- деп айтылат маалыматта.
АКШ Иранга каршы күч колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында Жакынкы Чыгыштагы аскердин санын көбөйтүп жатат. Бул тууралуу Wall Street Journal басылмасы өзүнүн маалымат булактарына таянып жазды. Басылманын билдиргенине таянсак, өткөн аптада Вашингтон аймакка атайын операция боюнча күчтөрүн жөнөтүп, Жакынкы Чыгыштагы базаларына истребителдердин эскадрильяларын жайгаштырган. Улуу Британиядагы B-1 бомбалоочу учактары да кеңири масштабдагы согуштук операцияларга катышууга даярдалып жатканы айтылууда. "Иран менен согуш күчөй турган шартта Трампка күч колдонуп жооп кайтарууга кеңири мүмкүнчүлүк берүү үчүн АКШ Жакынкы Чыгышка кошумча күчтөрдү, медициналык кызматкерлерди жана курал-жаракта
Өлкөдө АИ-95 жана андан жогорку маркадагы бензиндердин баасы мындан да кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Sputnik агенттигине Канат Эшатов билдирди. Ал буга чейин премиум класстагы бензин жетишсиз болуп келгенин, бирок азыр анын көлөмү көбөйгөнүн белгиледи. "Бул кымбат бензин, анткени анын дүң баасы жогору. Биздин компаниялар мунай өндүргөн бардык өлкөлөрдөн издеп жатышат, бирок сунуштар барган сайын азайып жатат", — деди Эшатов. Ошондой эле ал баалар боюнча так божомол берилбей турганын, АИ-95 жана андан жогорку маркадагы бензиндин баасы рынокко жараша өзгөрөрүн айтты. Ал эми АИ-92 бензини жана дизелдик отун боюнча да дүң баалар өсүп жатканын, бирок мамлекет эң жогорку бааларды белгилеп, жеткирүүчүлөргө субсидия берип жатканын белгиледи. Кыргызстанда электр энергиясын керектөө азая түштү. "Улуттук электр тармагы" ишканасы 23-июлга карата өлкөдө электрди керектөөнүн суткалык кубаты 44,6 млн кВт саатка түшкөнүн билдирди. Учурда тармак өз ыргагында иштеп жатат жана ашыкча жүк же техникалык мүчүлүштүктөр катталган жок. Белгилей кетсек, өткөнкү аптап күндөрдө керектөө 50 млн кВт сааттан ашып, электр кубаты өлкө боюнча бир нече саатка өчкөн.VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башталышына 39 күн калды. Бул күндөрдүн ичинде көчмөндөр оюндарынын эң ири маданий демилгелеринин бири болгон “Биримдик кербени” жалпы улуттук руханий-маданий кербен 40 күндүк сапарга чыкты. Бул тууралуу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу комитетинен билдиришти. Маалымдалгандай, көчмөн цивилизациясынын баалуулуктарын, маданий мурасын, оюндардын рухун даңазалоого багытталган Кербен өлкөнүн 40 аймагынан сапар алып, Улуу көчкө биригет. “Көчмөндөр оюндарына “40 күн калды!” аттуу символикалык акция өткөрүлүп, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырган бирдиктүү маалыматтык өнөктүккө старт берилет. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары көчмөн элдердин тарыхын, маданиятын жана руханий баалуулуктарын дүйнөгө тааныткан эң ири эл аралык долбоорлордун бири болуп саналат. Ал эми анын Маданий программасы оюндардын ажырагыс бөлүгү катары эл аралык маданий кызматташтыкты чыңдоого, кыргыз элинин бай мурасын жайылтууга жана дүйнө элдеринин ортосундагы маданий диалогду өнүктүрүүгө багытталган”,- деп айтылат маалыматта.АКШ Иранга каршы күч колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында Жакынкы Чыгыштагы аскердин санын көбөйтүп жатат. Бул тууралуу Wall Street Journal басылмасы өзүнүн маалымат булактарына таянып жазды. Басылманын билдиргенине таянсак, өткөн аптада Вашингтон аймакка атайын операция боюнча күчтөрүн жөнөтүп, Жакынкы Чыгыштагы базаларына истребителдердин эскадрильяларын жайгаштырган. Улуу Британиядагы B-1 бомбалоочу учактары да кеңири масштабдагы согуштук операцияларга катышууга даярдалып жатканы айтылууда. "Иран менен согуш күчөй турган шартта Трампка күч колдонуп жооп кайтарууга кеңири мүмкүнчүлүк берүү үчүн АКШ Жакынкы Чыгышка кошумча күчтөрдү, медициналык кызматкерлерди жана курал-жаракта
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/18/1102578532_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_1efc67906f07a5327d6428cbdeee1a21.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио