https://sputnik.kg/20260715/old-bishkek-administratsiyasynyn-tushundurmosu-1102420497.html
"Олд Бишкектин" администрациясы мэриянын чечимине байланыштуу түшүндүрмө берди
"Олд Бишкектин" администрациясы мэриянын чечимине байланыштуу түшүндүрмө берди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. "Олд Бишкек" долбоорунун администрациясы Бишкек мэриясынын жер алдындагы өтмөктөгү соода жайларынын ишин токтотуу чечимине... 15.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-15T12:39+0600
2026-07-15T12:39+0600
2026-07-15T13:46+0600
кыргызстан
бишкек
талаш
соода комплекси
мэрия
коммерция
жай
өтмөк
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0f/1102420187_0:370:960:910_1920x0_80_0_0_2132bbc93769dfb1e212b077a2978261.jpg
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. "Олд Бишкек" долбоорунун администрациясы Бишкек мэриясынын жер алдындагы өтмөктөгү соода жайларынын ишин токтотуу чечимине байланыштуу расмий билдирүү таратып, айтылган дооматтарга жооп берди. Долбоордун өкүлдөрүнүн айтымында, жер алдындагы өтмөк техникалык режимде мыйзам чегинде ишке киргизилген. Объект ишке берилген учурда негизги максат шаар тургундары үчүн коопсуз жана ыңгайлуу өтүүнү мүмкүн болушунча тез камсыз кылуу болгондуктан, өтмөк расмий ачылыш аземи өткөрүлбөстөн пайдаланууга берилген. Мындан тышкары, администрация жер алдындагы өтмөктүн иштеши менен жер үстүндөгү курулушту демонтаждоо өз-өзүнчө процесстер экенин белгиледи. Алардын айтымында, Чүй проспекти менен Байтик баатыр көчөсүнүн кесилишиндеги курулушту бузуу иштери коопсуздук талаптарын сактоо менен жүргүзүлүүдө. Оор техниканы колдонуу жер алдындагы конструкцияга жана жөө адамдарга коркунуч жаратышы мүмкүн. Ошондой эле коммерциялык жайлардын жабылышы жүздөгөн ишкерлер менен кызматкерлердин ишине таасир этерин белгилешип, муниципалитет менен инвестордун ортосундагы талаш-тартыштар мыйзам чегинде чечилип, чакан бизнес мындай жагдайдын курмандыгы болбошу керек деген позициясын билдиришти. Буга чейин Айбек Жунушалиев "Олд Бишкек" соода комплексинин аймагында көчмө жыйын өткөрүп, жер алдындагы өтмөктөгү соода түйүндөрүн мөөр басып жабууну тапшырган.
https://sputnik.kg/20260715/old-bishkek-zhoo-adamdar-uchun-achyk-bolot-1102418134.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0f/1102420187_0:280:960:1000_1920x0_80_0_0_e54b3856c4fd4a76772ad22bbc013734.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, талаш, соода комплекси, мэрия, коммерция, жай, өтмөк
кыргызстан, бишкек, талаш, соода комплекси, мэрия, коммерция, жай, өтмөк
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. "Олд Бишкек" долбоорунун администрациясы Бишкек мэриясынын жер алдындагы өтмөктөгү соода жайларынын ишин токтотуу чечимине байланыштуу расмий билдирүү таратып, айтылган дооматтарга жооп берди.
Долбоордун өкүлдөрүнүн айтымында, жер алдындагы өтмөк техникалык режимде мыйзам чегинде ишке киргизилген. Объект ишке берилген учурда негизги максат шаар тургундары үчүн коопсуз жана ыңгайлуу өтүүнү мүмкүн болушунча тез камсыз кылуу болгондуктан, өтмөк расмий ачылыш аземи өткөрүлбөстөн пайдаланууга берилген.
"Кийинчерээк мэр Айбек Жунушалиев объектиге бир нече жолу келип кеткен. Бул шаар бийлиги өтмөктүн иштеп жатканынан толук кабардар болгонун жана анын ишин "өз алдынча пайдаланууга берүү" катары кароого негиз жок экенин көрсөтөт. Учурда объектини пайдаланууга берүү боюнча актыны юридикалык жактан тариздөө стандарттуу макулдашуу жол-жоболоруна байланыштуу гана кечигип жатат. Администрация бул процессти мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө бүтүрүүгө аракеттенүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, администрация жер алдындагы өтмөктүн иштеши менен жер үстүндөгү курулушту демонтаждоо өз-өзүнчө процесстер экенин белгиледи. Алардын айтымында, Чүй проспекти менен Байтик баатыр көчөсүнүн кесилишиндеги курулушту бузуу иштери коопсуздук талаптарын сактоо менен жүргүзүлүүдө. Оор техниканы колдонуу жер алдындагы конструкцияга жана жөө адамдарга коркунуч жаратышы мүмкүн.
"Аймакты көрктөндүрүү маселесине байланыштуу долбоордун администрациясы сугат иштерин жүргүзүү үчүн суу түйүнүнө кошуу өтүнүчү менен муниципалдык кызматтарга бир нече жолу кайрылган. Тилекке каршы, бүгүнкүгө чейин мындай мүмкүнчүлүк түзүлгөн жок. Натыйжада инвестордон көз каранды болбогон техникалык себептерден улам жашыл аймактарды талаптагыдай күтүү азырынча мүмкүн болбой жатат", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле коммерциялык жайлардын жабылышы жүздөгөн ишкерлер менен кызматкерлердин ишине таасир этерин белгилешип, муниципалитет менен инвестордун ортосундагы талаш-тартыштар мыйзам чегинде чечилип, чакан бизнес мындай жагдайдын курмандыгы болбошу керек деген позициясын билдиришти.
Буга чейин Айбек Жунушалиев "Олд Бишкек" соода комплексинин аймагында көчмө жыйын өткөрүп, жер алдындагы өтмөктөгү соода түйүндөрүн мөөр басып жабууну тапшырган.